Ошто аялды кыйнап өлтүрүүгө шектелген киши 11 жылдан кийин Москвадан кармалды

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүПолиция кызматкерлери шектүүнү кармоо учурунда. Архив
Полиция кызматкерлери шектүүнү кармоо учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.01.2022
Жазылуу
Тергөөнүн маалыматына караганда, 2010-жылдын май айында криминалдык чөйрөдөгү адамдар аялдын үй алуу үчүн ири суммада акчасы бар экенин билип калып аны өлтүрүп салышкан.
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Ошто аялды мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген 34 жаштагы А.Т. 11 жылдан кийин Россиянын аймагынан кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалыматка караганда, 2010-жылдын 17-июнунда Араван райондук ИИБге Дадахан айылындагы пахта талаасынын жанында 25-30 жаштар чамасындагы аялдын сөөгү жатканы боюнча маалымат түшкөн. Милиция аял 2010-жылдагы июнь окуяларында курман болушу ыктымал деген версияны караган. Бирок кароо учурунда аялдын денесинен кыйноо белгилери байкалган. Соттук-медициналык экспертиза анын баш сөөгү менен кабыргалары сынганын аныктаган. Териштире келгенде маркум Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Транспорт каражаттарын каттоо департаментинде иштеп келген 1980-жылкы Алия Темирбаева экени аныкталган.
Тергөөнүн маалыматына караганда, 2010-жылдын май айында криминалдык чөйрөдөгү адамдар аялдын үй алуу үчүн ири суммада акчасы бар экенин билип калышкан. Кылмышкерлер аялдын ишенимине кирип, 10-июнь күнү алдоо жолу менен эл жок жакка алып барышкан. Ага күч колдонуу менен коркутуп 10 миң доллар талап кылышкан. Бирок максатына жетпегендиктен алар аялдын алтын-күмүш зер буюмдарын тартып алып, өлтүрүп салышкан дагы, сөөгүн Кара-Суу районундагы каналга ыргытышкан. Маркумдун сөөгү бир жумадан кийин табылган.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын алкагында үч адам кармалган. Алардын бири 25 жылга (эркек), экинчиси 18 жылга (аял), үчүнчүсү (эркек) кылмышты жаап-жашырганы үчүн үч жылга соттолгон. Кылмыштын дагы бир активдүү мүчөсү изин жашырууга жетишкен. Мындан улам ага эл аралык издөө жарыяланган.
2022-жылдын январь айында Араван РИИБине издөөдөгү жарандын болжолдуу жүргөн жери боюнча ыкчам маалымат түшкөн. Бул боюнча ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө кабар берилген. Натыйжада 21-январда 34 жаштагы А.Т. кармалып, Москва шаарынын аймактык сотунун чечими менен тергөө абагына киргизилген. Учурда аны Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси чечилип жатат.
Случаи нападения с ножом - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
Карыз акчадан улам чыр чыккан. Аламүдүндө киши өлтүрүүгө шектелген адам кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0