Мамдума: Россиянын эл аралык резервине санкция киргизүү уурулукка жатат

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүРоссиянын мамлекеттик думасынын имараты. Архив
Россиянын мамлекеттик думасынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2022
Жазылуу
Америкалык администрациянын өкүлү АКШ менен анын союздаштары Россиянын Борбордук банкынын эл аралык финансылык операцияларда рублдин курсун колдоп турган мүмкүнчүлүгүн чектөөнү пландап жатканын билдирген.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Россиянын эл аралык резервине санкция киргизебиз деп коркуткан Батыштын мындай аракети бирөөнүн мүлкүн уурдоого жатат. Бул тууралуу Мамдуманын финансы рыногу боюнча комитетинин жетекчиси Анатолий Аксаков билдиргенин РИА Новости жазды.
Буга чейин Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен Евробиримдик АКШ, Улуу Британия жана Канада менен биргеликте Россиянын Борбордук банкынын активдерин тоңдуруп коёрун билдирген. Ал эми америкалык администрациянын өкүлү АКШ менен анын союздаштары Россиянын Борбордук банкынын эл аралык финансылык операцияларда рублдин курсун колдоп турган мүмкүнчүлүгүн чектөөнү пландап жатканын айткан.
© Фото / пресс-служба Государственной Думы РФ / Медиабанкка өтүүПленарное заседание Госдумы РФ
Пленарное заседание Госдумы РФ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2022
Пленарное заседание Госдумы РФ

“Бул чындыгында кол салууга жана бирөөнүн мүлкүн уурдоого жатат. Биз дүйнөлүк экономиканын ажырагыс бир бөлүгүбүз. Мындай кадам финансылык "артерияны" кесип салганга барабар. Ошондуктан экономикалык "организм" үчүн оор болот”, — деди Аксаков.

Борбордук банктын маалыматына караганда, 18-февралга карата Россиянын эл аралык резервдери 643,2 миллиард долларга жетип, тарыхый рекордду жаңылады. Борбордук банктын валюталык резерви боюнча маалымат жарым жылда бир жолу ачыкталат. 30-июнда активдердин үлүшүнүн долларлык жалпы портфели 16,4 пайызды, евро - 32,3 пайызды, юань - 13,1 пайызды, фунт стерлинг - 6,5 пайызды, башка валюталар – 10 пайызды түзгөн. Алтындын үлүшү 21,7 пайызга жеткен.
Жекшемби күнү Россиянын банкы финансылык туруктуулукту кармап турууга ресурстары жетиштүү экенин жана финансылык сектордогу операциялардын тынымсыз иштөөсүн камсыздай аларын билдирген.
Дүйнөдөгү банктар аралык финансылык телекоммуникациялар коому (SWIFT)  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: SWIFT Европа өлкөлөрүнүн санкция боюнча чечимин аткарууга даяр
Россия президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин россиялык армиянын күчтөрүн өзгөчө режимге өткөрүүнү тапшырды
Жаңылыктар түрмөгү
0