Арышын арбын таштаган "Альтиус": куралдын кубаттуулугу тууралуу кеңири кеп

© Фото / Министерство обороны РФ / Медиабанкка өтүүЧалгындап жана сокку уруучу "Альтиус". Архивдик сүрөт
Чалгындап жана сокку уруучу Альтиус. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2021
Жазылуу
Чалгындап жана сокку уруучу "Альтиустун" сыноолору аяктады. Бул Россия мыкты технологиялык дарамети менен алыс аралыкты багындыра алчу дрондорду өндүрүүчү саналуу өлкөлөрдүн катарына ишенимдүү киргенин туюндурат.
Ошону менен бирге эле келечекте абада жана эл аралык рынокто учкучсуз үстөмдүккө ээ болоруна кепилдик берет.
Россия коргоо министри Сергей Шойгу 21-декабрда: "Узак убакытты багындыра алчу "Альтиус-РУ" учкучсуз аппаратынын сыноолору жыйынтыкталды. Бул – Россияда жана дүйнөдө маанилүү окуя. Мурда сокку уруучу оор дрондор тобунда Кошмо Штаттар (MQ-9 Reaper), Израиль (IAI Eitan) жана Түркия (Bayraktar Akıncı) гана болгон.
Келечектеги "көп домендүү" операцияларда мындай машиналар учкуч тескеген авиация, жер бетиндеги жана космостук бута көрсөткүч каражаттары менен эриш-аркакта согуштук аракеттердин жүрүшүн жана натыйжасын аныктай алышат.
"Альтиус-РУ" сокку уруучу учкучсуз аппараттын мыкты мүнөздөмөлөрү арбын. Негизгилеринин бири – жасалма интеллект. Бул өз алдынча чечим кабыл алууга, маршрут түзүүгө, бутасын аныктап жана аларга сокку урууга мүмкүндүк берет. Дүйнөдө булардын аналогдору жок.
Москва шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.12.2021
"Булар эмне деп жатышат?". Батыш Россияга кантип жооп берерин билбей турган чагы
5000 чакырымга чейинки аскердик радиусу душмандын стратегиялык тылында 1000 кг. пайдалуу жүктү колдонууга жол ачат. "Альтиус" дал өзү үчүн атайын иштелип чыккан ракеталык-бомбалык курал топтомуна, саатына 250 чакырымдык крейсердик ылдамдыкка, радиолокациялык байкалышын басаңдатып, тоскоолдуктарга туруктуулугун камсыздаган СП-2 инерциялык навигациялык тутумуна да ээ.
Узак учушунда (48 саатка чейин) ыкчам кырдаал жана артыкчылыктуу буталары өзгөрөт. Байланыштын спутниктик каналы аркылуу базадан миңдеген чакырым аралыктан дрон менен башкарууга (милдеттерин коррекциялоо, бута көрсөткүчтөрүн берүү) болот.
Орто бийиктиктеги (чеги – 14 000 чакырым) оор учкучсуз (массасы – 6 тонна, канаттарынын жайылышы – 28,5 м., узундугу – 11,6 м.) душмандын танк, артиллериялык орнотмолору, жеңил сооттолгон техника, корголгон объектилер жана аскердик күчтөрдү кыйратууга багытталган.
Көп функциялык дрондун бортунда кемеге каршы ракеталар пайда болушу толук ыктымал. Аскердик радиусу "Альтиус" аппараттарын орто аралыктагы ракеталардын аналогу катары саноого мүмкүндүк берет. Бул – агрессорлордун каалаганына гипер үндүү "көргүлүктү көрсөтүү" үчүн абдан майнаптуу тутум.

Болжолдуу каршылаш жана атаандаштар

Өткөн жайда россиялык дрон "аба – жер бети" тибиндеги тескелүүчү ракеталык куралдар жана авиабомбалар менен полигондордогу буталарына абадан таамай сокку урган. Россиянын Коргоо министрлиги "Альтиустардын" алгачкы орнотмо партиясына жыл башында эле буюртма берген. Бул дагы аталган машинанын ишенимдүүлүгүн жана майнаптуулугун тастыктайт.
Дүйнөдө мүмкүнчүлүктөрү жагынан россиялык "Альтиуска" тең келе алчу үч гана аппарат бар. Атап айтсак, америкалык MQ-9 Reaper (пайдалуу жүгү – 1700 кг.), түркиялык Bayraktar Akıncı (жүгү – 1350 кг.), израилдик IAI Eitan (жүгү – 1000 кг.). Баарынын канаттарынын жайылышы – 20 метр, ал эми ылдамдыгы – саатына 240тан 400 чакырымга дейре, кошумча май куюлбастан 24-30 саат уча алышат. Машиналардын автоматтык учуш режими бар, түркиялык дрон көбүнесе операторго байланган.
Россия Кремли жана Тышыкы иштер министирлиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2021
Россиянын Батышка талабы: ал кабыл алынбаса жагдай кандай болот?
Өндүрүшчүлөр Bayraktar Akıncı дрону жер бетиндеги буталарга 250 чакырымга чейинки аралыкта SOM-A канаттуу ракетасын (4 метрлик узундуктагы жана 620 кг. салмактагы) колдоно аларын айтышат. Мындай аппараттардын маневрдүүлүгү жайыраак, радарларга даана көрүнөт, Ирак же Афганистандагы зениттик комплекстери, абадан коргонуу тутумдары жок "козголоңчулар", террордук топтор менен күрөштө гана пайдалуу болушу мүмкүн. Европалык согуштук аракеттер театрында бул дрондор майнапсыз.
Россиялык "Альтиус" эң оболу өз алдынча аракет жүргүзүү (жасалма интеллект), аскердик интеграция потенциалы, өркүндөтүлгөн курал комплекси, радиолокациялык анча байкалбастыгы менен чет өлкөлүк аналогдорунан озуп кеткен. Адистердин божомолдоруна таянсак, бул аппарат азыркы арсеналы менен абада жана эл аралык рынокто мыкты деп эсептелген дүйнөлүк үлгүлөрдү өзүнө дегеле караандатпайт. Коргоо тармагындагы жогорку технологиялык жарышта Россия кыйла алдыда экени анык: учкучсуз аппараттарды дүйнөнүн 50дөн ашуун өлкөсү өндүрөт. Бирок артыкчылыгы – чет өлкөлүк өнөктөштөрүнө көп сатылышы эмес, коргонуу жөндөмүндө. Ашкере жарнамаланбаганы да ушундан. Россиянын Куралдуу күчтөрүн акыркы үлгүдөгү дрондор менен камсыздоо пландары басымдуулук кылат.

