Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Асанбаева: Жумгал жана Кадамжайдагы 100 долбоорго 100 миң сомдон бөлүндү

© Sputnik / Асель СыдыковаЭмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн башкы адиси Саида Асанбаева
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн башкы адиси Саида Асанбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2022
Жазылуу
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн башкы адиси Саида Асанбаева БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан социалдык келишимди ишке киргизүү долбоору ишке ашып жатканын белгиледи.
Жакырчылыкты жоюу, чакан ишкерликти өнүктүрүүгө багытталган долбоор иштей баштады. Анын алкагында Жумгал жана Кадамжайдагы 100 долбоорго 100 миң сомдон бөлүнүп берилди. Бул тууралуу Саида Асанбаева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Асанбаева: Жумгал жана Кадамжайдагы 100 долбоорго 100 миң сомдон бөлүндү
Анын айтымында, аталган долбоор 2018-жылы Кыргызстан менен БУУнун ортосунда түзүлгөн меморандумдун негизинде ишке ашууда.
"БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы өлкөдө 2018-жылдан бери иштеп келет. 2021-жылга чейин жалпы 23 миллион сомго беш миңдей долбоор ишке ашырылды. Ушу тапта жарандарды иш менен камсыз кылуу үчүн сынамык иретинде атайын долбоор иштеп жатат. Максаты — чакан ишкерликти өнүктүрүүгө жана жаңы иш орундарын түзүүгө түрткү берүү. Ал 2021-жылдын декабрында башталып, ушул жылдын июлунда аяктайт. Бул жөлөк пулдан көз карандуулукту азайтып, жарандардын өз алдынча аракет кылуусу үчүн ишке ашырылууда. Анткени айрым учурларда балага арналган жөлөк пул бүтүндөй үй-бүлөнүн муктаждыктарына колдонулууда. Ошондуктан пассивдүүлүктөн чыгып, активдүү чараларды көрүү аракети жүрүүдө. Долбоорго ылайык, Жумгал, Кадамжай райондорунан 50дөн долбоор тандап алынып, ар бирине 100 миң сомдон каражат бөлүндү. Алардын ичинде күнөскана иштетүү, мал чарбачылыгы багытында, текстилдик ишкана ачуу сыяктуу долбоорлор бар. Каражат менен бирге алар бизнес-план түзүү, ишкерликти жүргүзүү боюнча окутулду. Бул долбоор жакшы натыйжаларды көрсөтө турган болсо республика боюнча киргизүү мерчемделүүдө", — деди Асанбаева.
Ошондой эле ал бөлүнгөн каражат бир жолку төлөм катары эсептелип, жарандардын жөлөк пулунун суммасына таасирин тийгизбей турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0