Бишкектин бир көчөсү 17-мартта оңдоо үчүн жабылат

© пресс-служба мэрии города БишкекЖол оңдоо иштери. Архив
Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2022
Жазылуу
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Бишкекте 17-марттан тарта оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн Садыбакасов көчөсү жабылат. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматка караганда, Садыбакасов көчөсүнүн Эр-Тайлактан Арча-Бешик конушундагы Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Ал эми Чортеков альтернативдүү көчө болмокчу.
Жол Кытай берген гранттык каражаттын эсебинен оңдолот.
Жаңылыктар түрмөгү
0