"Иноходец" жана "Форпост"

"Альтиустун" ынанымдуу арышы менен катар эле Сергей Шойгу Коргоо министрлигинин коллегиясында Куралдуу күчтөр "Иноходец" жана "Форпост" учкучсуз аппараттары менен жабдыла баштаганын да белгиледи. Бул маалымат аскердик багыттагы учкучсуз авиациянын россиялык сектору ырааттуу өнүгүп келе жатканын айгинелейт.
"Иноходец" – кеңири белгилүү "Орион" чалгындоо-сокку уруучу аппаратынын модификациясы. "Орион" – да эки жылдан бери өз майнаптуулугун далилдеп келе жаткан дрон.
Орто бийиктиктеги "Орион" (ошол эле "Иноходец") – узакка (24 саатка дейре) уча алган, аскердик жүгү (тескелүүчү ракеталар, түзөтүлүүчү авиабомбалар) 200 кг. чейинки аппарат. Уникалдуу тактикалык-техникалык мүнөздөмөлөргө ээлик кылат. Чалгындоочу модификациясынын да дүйнөдө эң күчтүү "электрондук көздөрү" бар.
Сокку уруучу "Орион" душмандын жер бетиндеги стационардык жана кыймылдагы буталарын, сооттолгон техника, транспорт жана күчтөрүн жок кылууга багытталган.
Максималдык учуш массасы – 1150 кг., крейсердик ыкчамдыгы саатына 200 чакырымды түзөт, ал эми жетер чеги – 7000 метр. Анын машиналардын бул тибиндеги атаандашы – жүк көтөрүмдүүлүгү 150 кг. жана ылдамдыгы саатына 130 чакырымга чейинки түркиялык TB2 Bayraktar да буга дегеле караандабайт.
Үйдүн дубалындагы жазуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2021
СССРди калыбына келтирет деп Путинден шектенген Батыш. Коркчу жагдай башка
"Форпост" учкучсузу жерди чалгындоо жана байкоо салуу, сүрөт, картография, көктөн сүрөткө тартуу милдеттерин аткарат. Дрон душмандын радио электрондук коргоо түйүндөрүн таап, радио тоскоолдуктарды жаратып, радио сигналдарды да кармай алат.
РФ Коргоо министрлигинин маалыматына таянсак, "Форпост" аталган мамлекеттин күчтөрүндө натыйжалуулугун көрсөткөн. Террорчулар жайгашкан жерлерге жашыруун байкоо салуу жана көзөмөлгө алууга пайдаланылып, аппараттын аскердик тушоосу Сирияда кесилген.
Дрон Кара деңиз жээгинде да кайгуулга адистешкен, оптикалык, радиотехникалык, радиолокациялык каражаттарды пайдалануу менен күнү-түнү чалгындап, согуштук кемелерге, жээктеги ракеталык комплекстерге буталарын белгилеп бере алат.
Батыштын санкциялык саясаты эске алынып, "Форпост-Р" толугу менен россиялык жабдуулардан куралганы чоң мааниге ээ. Самаралык АПД-85 кыймылдаткычы менен жабдылган. 500 кг. салмактагы аппараттын жетер чеги – 6, радиусу – 200 чакырым. 18 саатка чейин уча алат.
Буларга катар эле учурда россиялык учкучсуз авиациясы өнүгүүсүн улантат: акыркы үлгүдөгү С-70 "Охотник" чалгындоочу-сокку уруучу оор дрону интеллектуалдык согуштук аракеттерге кызуу камынууда. 7 тонналык "Гром" сокку уруучу учкучсуз долбоору да өрчүтүлүүдө.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
Россиялык учкучсуз аппарат бутаны кантип талкалады. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Россиялык учкучсуз аппарат бутаны кантип талкалады. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0