Канат күүлөшү эле айрымдардын түн уйкусун качырат. Ту-160М2ге мүнөздөмө

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүТу-160 учагы. Архивдик сүрөт
Ту-160 учагы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2022
Жазылуу
Москва АКШ менен НАТОну Россия жана анын союздаштары менен теңата алака түзүүгө аргасыз кыларын боолголойт аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Серепчи бул сапар россиялык жаңы Ту-160М2 ракета ташуучусун талдап чыккан.
Жаңыдан куралып чыккан Ту-160М2 стратегиялык ракета ташуучусунун көккө көтөрүлүшү – Батыш эрежелерине ылайык жүргүзүлгөн геосаясий оюндун аякташын айгинелей турганын РФтин тышкы иштер министринин орун басары Александр Грушко билдирди.
Казань калаасындагы авиазаводдо куралып чыккан жаңы стратегиялык ракета ташуучу 12-январда алгач ирет асманга учурулду. Айтмакчы, анын канатынын геометриясы өзгөрүлүп турат.
80 пайызга чейин заманбапташтырылган "Белый лебедь" аппаратынын сериялык чыгарылышы коопсуздуктун тышкы чакырыктарына, оор эл аралык абалдын шарттарына толук жооп берет. Бул – 2018-жылы буюртма берилген он ракета ташуучунун алгачкы сериялык карлыгачы.
Келишимдин алкагындагы бардык учактар 2027-жылга чейин куралып бүткөрүлүшү керек. Алардын жалпы наркы – 150 млрд. рублди түзөт. "Туполев" ишканасынын маалыматтарына таянсак, РФ Коргоо министрлиги мындай машинадан 50 бирдик сатып алууну болжоп турат. Ага катар эле Ту-160 ракета ташуучусунун 15 бирдиги заманга бап жакшыртылууда.
Эпоха модулу бар БМП. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2022
Доордун дулдулдарынын бири. "Эпоха" модулундагы россиялык техникага мүнөздөмө
Жаңы куралган жана толук заманбапташтырылган Ту-160 сыртынан Ту-160М2 жана Ту-160М маркировкасы менен гана айырмаланат. Ту-160тын платформасы – РФтин өзөктүк үчилтигинин маанилүү бөлүгү, ооздуктоо куралы.
Ту-160М2 ракета ташуучусу – Россиянын авиациялык өнөр жайынын эң кеңири жана жогорку технологиялык долбоорлорунун бири. Учак заманбапташтырылган НК-32-02 кыймылдаткычы, башкаруу, навигация, курал-жаракты тескөө тутумдары менен жаңы технологиялык негизде куралууда.
"Туполев" ишканасынын Казандагы филиалында цехтер жаңыча жабдылып, учуу-сыноо базалары түзүлүп, дүйнөдөгү эң ири электрондук-нур менен ширетүү жана титанды вакуумдук өң берүү түзүлүшү ишке киргизилген.
Машинанын өндүрүшүнүн синергетикалык эффектиси жана кубаттуулугунун арттырылышын "Ростех" корпорациясынын металлургия, авиакурулуш, машина куроочу ишканалары камсыздайт. 2000-жылга дейре Ту-160ты чыгаруу боюнча кооперацияга 700 ишкана катышкан, иштин ошондой нугун жаңыдан түзүүгө туура келди.
Каспий флотилиясынын кемеси портто турган учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2021
Каспий флотилиясынын кемелери порт которду. Жаңы деңиз базасынын артыкчылыгы

