Ноорузда 6000ден ашуун милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөйт

© Фото / пресс-служба МВД КРБишкектеги милиция кызматкерлери. Архив
Бишкектеги милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2022
Жазылуу
Республикада Нооруз майрамын белгилөөнүн алдында ИИМ коопсуздук чараларын күчөтүп, маанилүү объектилер кайтарууга алынат.
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Ички иштер министрлиги ички курам 20-21-март күндөрү күчөтүлгөн режимде иштеп, коомдук тартипке 6000ден ашуун кызматкер көз саларын билдирди.
Маалыматта Нооруз майрамын өткөрүү алдында коомдук тартипти сактоо үчүн бир катар ыкчам-профилактикалык иштерди жүргүзүү менен коопсуздук чараларын күчөтөрү белгиленген.
"Ички иштер министрлиги жана анын жергиликтүү аймактык бөлүмдөрү тарабынан бул майрамды белгилөөгө арналган маданий иш-чараларды даярдоодо жана өткөрүүдө коомдук тартипти, элдин коопсуздугун талаптагыдай камсыздоого, маанилүү объектилерди коргоого, мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюуга багытталган уюштуруучулук жана практикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул үчүн министрликтин атайын буйругу чыккан", — деп жазылат билдирүүдө.
Учурда Ички иштер башкармалыгынын бардык бөлүмдөрүндө коомдук тартипти жана жарандар менен жол кыймылы коопсуздугун камсыздоого тартылган күчтөрдүн, ошондой эле ага кеткен каражаттардын эсеби түзүлгөн.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Национальная конная игра в Баткене - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2022
Баткенде Ноорузду утурлай ат оюндары өтүүдө. Сүрөт
Бишкекте Нооруз майрамдоо учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2022
Бишкекте Ноорузда өтө турган майрамдык программа жарыяланды
Жаңылыктар түрмөгү
0