Кыргызстанда доллардын курсу кантип аныкталат? Түйшөлткөн 7 суроого жооп

© Sputnik / Жоомарт УраимовСом жана долларлар. Архив
Сом жана долларлар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Жазылуу
Республикада доллардын куну кандайча аныкталып, рублден канчалык көз каранды? Бул суроолорго жоопту Sputnik даярдаган материалдан алууга болот.
24-февралдан бери доллардын курсу кескин көтөрүлүп, андан соң акырындап түшүп, ал эми дүйшөмбү күнү кайрадан өсүп кетти. Андыктан биз козгоп жаткан тема учурда абдан актуалдуу.

Доллар курсу эмнеге мынча маанилүү?

Биринчиден, Кыргызстан импорттон көз каранды. Сырттан келчү азык-түлүктүн басымдуу бөлүгү доллар менен алынат. Эгер курс көтөрүлсө, товардын доллар менен көрсөтүлгөн баасы жогорулабаса да сомдук нарк баары бир көтөрүлөт.
Экинчиден, азык-түлүктүн көбү, мисалы, рубль менен алынган күндө да (алсак, суу май) алар биржалык товар болуп саналып, баасы доллар менен бекитилген наркка байланган. Бул тууралуу Жеткирүүчүлөр ассоциациясынын башчысы Гүлнара Ускенбаева айтып берген.
© Sputnik / Усенбаева ТаалайгульЖеткирүүчүлөр ассоциациясынын башчысы Гүлнара Ускенбаева
Президент Ассоциации поставщиков Кыргызстана Гульнара Ускенбаева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Жеткирүүчүлөр ассоциациясынын башчысы Гүлнара Ускенбаева
Үчүнчүдөн, мамлекеттик карыз боюнча төлөмдөр. Бюджеттин кирешесинин басымдуу бөлүгү сом менен белгиленгенине карабастан, тышкы карызды негизинен доллар менен кайтаруу керек. Башкача айтканда, курстун жогорулашы сомдук эквивалент менен алганда көбүрөөк сумманын жумшалышын шарттайт.

Курс кантип аныкталат?

Кыргызстандын Улуттук банкы өлкөдө валютанын курсу эркин экенин, суроо менен сунуштун негизинде аныктала турганын айткан. Башкача айтканда, доллар тартыш болсо курс жогорулайт, ашкере көп болуп кетсе төмөндөйт. Бирок бул Улуттук банк баарын жайына коюп койду дегенди түшүндүрбөйт. Зарылдык жаралган учурда курска таасирин тийгизе турчу интервенцияларды жасап келет.

Эл валюта курсуна таасир эте алабы?

Ооба, талап күч болсо доллардын курсу жогорулай баштайт. "Альянс" деп аталган акча алмаштыруу жайларынын ассоциациясынын төрагасы Думан Рыскулов буга мисал келтирген:
© Фото / из личного архива Думана Рыскулова"Альянс" деп аталган акча алмаштыруу жайларынын ассоциациясынын төрагасы Думан Рыскулов
Заместитель председателя Ассоциации обменных бюро Альянс Думан Рыскулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
"Альянс" деп аталган акча алмаштыруу жайларынын ассоциациясынын төрагасы Думан Рыскулов
"Курс 30 сомдон 35 сомго көтөрүлгөндө элдин баары доллар сатып ала баштаган. Андан соң Улуттук банк 34 сомдон сатып, абалды жөнгө салган. Мындай кадам курс жогорулаган сайын жасалып келди", — деп түшүндүрдү Рыскулов.

"Курсту кармап турушат..."

Рыскулов былтыр декабрда "доллардын курсуна Улуттук банк көзөмөл жүргүзүп турарын" айткан. Ал кезде америкалык валюта 84,9 сом болчу. Ассоциация жетекчисинин айтымында, эгер интервенция болбосо доллар кеминде эле 87 сомго көтөрүлүп кетмек.
Курстун атайылап кармалып турганын башка бир катар эксперттер да айтышкан, канткен күндө да айтылган кептин чындыгы бар сыяктуу. Бирок Улуттук банк өлкөдө валюта курсу эркин экенин айтып, валюта секириктерин жөнгө салуу үчүн интервенция жасап турарын кошумчалаган.

Интервенция кайсы акчанын эсебинен жасалат?

Улуттук банк интервенцияларды эл аралык резервинин (валюта-алтын) эсебинен жасайт. Бүгүн, 28-февралда, банк резервдин көлөмү жетиштүү экенин айтып, жарым жылга чейин товар менен кызматты импорттоого жетерин билдирди. 26-февралга карата Улуттук банктын эл аралык резерви 2 миллиард 768 миллион доллар болчу. Бирок резерв жалаң эле доллардан турбайт, куржунда ондон ашуун валюта, SDR (Эл аралык валюта фондунун жасалма резервдик жана төлөм системасы) жана алтын бар.
SWIFT системасынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
SWIFT: Кыргызстандын банктары кыйчалыш абалга кептелбейби? УБнын жообу

Рублдин курсу сомго кандай таасир этет?

Улуттук банк Россия менен Казакстан улуттук валюталарынын сомго түз таасири жок экенин бир нече ирет айткан. Бирок кыйыр таасири баары бир бар. Буга өткөн бейшемби күнү рублдин олку-солкулугу далил болду.
"Россия Кыргызстандын негизги соода-экономикалык өнөктөшү, ал эми өнөктөш мамлекеттердин экономикасындагы өзгөрүү республиканын валюта рыногундагы абалга кыйыр таасир тийгизиши мүмкүн", — деп түшүндүргөн Улуттук банк.
Эскерте кетсек, 24-февраль күнү рубль кескин арзандап, андан соң сомдун куну да төмөндөй баштаган. Жума күнү эки валюта долларга карата позициясын жакшырткан болчу. Мындай учурлар көп кездешкен, ошол эле 2020-жылдын мартында рублдин артынан сомдун да куну түшүп кеткен. Бирок Россияда доллар кымбаттап, Кыргызстанда мурдагы абалында калган учурлар да бар.

Кыргызстандын финансы рыногундагы ири оюнчулар

1990-жылдардан бери валюта курсу Моссоветте аныкталары, ал жактагы акча алмаштыруучу жайлар негизги оюнчулар экени айтылып келет. Бирок акча алмаштыргандар валюта рыногунун азганактай гана үлүшүн ээлей турганын, баарынын каражатын кошкондо "чакан банктын бир филиалынын" каражатына араң тең келерин айтышат.

Кыргызстан үчүн кайсы курс ыңгайлуу?

Жооп айдан ачык. Төмөн курс — бул импорттолчу товарлардын арзан баасы жана мамлекеттик карызды тейлөөдө бюджетке анча оорчулук келбеши. Бирок төмөн курстун товар экспорттоодо терс жагы бар, бул өзгөчө негизги соода өнөктөш болгон Казакстан менен Россиянын улуттук валютасы төмөн болгондо билинет. Кыргызстандын товарлары кымбаттап, алардын баарын рубль менен теңгеге которо келгенде сом атаандаштыкты анча көтөрө албай калат.
Россиянын Борбордук банкы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын борбордук банкы негизги ченди 20 пайызга чейин көтөрдү. Себеби
Жаңылыктар түрмөгү
0