Исхак Раззаков 16 жылда мекен үчүн өлчөөсүз эмгек жасады. Жапаровдун Баткендеги сөзү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМероприятие по случаю переименования города Исфана Лейлекского района в город Раззаков
Мероприятие по случаю переименования города Исфана Лейлекского района в город Раззаков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2022
Жазылуу
Жапаров кыргызстандыктарды Исфана шаарына XX кылымдагы чыгаан лидерлердин бири, өзүн-өзү тарбиялап дасыктырган улуу инсандын ысымынын ыйгарылышы менен чын жүрөктөн куттуктады. Баткенге президент менен кошо биринчи айым Айгүл Жапарова да барган.
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Лейлек районундагы Исфана шаарынын аталышын Раззаков шаары деп өзгөртүүгө байланыштуу салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

"Бул окуя жалпы кыргыз элинин, өзгөчө Исхак Раззаков атабыздын кичи мекени Баткен облусунун жашоочуларынын эркине эрк кошуучу, мекенчилдик сезимдерин күчөтүүчү негизги факторлордон болору талашсыз чындык", — деген президент.

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Лейлек районундагы Исфана шаарынын аталышын Раззаков шаары деп өзгөртүүгө байланыштуу салтанаттуу иш-чарага катышты.

Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Лейлек районундагы Исфана шаарынын аталышын Раззаков шаары деп өзгөртүүгө байланыштуу салтанаттуу иш-чарага катышты. - Sputnik Кыргызстан
1/5

Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Лейлек районундагы Исфана шаарынын аталышын Раззаков шаары деп өзгөртүүгө байланыштуу салтанаттуу иш-чарага катышты.

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Жапаров жалпы кыргызстандыктарды Исфана шаарына улуттун жана жалпы республиканын алкагында гана саясат жүргүзө билген XX кылымдагы чыгаан лидерлеринин бири, өзүн-өзү тарбиялып, дасыктырган улуу инсандын ысымынын ыйгарылышы менен чын жүрөктөн куттуктаган.

Жапаров жалпы кыргызстандыктарды Исфана шаарына улуттун жана жалпы республиканын алкагында гана саясат жүргүзө билген XX кылымдагы чыгаан лидерлеринин бири, өзүн-өзү тарбиялып, дасыктырган улуу инсандын ысымынын ыйгарылышы менен чын жүрөктөн куттуктаган. - Sputnik Кыргызстан
2/5

Жапаров жалпы кыргызстандыктарды Исфана шаарына улуттун жана жалпы республиканын алкагында гана саясат жүргүзө билген XX кылымдагы чыгаан лидерлеринин бири, өзүн-өзү тарбиялып, дасыктырган улуу инсандын ысымынын ыйгарылышы менен чын жүрөктөн куттуктаган.

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Мамлекет башчы Исхак Раззаков республиканы болгону 16 жыл гана башкарса дагы, бул мезгил аралыгында мекен үчүн өлчөөсүз чоң эмгек жасаганын белгилеген.

Мамлекет башчы Исхак Раззаков республиканы болгону 16 жыл гана башкарса дагы, бул мезгил аралыгында мекен үчүн өлчөөсүз чоң эмгек жасаганын белгилеген. - Sputnik Кыргызстан
3/5

Мамлекет башчы Исхак Раззаков республиканы болгону 16 жыл гана башкарса дагы, бул мезгил аралыгында мекен үчүн өлчөөсүз чоң эмгек жасаганын белгилеген.

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Раззаков Кыргыз ССРинин жетекчилик кызматтарында иштеген мезгилде республика боюнча 59 завод-фабрика, бир нече чакан ГЭСтер курулган.

Раззаков Кыргыз ССРинин жетекчилик кызматтарында иштеген мезгилде республика боюнча 59 завод-фабрика, бир нече чакан ГЭСтер курулган. - Sputnik Кыргызстан
4/5

Раззаков Кыргыз ССРинин жетекчилик кызматтарында иштеген мезгилде республика боюнча 59 завод-фабрика, бир нече чакан ГЭСтер курулган.

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Өлкөнүн жол-транспорт байланыш тармагы өркүндөтүлгөн.

Өлкөнүн жол-транспорт байланыш тармагы өркүндөтүлгөн. - Sputnik Кыргызстан
5/5

Өлкөнүн жол-транспорт байланыш тармагы өркүндөтүлгөн.

1/5

Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Лейлек районундагы Исфана шаарынын аталышын Раззаков шаары деп өзгөртүүгө байланыштуу салтанаттуу иш-чарага катышты.

2/5

Жапаров жалпы кыргызстандыктарды Исфана шаарына улуттун жана жалпы республиканын алкагында гана саясат жүргүзө билген XX кылымдагы чыгаан лидерлеринин бири, өзүн-өзү тарбиялып, дасыктырган улуу инсандын ысымынын ыйгарылышы менен чын жүрөктөн куттуктаган.

3/5

Мамлекет башчы Исхак Раззаков республиканы болгону 16 жыл гана башкарса дагы, бул мезгил аралыгында мекен үчүн өлчөөсүз чоң эмгек жасаганын белгилеген.

