Каспий флотилиясынын кемелери порт которду. Жаңы деңиз базасынын артыкчылыгы

© Фото / Министерство обороны РФ / Медиабанкка өтүүКаспий флотилиясынын кемеси портто турган учурда. Архив
Каспий флотилиясынын кемеси портто турган учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2021
Жазылуу
Каспийск шаары жана порту Россиянын түштүктөгү аскерий-деңиз чебине айланды. Каспий флотилиясынын Дагестандагы жаңы базасы РФке чектешкен Түштүк Кавказ жана Борбор Азия аймактарынын коопсуздугун чыңдоо үчүн кызмат өтөмөкчү.
Зарыл учурда 2600 чакырымдык радиуста, башкача айтканда, Жер ортолук жана Кара деңиз, Перс жана Оман кысыгында, Афганистан, Болгария, Балтика, Украина, Түркия жана бир катар мамлекеттердин бүтүндөй аймагында "күчүн көрсөтүүгө" мүмкүндүк берет. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко суу которгон флотилия туурасында кеп козгогон.
Ракеталык жана артиллериялык кемелер, трал менен жабдылган аскердик кемелер, Каспий флотилиясын камсыздоочу кемелер – жалпы 20 бирдик Каспийск портуна келди. Аталган туруктуу базага кеме бригадалардын инженердик-техникалык курамы жана кеме оңдоочу техника да жеткирилди. Аскердик моряктар жайгашып, кемелерди аскердик милдеттерин аткарууга камдап, курал-жарагын жана техникасын тейлөөдө.
Андан бир аз мурун эле Каспийскиде пирс, тейлөө пункттарынын, деңиз пехотасынын 177-полкунун шаарчасы (2018-жылы уюшулган), суу түбүндөгү диверсиялык күчтөр жана каражаттар менен күрөшүү отрядынын окуу-материалдык базасы, аскерлер жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн турак-жайлар курулуп бүткөн. Аскер-деңиз бирикмесин түштүккө жайгаштыруу жөнүндөгү РФ Коргоо министрлигинин 2017-жылдагы стратегиялык чечими дээрлик толугу менен ишке ашырылды.
Каспий флотилиясы – Түштүк аскердик округдун деңиз бөлүгү жана Россия Аскер-деңиз күчтөрүнүн 1722-жылы Петр Iдин тушунда уюшулган эң аксакал оперативдик бирикмеси. Флотилиянын бир нече кеме бригадасы жана дивизиялары, жээктеги күчтөр бөлүктөрү Каспий деңизинде Россиянын улуттук-мамлекеттик кызыкчылыктарын (террорго каршы иш-чаралар, соода-сатыкты кайтаруу, мунай кендерин коргоону) камсыз кылат.
"Калибр" ракеталык комплекстери Каспий флотилиясына стратегиялык өзөктүк эмес ооздуктоо, коё берилген жерден 2600 чакырымдык радиуста "күчүн көрсөтүүгө" жол берет. Бирикменин курамында жаңы 18 аскердик, ошондой эле издөө-куткаруучу кемелер, жээктеги ракеталык комплекстери, деңиз авиациясы, булардан тышкары атайын, техникалык жана тылды камсыздоо бөлүктөрү бар.
Россиянын МиГ-31К истребители. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2021
Гипер үндүү куралдар жаатындагы жарыш. АКШ Россиядан кыйла артта

