Жомок айтып жатасыз. Депутат министрди сындаса, Жапаровдун жообу күлкүгө салды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев
Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2022
Жазылуу
Депутат Айыл чарба министрлигин жоюп салуу керектигин айтып чыккан.
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун жазгы талаа иштери тууралуу жасаган докладын жомок катары сыпаттады.
"Айыл чарба министрлигинин иши нөл. Азыр Аскарбек Сапарбекович 14 мүнөт доклад жасап жомок айтты. XVIII кылымда Ханс Кристиан Андерсен деген жазуучу өткөн. "Гадкий утёнок", "Дюймовочка", "Русалочка" деген абдан сонун жомокторду жазган. Ошол жомоктордой болду. 30 жылдан бери жомок угуп келе жатабыз. Акылбек Үсөнбекович, Айыл чарба министрлигинде бир баш кой, тоок жок же бир сотых жерге эгин эгишпейт. Анан бул министрликтин эмне кереги бар? Штаты 11 118, бюджети 54 миллион сом экен", — деп кайрылды депутат.
Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Ошол Ханс Кристиан Андерсен айткан "Гадкий утёноктон" таптатынакай "Белая лебедь" болуп калабы деп быйыл болгон акчабызды берип жатпайбызбы", — деп тамаша менен жооп берди эле залда отургандардын баары күлүп жиберди.
Ошол эле учурда министрликти таптакыр эле талаага таштап салуу болбой турганын белгиледи.
"Адам операцияга киргенде дагы аябай чоң вольт менен ток бергенде жүрөгү иштеп кетет экен. Мына ошондой мүмкүнчүлүктү быйыл Айыл чарба министрлигине берип жатабыз. Баары ордуна туруп кетер деп 35 миллиард сомго жакын акча бөлдүк", — деди Жапаров.
Андан соң Токторбаев аянты Жалал-Абад облусу менен барабар болгон Голландия дүйнө жүзүн гүл менен камсыздай турганын, Грециянын айыл чарба министрлиги дыйкандардын өндүрүмүн толугу менен сатып аларын мисал келтирди. Андыктан ушул сыяктуу ыкмаларды колдонууну сунуштап, министрликтин ишин илгерилетүүгө чакырды.
Жогорку Кеңештин жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2022
Оозу жабылып отурушат. Депутаттар ЕАЭБдеги кыргыз министрлерин сынга алды
Жаңылыктар түрмөгү
0