4/5

Раззаков Кыргыз ССРинин жетекчилик кызматтарында иштеген мезгилде республика боюнча 59 завод-фабрика, бир нече чакан ГЭСтер курулган.

5/5

Өлкөнүн жол-транспорт байланыш тармагы өркүндөтүлгөн.

Баткенге президент менен кошо биринчи айым Айгүл Жапарова да барган.
Жапаров жалпы кыргызстандыктарды Исфана шаарына улуттун жана жалпы республиканын алкагында гана саясат жүргүзө билген XX кылымдагы чыгаан лидерлердн бири, өзүн-өзү тарбиялап дасыктырган улуу инсандын ысымынын ыйгарылышы менен чын жүрөктөн куттуктаган.
"Бүгүнкү күндө ар бир кыргызстандыктын көкүрөгүндө уялап, көөдөнүнө сиңип, өзүнчө бир дем-күч берип, жаркын келечекке үндөй турган ураанга айланган "Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот" деп таасын айтылган сөз бар. Эртеңки күнгө үмүт байлап, ак ниет кызмат кылуунун эрежесине айланып кеткен бул накыл сөздүн автору Исхак Раззаков атабыздын баскан жолу тууралуу сөз сүйлөөнүн өзү сыймык", — деген Жапаров.
Мамлекет башчы Исхак Раззаков республиканы болгону 16 жыл гана башкарса да бул мезгил аралыгында мекен үчүн өлчөөсүз чоң эмгек жасаганын белгилеген. Раззаков Кыргыз ССРинин жетекчилик кызматтарында иштеген мезгилде республика боюнча 59 завод-фабрика, чакан ГЭСтер курулган. Өлкөнүн жол-транспорт байланыш тармагы өркүндөтүлгөн. Кант — Рыбачье темир жолунун курулушу бүткөрүлүп, республикадагы темир жолдордун жалпы узундугу 368 чакырымга жеткен. Фрунзе — Алма-Ата — Ташкент жолу реконструкцияланган, Ысык-Көл облусунда биринчи жолу суу транспорту, Фрунзе шаарында троллейбус каттамы ачылган.
Президенттин айтымында, Исхак Раззаковдун ишмердүүлүгүндө улуттук кадрларды даярдоо, улуттук интеллигенцияны өстүрүү, улуттук адистерди даярдоо, улуттук искусство адамдарына кам көрүү жана башка улуттун кызыкчылыгы менен тыгыз байланышкан багыттар болгон. Окуучуларга сапаттуу билим берүү, мугалимдердин аброюн көтөрүү, мектеп имараттарын куруу сыяктуу билим берүү тармагындагы иштер Исхак Разаковдун ишинин күн тартибинен түшпөй турган маселелер болгондугун, Элге билим берүү министрлигине өзгөчө мамиле кылгандыгын тарыхчылар таасын белгилеп келе жатышат.
Раззаковдун демилгеси менен улуттун интеллектуалдык потенциалын жогорулатуунун артыкчылыктуу багыттары катары илимий, педагогикалык жана техникалык адистерди даярдоо максатында келечектүү жаштар Москва, Ленинград жана башка илим борборлору катары таанылган шаарлардын белгилүү жогорку окуу жайларына жиберилген. Алардын окуулары менен кошо муктаждыктарына чейин көңүл бөлүү максатында Москвадагы туруктуу өкүлчүлүктүн астында студенттерди колдоо фонду түзүлгөн. Сапаттуу билим алган кыргыз жаштары улуттун эртеңки келечеги экенин жазбай баамдап көрө билгендиги анын көсөмдүгүнөн кабар берет.
Ошондой эле мамлекеттин сыймыгы болуп калган Илимдер академиясынын, мамлекеттик университеттин, Айыл чарба, Политехникалык, Дене тарбия жана спорт, Кыз-келиндер институттарынын, Опера жана балет театрынын, мамлекеттик китепкананын ачылышы Раззаковдун ысымы менен байланыштуу экенин белгилеген.
Өз кезегинде Раззаков өлкөгө сиңирген эмгеги үчүн төрт жолу Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени, Кызыл Жылдыз ордени, биринчи даражадагы Ата Мекендик согуш ордени менен сыйланган, 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы ыйгарылган.
Жапаров Исфана шаарына Исхак Раззаковдун ысымын ыйгаруу маселеси улуу инсандарга таазим кылып, алардын атын түбөлүккө калтыруу максатындагы иш-аракеттердин башаты экенин белгилеген.
"Исфана шаарын Раззаков шаары деп кайра атоо улуттук идеологияны чындоого, жарандарды руханий-адептик тарбиялоону сапаттык деңгээлге көтөрүүгө, өлкөбүздүн бүтүндүгүн, элибиздин биримдигин бекемдөөгө чоң түрткү берет деп ишем", - деген ал.
Бул окуя жалпы кыргыз элинин, өзгөчө Раззаковдун кичи мекени Баткен облусунун жашоочуларынын эркине эрк кошуучу, мекенчилдик сезимдерин күчөтүүчү негизги факторлордон болору талашсыз чындык экенин айткан. Мамлекет башчынын сөзүнөн кийин куран окулган.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Президент Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2022
Садыр Жапаров Нооруз майрамын Баткенден тосот
Жаңылыктар түрмөгү
0