Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Исраилов: турфирмаларга саякаттоого ылайыктуу жерлердин 15 пайызы гана белгилүү

© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Үлүш Трэвел" туристтик агенттигинин негиздөөчүсү Улугбек Исраилов
Үлүш Трэвел туристтик агенттигинин негиздөөчүсү Улугбек Исраилов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2022
Жазылуу
"Үлүш Трэвел" туристтик агенттигинин негиздөөчүсү Улугбек Исраилов Кыргызстанда туристтерди тейлеген он чакты жоопкерчилиги чектелген коом бар экенин айтты.
2019-жылы Кыргызстанга келген чет өлкөлүк (Россия, Казакстан, Өзбекстан, Франция, Италия, Германия, Сауд Аравиясы) туристтер көп болчу. Ошол учурда өлкөгө жети миллион турист келген. 2020-жылы эс алуучулардын саны кескин азайды. Ал эми 2021-жылы кайрадан туристтердин саны өсүп, эки миллион киши келип кетти. Бул тууралуу Улугбек Исраилов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Исраилов: турфирмаларга саякаттоого ылайыктуу жерлердин 15 пайызы гана белгилүү
Анын айтымында, пандемиядан улам өлкө аралык каттамдарга чектөө киргенден кийин ички туризм өнүгө баштады.
"Биздин жарандар мурда саякаттоого чыга беришчү эмес. Анткени тоого барып эс алыш үчүн акча төлөймүнбү деген түшүнүк болгон. Мүмкүнчүлүгү барлар Түркия, Дубай өңдүү мамлекеттерге чыгып келишчү. Пандемиядан улам өлкө аралык каттамдарга чектөө киргенден кийин ички туризм өнүгө баштады. Учурда бир күндүк кыска турлар популярдуу. Эң арзан турдун баасы 600-1000 сом (мисалы, Ала-Арчага барып келүү) турат. Анын ичине автоунаа, гид кирет. Азыр суроо-талапка ылайык автоунаа жакшыртылып, тамак-аш кошулгандыктан баалар 50-100 сомго көтөрүлдү. Эң кымбат тур 3-4 күндүк саякаттоо (Сары-Челек, Көл-Суу) болуп саналат. Тур-пакеттин баасы 4-5 миң сом турат. Кыргызстандык эс алуучулардын басымдуу бөлүгү шаардын тургундары. Туристтик агенттиктер Кыргызстандагы саякаттоого ылайыктуу жерлердин 15 пайызын гана билет. Саякатчылар, турфирмалардын башчылары чогулуп картадан жаңы жерлерди издеп, ошол аймактарды барып көрүп келебиз. Туристтер барчу жаңы жерлер ушинтип ачылат. Бирок барууга татаал болгон Мерцбахер көлү өңдүү жерлер бар. Алсак, бул көлгө барыш үчүн 1000 доллар керектелет. Себеби Борбордук Тянь-Шандын Хан-Теңири тоосунун батыш капталындагы жайгашкан бийик тоо көлүнө атайын даярдык көрүп, тик учак менен гана барууга мүмкүн. Мындай оор турлар чет элдик туристтерге сунушталат", — деди Исраилов.
Ал 2023-жылдары Кыргызстанга 10-15 миллион турист келиши күтүлүп жаткандыктан, аларды тосуп алуу үчүн шарттарды жакшыртып, кызматтарды көбөйтүү зарылдыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0