https://sputnik.kg/20220316/buu-planetadagy-olum-ordolorun-atady-1062877310.html
БУУ планетадагы "өлүм ордолорун" атап, алардын көбөйүшү боюнча коңгуроо какты
БУУ планетадагы "өлүм ордолорун" атап, алардын көбөйүшү боюнча коңгуроо какты
Sputnik Кыргызстан
Кирдеген райондордо миллиондогон адам жашайт. Алардын бир тобу инсульттан, жүрөк жана дем алуу органдарынын оорусунан, рактан жабыркашкан. 16.03.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-03-16T10:02+0600
2022-03-16T10:02+0600
2022-03-16T10:04+0600
дүйнөдө
акш
румыния
буу
экология
өлүм
https://sputnik.kg/img/07e6/01/17/1061462324_0:358:3002:2047_1920x0_80_0_0_8819d9283028b6f1d0973ec6189dac02.jpg
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Дүйнөдө жаратылыштын булганышынан улам экология жабыркап, адамга зыянын тийгизген, "өлүм ордолору" деп аталган жерлер көбөйүп жатат. Бул тууралуу The Guardian басылмасы БУУнун адам укуктары жана айлана-чөйрө боюнча өкүлү Дэвид Бойддун докладына таянып жазды.Кирдеген мындай аймактарда миллиондогон адам өмүр кечирип келет. Көптөр инсультка, жүрөк жана дем алуу органдарынын оорусуна, ракка кабылган. Абадагы оор металлдардан, башка коркунучтуу заттардан улам акыл-эси, психикалык саламаттыгы жабыркаган.Ал өтө эле кирдеген райондордун ичинен Луизиана (АКШ) штатындагы "рак аллеясын" бөлүп көрсөттү. Аталган жерде мунайды кайра иштетүүчү жана нефтихимиялык 100дөн ашуун заводдор иштейт. Кооптуу жерлер деп андан сырткары Замбиядагы Кабве шаарын, Румыниядагы Пата Рат таштандысын, Франциядагы Гваделупа, Мартиника аймактарын атаган.
https://sputnik.kg/20220218/adamzatka-emne-kooptuuluktar-zharalyp-zhatkan-aytyldy-1062144077.html
акш
румыния
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/01/17/1061462324_137:0:2866:2047_1920x0_80_0_0_b21d97e93b23f366f69344a9da0270ed.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, румыния, буу, экология, өлүм
дүйнөдө, акш, румыния, буу, экология, өлүм
БУУ планетадагы "өлүм ордолорун" атап, алардын көбөйүшү боюнча коңгуроо какты
10:02 16.03.2022 (Жаңыртылды: 10:04 16.03.2022) Кирдеген райондордо миллиондогон адам жашайт. Алардын бир тобу инсульттан, жүрөк жана дем алуу органдарынын оорусунан, рактан жабыркашкан.
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Дүйнөдө жаратылыштын булганышынан улам экология жабыркап, адамга зыянын тийгизген, "өлүм ордолору" деп аталган жерлер көбөйүп жатат. Бул тууралуу
The Guardian басылмасы БУУнун адам укуктары жана айлана-чөйрө боюнча өкүлү Дэвид Бойддун докладына таянып жазды.
Кирдеген мындай аймактарда миллиондогон адам өмүр кечирип келет. Көптөр инсультка, жүрөк жана дем алуу органдарынын оорусуна, ракка кабылган. Абадагы оор металлдардан, башка коркунучтуу заттардан улам акыл-эси, психикалык саламаттыгы жабыркаган.
"Айлана-чөйрөнүн олуттуу кирдеши 9 миллион өмүрдү мезгилинен эрте алып кетти. Бул COVID-19 адамзатты аралаган пандемиянын алгачкы бир жарым жылдык мөөнөтүндө көз жумгандардан эки эсе көп. Негизинен "өлүм ордолору" ошол аймактагы өнөр жай ишканаларынын иштешинен пайда болгон", — деди Бойд.
Ал өтө эле кирдеген райондордун ичинен Луизиана (АКШ) штатындагы "рак аллеясын" бөлүп көрсөттү. Аталган жерде мунайды кайра иштетүүчү жана нефтихимиялык 100дөн ашуун заводдор иштейт. Кооптуу жерлер деп андан сырткары Замбиядагы Кабве шаарын, Румыниядагы Пата Рат таштандысын, Франциядагы Гваделупа, Мартиника аймактарын атаган.
18 Бирдин айы 2022, 11:03