Аскердик дарамети

Каспий флотилиясынын деңиз пехотачылары 27-декабрда тоо-токой койнундагы Аданак полигонуна чейин жүрүш жасашты. Бир нече сутка жоокерлер мында заманбап кармаштардын тактикалык ыкмаларына, чалгындоо, тескөө жана байланыш комплекстерин колдонууну өздөштүрүшөт.
Машыгууга 2000дей деңиз пехотасы жана аскердик жана атайын техниканын 100 бирдиги тартылган. Деңиз пехотасынын бөлүктөрүнүн бул иш-чарасы куралдын бардык түрү, гранатомет, БТР-82А жана БТР-70М зооттолгон транспортёрлор жабдылган курал-жарактан ар кандай буталарга карай ок атуу менен жыйынтыкталат.
Аданак полигонунда натыйжалуу аскердик даярдык үчүн бардык шарттар мурунтан эле түзүлүп, инфраструктурасы заманга бапташтырылып, төрт командалык пункт, 100 метр фортификациялык курулуш, 10дон ашуун окуу жерлери салынып, жаңы типтеги 20 чакты бута орнотулган.
РФтин Аскер-деңиз флотунун деңиз пехотасынын толук кандуу, жогорку мобилдик полку Россиянын түштүк чек араларында потенциалдуу агрессорго олуттуу эскертүү, Кавказ жана Борбор Азияга жакынкы кооптуу жерлерде турукташтыруучу фактор болмокчу. Ошол эле учурда РФтин Аскер-деңиз флотунун жээктеги күчтөрү жана кемелеринин Каспийск портуна жайгашуусунун негизги себеби – Түштүк стратегиялык багытындагы маанилүү буталарына жакындыгы жана НАТО, Чыгыш Европа өлкөлөрү менен болжолдуу аскердик тирешинде аскердик туруктуулуктун бекемдиги.
Сирия кампаниясында Каспий флотилиясы эң жогорку аскердик майнаптуулукту көрсөткөн. "Дагестан", "Град Свияжск", "Великий Устюг" жана "Углич" ракеталык кемелери 2015-жылдын 7-октябрында россиялык "Калибр" канаттуу ракеталарынын сокку уруучу потенциалын дүйнөгө көрсөткөн. Сириянын аймагында коё берилген (26 ирет) жерден 1500 чакырым аралыкта Сирия аймагындагы душмандын 11 объектисинин таш-талканын чыгарган. 2027-жылга чейин "Калибр-М" канаттуу ракетасынын жаңы модификациясынын багындырчу ыраактыгы 4500 чакырымдан ашырылат. Каспий "монстрларынын" колу НАТОнун географиялык жактан оголе ыраак Испания, Улуу Британия, Норвегия өңдүү өлкөлөргө чейин "жетет". Жээктеги "Бал" ракеталык комплекси, С-400 зениттик ракеталык тутумдар менен корголгон Каспийск Каспий, Кавказ, Борбордук жана Түштүк Азияда Россиянын башкы аскер-деңиз чебине айланууда.
Флотилиянын жаңы негизги базасы Россиянын Абхазия, Түштүк Осетия, Армения, Азербайжан, Каспийдин бир кыйла акваториясы жана Казакстандын аймагынын бир бөлүгү үчүн Абадан-ракетага каршы коргонуунун кошумча "коопсуздук куполун" түзөт.
Чалгындап жана сокку уруучу Альтиус. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2021
Арышын арбын таштаган "Альтиус": куралдын кубаттуулугу тууралуу кеңири кеп

Ишенимдүү жээк

Каспий флотилиясынын Дагестан республикасындагы жаңы пунктунда кеме токтоочу алты жайдын курулушу аяктап, аскердик бирдиктер коюлчу жана техникалык тейлөөнү камсыз кылуучу жээктеги инфраструктура, жаңы гидротехникалык курулмаларды тургузуу уланууда.
Дээрлик үч чакырымга созулган Түндүк жана Түштүк тосмо молдору 700 миң чарчы метрлик ички жүк бөлүгүн Каспий деңизинин толкун, шиленди жана башка терс таасирлеринен ынанымдуу колдоого ылайыкталган. Спутниктен тартылган сүрөттөрдөн иш жалпы жонунан аяктаганын, Каспийск аскер-деңиз базасын инженердик чеберчиликтин үлгүсү экенине ынанасың.
Курулуш долбоорунда гарнизондун душмандын болжолдуу чабуулдары жана табигый кырсыктардан корголгон бардык тийиштүү инфраструктурасы дыкат каралган. Бул – заманбап окуу базасы, РФ Коргоо министрлигине таандык суу түбүндөгү жалгыз тир, ок-дарыны ишенимдүү сактоочу жай, ыңгайлуу турак-жай жана казарма, маданият, балдар үйү, мектеп, госпиталь, өнүктүрүлгөн жол түйүнү. Айтор, иштин эбегейсиз көлөмү бүткөрүлгөн.
Астрахандан Каспий флотилиясынын штабы жана башкы базасын түштүккө карай 400 чакырымдык аралыкка көчүрүү бирикменин кемелеринин ыкчам мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет, Түштүк аскердик округдун флангын бекемдеп, Россиянын чек араларын чыңдайт, ошону менен бирге эле Евразиянын ушул бөлүгүндөгү ынтымактуу коңшуларынын ишенимин арттырып, коопсуздукту күчөтөт.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Россиянын атомдук субмиранасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2021
Океандагы ниндзя, тоготпос "Борей", жылуу сөз. Тынчтыкты сактоо далалаты
Севастополь после вхождения Крыма в состав Российской Федерации - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2021
"Донбасс" эмнеге Кара деңизге чыккан жок? Чагымчылдык тыйылбайбы
Жаңылыктар түрмөгү
0