Жогорку технологиялардын тактикасы

Долбоор дагы өркүндөтүлүп, Ту-160тын аскердик платформасында душмандын эң түпкүрдөгү райондорунда жер жана деңиздеги буталарды кыйратууга жөндөмдүү курал-жарактын жаңы түрлөрүн, гипер үндүү, кадимки же өзөктүк канаттуу ракеталарды интеграциялоого жол берет.
Ту-160 – 2 Махка чейинки ылдамдыкта узак убакыт уча ала турган дүйнөдөгү жападан жалгыз стратегиялык бомбалоочу. Канатынын өзгөчө түзүлүшү "Белый лебедь" аппаратына саатына 2200 чакырымга чейин үндөн ыкчам ылдамдыкта 45 мүнөт бою 45 аскердик жүк менен учууга мүмкүндүк берет. Америкалык бомбалоочу учактары бул жагынан дегеле буга караандай албайт.
Стратегиялык Ту-160М душмандын абадан коргонуу зонасына кирбей туруп аракет эте алат. Револьвердик түзүлүштөрүнөн улам курал ташуучу бөлүгүндө 12 канаттуу ракета ташый алат. Анча байкалбас Х-101 канаттуу ракетасынын максималдуу аралыгы – 5500 чакырым. Х-101дин катардагы модификациясынын курал-жарак бөлүгү тротилдик эквивалентте 400 килограммга чейинки кубаттуулукта, ал эми атайын, атап айтканда, Х-102 бөлүгү 250 килотоннадан мегатоннага чейинки күчтөгү термоөзөктүк курал-жарак менен жабдылган.
Ту-160тын мындан мурунку өзөктүк модификациясынан (2000-жылга чейин 36 бирдиктен турган серия чыгарылган) айырмаланып заманбап ракета ташуучу көп функциялуу келет. Ту-160М аппараты Сирияда өзүнүн майнаптуулугун көп жолу тастыктаган. НК-32-02 авиакыймылынын заманга бап жакшыртылышы менен учактын үнөмдүүлүгү жогорулап, азыр 15 миң чакырымга чейин учууга жол ачылды.
Чалгындап жана сокку уруучу Альтиус. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2021
Арышын арбын таштаган "Альтиус": куралдын кубаттуулугу тууралуу кеңири кеп
Пайдалануудагы Ту-160 учактарынын баары 2030-жылга дейре экинчи сериядагы НК-32 авиакыймылдаткычтары менен жабдылмакчы. Эске салсак, анын аскердик платформасынын мүмкүнчүлүктөрүн талдоо үчүн эки тараптуу аскерий кызматташтыктын алкагында Россиядан Түштүк Африка республикасына "Белый лебедь" эки учагы учурулган. 13 саат аралыгында 11 миң чакырымды багындырышкан. Aviation Week & Space Technology америкалык белдүү журналы 2020-жылы Ту-160ты дүйнөлүк аскер авиациясынын маанилүү жетишкендиктеринин тизмегине кошкон. Ал эми Ту-160М2 – андан да сапаттуу ракеталык арсенал менен жабдылган жаңы учак. РФтин Батыштагы "өнөктөштөрү" Blackjack (НАТОнун коду) "экинчи канат кагышын" да түшүнгөн чыгаар. Эске салсак, Ту-160 америкалык Rockwell B-1 Lancer стратегиялык ракета ташуучусуна жооп катары иштелип чыккан. Үнгө чейинки Ту-95 жана М-4 натолук абадан коргонуу тутумдарын жеңе алган эмес. Улам өркүндөтүлүп отуруп уникалдуу үндөн ыкчам ылдамдыктагы, эң көп көлөмдө жүк ташуучу стратегиялык ракета ташуучу пайда болгон. "Белый лебедь" 46 ирет дүйнөлүк рекорд койгону маалым.
Ту-160тын технологиялык куралышы жаңы аппаратка кең келечек камсыздап, Вашингтон менен Брюсселдеги кызуу кандууларды тез эле сестентип коё алат.
Россияда МиГ-31БМ истребители жана Ми-26Т2В оор тик учагын заманга бапташтыруу долбоорлору жана сериялык өндүрүшү да ушундай эле нукта жүргүзүлүүдө. Булардын дүйнөдө теңдеши жок.
World Air Forces 2022 маалымат топтому жана Global Firepower дүйнөлүк рейтингинде Россиянын Куралдуу күчтөрү аскер авиация паркынын саны боюнча 4173 бирдиги менен дүйнөдө экинчи сапта турат. АКШ Аскер-аба күчтөрү учуучу аппараттардын саны жагынан азырынча алдыда, анткен менен аталган держава металл гипер үндүү технологияларга ээ эмес.
Россияда гипер үндүү ракеталардын бир нече түрү колдонууга берилген, адистер алардын ылдамдык жана багындырчу аралыктарын жогорулатуу жаатындагы аракеттерин эч токтотушпайт.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram- каналына жазылыңыздар.
Россиянын атомдук субмиранасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2021
Океандагы ниндзя, тоготпос "Борей", жылуу сөз. Тынчтыкты сактоо далалаты
Жаңылыктар түрмөгү
0