Оозу жабылып отурушат. Депутаттар ЕАЭБдеги кыргыз министрлерин сынга алды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин жыйыны. Архив
Жогорку Кеңештин жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2022
Жазылуу
Эл өкүлдөрү Россияда мигранттарды медициналык текшерүүдөн өткөрүү талабы тууралуу бир топ кайрылуулар түшкөнүн билдирди.
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Россияда жаңы мыйзамдын күчүнө кириши кыргызстандык мигранттарды бир топ түйшүккө салганын айтып чыгышты. Бул багытта өлкөнүн кызыкчылыгын коргобогону үчүн ЕАЭБде отурган кыргыз министрлерин сынга алышты.
Белгилей кетсек, узаган жылдын 29-декабрында Россияга келген мигранттарга медициналык текшерүүдөн, ошондой эле манжа изин каттоодон өтүү жана сүрөткө тартуу талабы коюлган.
Эл өкүлү Дастан Бекешев медициналык кароонун акысы 6000 миң сом болорун, текшерилүү үчүн миңдеген адам кезек күтүп отурганын билдирди.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Дастан Бекешев
Депутат Дастан Бекешев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2022
Депутат Дастан Бекешев
"Квартал сайын медициналык кароодон өтүш керек экен. Урматтуу төрага, жакында Россияга иш сапарга бара жатасыз, ушул маселени көтөрсөңүз жакшы болот эле. Мамлекет башчы дагы Россиянын президентине кайрылып ачык эле айтыш керек. Мигранттар таптакыр эле кетиш керекпи же кандай болот? Болбосо кош жарандуулук боюнча макулдашуу түзөлү. Азыр мекендештер кичине эле мыйзамды бузса да кара тизмеге кирип калат экен", — деди Бекешев.
Ал эми Бакыт Төрөбаев Кыргызстан ЕАЭБге киргенде товар жүгүртүү, жумушчулардын кыймылы, капитал жана кызмат көрсөтүү жаатында төрт эркиндик алганын эске салды.
© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Бакыт Төрөбаев
Депутат Жогорку Кенеша Бакыт Торобаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2022
Депутат Бакыт Төрөбаев
"ЕАЭБдеги келишимдерди бир сыйра карап койсок. Казакстандан биздин ишкерлердин товары өтпөй жатат. Россия медициналык кароодон өтүш керек деген жана башка шылтоолор менен мигранттарга чектөө коюуда. Кыргызстанга акча которуу үчүн чектөөлөр бар. Кызматы жок кезде аябай кооз сөздөрдү сүйлөп жүргөн ЕЭКтеги эки министрибиздин үнү чыкпай калды. Алардын бири так ушул бажы багытында министр болуп отурат. Ушул маселелерди көтөрүш керек, адеп эле кыйнала беребизби", — деп кайрылды Төрөбаев.
ЖКнын Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Жанар Акаев бул көйгөй тууралуу Мамдуманын тиешелүү комитетинин төрагасы Леонид Калашниковго кат жолдогонун айтты. Ошондой эле ал ЕАЭБдеги кыргыз министрлери убагында коңгуроо какканда мындай кыйынчылык жаралмак эмес деген пикирин билдирди.
© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жанар Акаев
Депутат Жогорку Кенеша Жанар Акаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2022
Депутат Жанар Акаев
"Урматтуу төрага, сиз дагы делегация менен 20-февралда Россияга барасыз. Вячеслав Володин мырза менен жолугушууда бул эң негизги маселелердин бири болуп каралат деп ойлойм. Бакыт Эргешович айткандай, ЕАЭБде бир канча министр, өкүлдөрүбүз айлык алып отурушат. Ошол мыйзамды Мамлекеттик дума карап жатканда "Бул ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө тиешеси жок" деп киргизип коюш керек эле. Ушул бир гана сүйлөм менен миңдеген мигранттарыбыздын кабатырлануусуна чекит коймокпуз. Партия лидерлери, мурда Кыргызстанды минтип оңдош керек деп акыл үйрөткөндөр ошол жактан кызмат алгандан кийин оозу жабылып отурушат. Алар ушундай маселени караш керек эле, керек болсо парламентке чакырып сурайлы. Убагында коңгуроо каккан эмес да", — деди Акаев.
Соңунда спикер Талант Мамытов россиялык кесиптеши менен жолугушууда аталган маселени сөзсүз түрдө көтөрүп чыгарын убадалады.
Манжа изин алуу. Архивдик сурөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2021
Россияда эми чет элдиктерди сүрөткө тартып, манжа изин алат. Кимге тиешелүү
Жаңылыктар түрмөгү
0