Садыр Жапаров Салык кодексине кол койду. Андагы жаңы учурлар

© Sputnik / Жоомарт УраимовСалык кодексин жаңы редакциясы
Салык кодексин жаңы редакциясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2022
Жазылуу
Салык боюнча жаңы документте чет өлкөлүк компаниялардан кошумча нарк салыгын алуу ишке киргизилүүдө.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Салык кодексине кол койгондугун мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
Аталган документти Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 22-декабрында кабыл алган.
Салык кодекси салык системасынын туруктуулугун камсыздоо, салыктарды администрациялоону оптималдаштыруу, салыктык жол-жоболорду санариптештирүү, ишкерликти жүргүзүүдө бирдей шарттарды түзүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу максатын көздөйт.
Маалыматта кодекс менен салык салууга карата негизги эки ыкма каралганы белгиленген. Алар:
Пайда салыгы, сатуу салыгы, кошумча нарк салыгы (КНС) сыяктуу негизги салыктар каралган жалпы салык режими. Жалпы салык режимин жүгүртүүсү 30 миллион сомдон жогору болгон ири бизнес субъектилери тарабынан колдонулат;
бирдиктүү салыктын негизинде жеңилдетилген салык салуу системасы. Бул режим түшкөн акчанын көлөмү жыл ичинде 30 миллион сомдон ашпаган чакан жана орто ишкерлик субъектилерине жайылтылат.
Мындан сырткары, кодексте электрондук коммерцияга салык салуу 2 пайыз өлчөмүндө каралган. Ошондой эле чет өлкөлүк компаниялардан КНС алуу ишке киргизилүүдө (мисалы, GOOGLE ж. б.).
Ишкерлик жүргүзүү шарттарын теңдештирүү жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында өндүрүш үчүн сатуудан алына турган салыктын ставкасы 1 пайыз өлчөмүндө каралган.
"Кодекске ылайык, жеңилдиктер мөөнөттүк негизде жана натыйжалуулугуна баа берүү менен берилет. Баа берилүүгө тийиш болгон салыктык жеңилдиктердин тизмеси, ошондой эле салыктык жеңилдиктеринин баалоо тартиби жана түрлөрү министрлер кабинети тарабынан бекитилет", — деп айтылган таратылган маалыматта.
Ошону менен бирге кодекс менен төмөнкү тармактар боюнча салыктык жеңилдиктер каралат:
тигүү тармагы (5 жылга бирдиктүү салык — 0,25 пайыз өлчөмүндө);
зергерлик тармагы (зер буюмдардын өндүрүүчүлөрүнө 5 жылга КНС боюнча жеңилдиктер);
авиациялык тармак (убактылуу ташып келүүлөргө КНС боюнча жеңилдиктер);
электробустарды КНСтен бошотуу.
"Экономикалык ишмердикти жүргүзүү үчүн аянтты ижарага берген субъект, анын ичинде базарларда (кичи базарларда) жана соода борборлорунда (үйлөрдө) соода орундарын бергендер ижарачыларда ККМ болушу тууралуу талапты ижара келишиминде белгилөөгө милдеттүүлүгү каралган", — деп белгиленген анда.
Мындан тышкары, сатылып алынган товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө берилген кассалык чектерде көрсөтүлгөн кыйыр салыктардын суммасын кайтарып берүү (cashback) каралган.
Салыктык карыздардын төлөнүшүнө дем берүү максатында негизги карызды жана туумдардын, санкциялардын калган 50 пайызын толук төлөгөн учурда аларды 50 пайызга кыскартуу белгиленген.
Экспорттоочу ишканалар үчүн КНСти кайтарып берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн механизми киргизилген. Бул тартип алты ай аралыгында 50 пайыздан ашык көлөмүн экспортко чыгарган ишканаларга колдонулары айтылган.
Ошондой эле Кодекс менен салыктык текшерүүнү "аралыктан көзөмөлдөө" жүргүзүү боюнча жаңы ыкмалар киргизилип жатканы да кабарланды.
"Бул механизм камералык жана көчмө салыктык текшерүүлөрдөн бошотууну, текшерилүүчү баштапкы документтердин санын кыскартууну жана реалдуу убакыт режиминде маалымат алмашууну карайт", деп билдирди.
Sputnik Кыргызстан агенттиги жаңы кодексте сунушталган маанилүү нормаларды тизмектеди.
УчетПрофЛайн аудитордук жана бухгалтердик компаниясынын башкы директору Наргиза Мирлан кызы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2021
Радио
Мирлан кызы: көмүскө экономикадан чыгуу үчүн жаңы салыктык башкаруу болот
Жаңылыктар түрмөгү
0