Доордун дулдулдарынын бири. "Эпоха" модулундагы россиялык техникага мүнөздөмө

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүү"Эпоха" модулу бар БМП. Архивдик сүрөт
Эпоха модулу бар БМП. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2022
Жазылуу
Россиялык өндүрүштүн кургактагы күчтөргө ылайыкталган сооттолгон техникасы дүйнөгө мыкты мүнөздөмөлөрү, табигый-климаттык шарттардагы ынанымдуулугу жана ашыкча бир машакатынын жоктугу менен белгилүү.
"Эпоха" модулу бар БМП Б-19 аскердик машиналар топтомунун татыктуу улантуучулардан болору айкын. Б-19 жөө аскерлердин машинасынын сыноолору аяктоодо. Жакын арада Россия армиясына да кабыл алынат. Аскердик серепчи Александр Хроленко ушул аппараттын артыкчылыктарына токтолгон.
Сынамык партиядагы сооттолгон 12 аскердик машинаны россиялык күчтөр ийгиликтүү пайдаланууда. Россиянын Коргоо министрлигинин адистери аларды полигондо 2019-жылдан тарта сынап келет. БМП Б-19 машиналары "Батыш – 2021" биргелешкен стратегиялык машыгууларда мыктылыгын тастыктай алган. Анда взводдун курамындагы сооттолгон топту Беларусь, Индия, Монголия жана Россиянын союздук бөлүктөрүн коргоонун алдыңкы катарына коюп, шарттуу душмандын башкы күчтөрүн ооздуктоо үчүн майданга чыгарышкан эле. Соңку үлгүдөгү машиналар аскер күчтөрүнүн согушка туруштук бере алышын камсыздап, маанилүү чек ара, позиция жана райондорду сактап калууга көмөкчү болушкан.
РФтин Кургактагы күчтөрүнүн башкы командачысы Олег Салюков 27-декабрда атуу мүмкүнчүлүгү жагынан Б-19 россиялык БМП-2 жана БМП-3төн бир кыйла алдыда экенин белгиледи. 57 миллиметрлик автоматтык замбирек, чакан көлөмдөгү ракеталуу "Корнет" жана "Булат" тескелүүчү куралдардын эки комплекси менен эриш-аркак иштей турган "Эпоха" модулу кандай гана согуштук аракеттердин театры болбосун аскердик күчтөргө атуу жагынан артыкчылыкты камсыздайт. Танк жана башка сооттолгон техникаларды, жапыз учкан учак, тик учак, пилотсуз башкарылган аба техникаларын, душмандын күчтөрүн шарты катаал жерлерде жана сооттолгон болсо да таамай жок кыла алат.
Чалгындап жана сокку уруучу Альтиус. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2021
Арышын арбын таштаган "Альтиус": куралдын кубаттуулугу тууралуу кеңири кеп
"Эпоха" модулундагы маалыматтык-тескөө тутумунун негизги өзгөчөлүгү – душмандын объектилерин издөө, аныктоо, аларды коштоо жана жөө аскерлер машинасынын экипажына ок атуунун эки каналын бирдей же кезеги менен колдонууну сунуштоо мүмкүнчүлүгү. "Акылдуу" тутум душмандын объектилеринин приоритетин же кооптуулугун баалоого жөндөмдүү.
Айдоочусуз тескелген универсалдуу "Эпоха" модулу аскердик машинанын эргономикасына (экипаждын жайлуулугу жана коопсуздугу) таасир этпестен, командир жана наводчиктин терминалдарынан аралыктан башкарылат. Мээлегичтери душманды күндүзү да, түнкүсүн да, бардык аба шартында таамай талкалай алат.
Жапыз баллистикадагы автоматтык замбирек, кошоктолгон 7,62 миллиметрлик танкага ылайык жакшыртылган Калашников пулемёту, танкага каршы коргонуучу "Корнет" ракеталык комплексинин (8 чакырымга чейинки аралыкты багындыра алчу төрт ракетадан турат) адистерине жакшы тааныш ок атуучу орнотмолору бар. Жеңил сооттолгон техника менен күрөшүүчү жаңы "Булат" ракеталык комплекси коргонуу жана чабуул коюуда ар башка пландагы буталарды жок кылууга чоң өбөлгө.
Шассилери толукталып, мүнөздөмөлөрү абдан жакшыртылып, автоматикасы жасалма интеллектинин параметрлерине чейин өркүндөтүлгөн. "Эпоханын" атууну тескөө тутумунун "салмактуулугу" БМП-3түн ушул эле жабдыктарынан кыйла ашып түшөт. Заманбап элемент негизинде жасалып, бир катар жапжаңы мүмкүнчүлүктөргө ээлик кылат. Булардын баары аскердик натыйжалуулуктун сапатын кыйла арттырган. Бул багыттагы иштелмелерди, атап айтканда, чалгындоо системасы, маалымат берүү, бута көрсөтүү, согуштук аракеттер театрында жер бетиндеги жана көктөгү башка "акылдуу" машиналар менен интеграциялоого жол ачат.
Россиялык учкучсуз аппарат бутаны кантип талкалады. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Россиялык учкучсуз аппарат бутаны кантип талкалады. Видео
Б-19дун "Эпоха" модулу Россиянын Тула шаарындагы Жабдуу-куроо конструктордук бюросунда иштелип чыккан. Мурдагы БМП-3төрдү заманга бапташтыруу жана келечектин сооттолгон унааларын жабдуу үчүн ылайыкталган. Машинанын тескелүүчү мейкиндигинен аскердик бөлүгү концептуалдуу алып салынганы кошумча жумушчу көлөмгө орун бошотууга жана кошумча жабдык (курал-жарак) жайгаштырууга мүмкүндүк берет. Ал эми бул келечекте дагы өрчүтүлүшүнө резерв болмокчу.
Б-19 машинасынын салмагы – 18,7 тонна. Кыймылдаткычынын кубаттуулугу 500 аттын күчүнө барабар. Шосседе жүрүү запасы – 600 чакырым. Экипажы үч киши жана жети десантчыдан турат. Албетте, дагы көп артыкчылыктары ачык айтыла бербейт.
РФ Коргоо министрлигине "Эпоха" модулу бар БМП-3түн сынамык партиясы менен жабдуу келишимине "Армия-2017" форумунда кол коюлганы маалым. Орто мөөнөттүү келечекте "Эпоха" модулу менен БМП Б-19 дүйнөлүк курал рыногунда өз ордун тынчтык жолу менен табарын боолголойм. Россия Федерациясы жаңы үлгүдө сооттолгон машиналар рейтингинде алдыңкы орунду бербей келет. 2010-2017-жылдар аралыгында эле 1,48 млрд. долларга 1200 аскердик унаа (көбүнчө БМП-3 жана БТР-80А) саткан.
Ал ортодо Россиянын Кургактагы күчтөрү быйыл соңку үлгүдөгү 2500дүн тегерегинде курал-жарак, аскердик жана атайын техниканын түрүнө, анын ичинде БМП-3 пехоталык машиналарына, БТР-82А сооттолгон транспортерлоруна, заманбапташтырылган Т-72БЗМ, Т-80БВМ танкаларына ээ болду.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.12.2021
АКШ коопсуздук кепилдиги боюнча идеяга унчукпаса, Россия чара көрөрүн айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0