Исфана шаарынын аталышы Раззаков болуп өзгөрдү. Мыйзамга президент кол койду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2022
Жазылуу
Мыйзамдын максаты — көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун ысымын түбөлүк калтыруу.
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Исфана шаарын Раззаков шаары деп кайра атоо жөнүндө" мыйзамына кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Мыйзамдын максаты — көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун ысымын түбөлүк калтыруу. Ошондой эле улуттук идеологияны чыңдоо, тарыхый салттардын жана баалуулуктардын негизинде жарандарды руханий-адептик тарбиялоо болуп саналат.
Белгилей кетсек, президент өткөн жылы Исфана шаарын өзгөртүп, ага мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун ысымын берүүнү демилгелеген. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары 16-март күнү шаардын атын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун үч окууда жактырган.
Мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2021
Кыргызстанда Исхак Раззаков атындагы шаар пайда болот
Жаңылыктар түрмөгү
0