Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
2022-жыл жаңырары менен Казакстанда автоунаага газдын кымбаттап кетишинен улам митингдер башталып, 5-январга караган түнү митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышты. Президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин киргизип, ЖККУдан жардам сураган. Учурда өлкөдө кырдаал турукташты.

ЖККУ өлкөлөрүнүн лидерлеринин онлайн-саммитиндеги урунттуу учурлар

© Sputnik / пресс-служба МИД РФЖККУ өлкөлөрүнүн желектери
ЖККУ өлкөлөрүнүн желектери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2022
Жазылуу
Жыйынга Кыргызстандын атынан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты. Президент Садыр Жапаров кыска мөөнөттүү эмгек өргүүгө чыккан.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Бүгүн, 10-январда, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун онлайн-жыйыны болуп өттү. Ага Казакстандын, Беларустун, Россиянын жана Тажикстандын президенттери: Касым-Жомарт Токаев, Александр Лукашенко, Владимир Путин, Эмомали Рахмон жана Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты. Мындан тышкары, ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась дагы отурду.
Саммит Казакстандагы окуяларга карата бир мүнөттүк аза күтүү менен башталды. Андан соң Токаев жыйындын катышуучуларына Казакстандагы абал боюнча маалымат берди:
Казакстан эгемендүүлүк алгандан берки тарыхындагы эң оор кризисти баштан кечирди. Деструктивдүү күчтөр кырдаалды курчутууга көп жолу аракет кылды. Бирок алардын ишине бөгөт коюлду;
Террордук согуш, мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети болду;
Согушкерлердин аракети бирдиктүү борбордон координацияланган. Негизги сокку Алматыга багытталган. Себеби бул жактан түштүктү, андан соң бүтүндөй Казакстанды басып алууга жол ачылмак;
Согушкерлер тарапташтарынын сөөгүн алып кетүү үчүн түнкүсүн мүрзөлөрдү казышкан. Мындай нерсе эл аралык террордук практикада бар;
Курман болгон жай тургундардын саны такталып жатат. Тынчтык митингине чыккандарга бийлик тарабынан күч колдонулган жок;
Террорчулар Алматы менен облустук 10 борборду басып алды. Алар президенттин резиденциясына дагы кол салмак, бирок тынчтык орнотуучу күчтөр келерин укканда максатынан кайтышты;
Согушкерлер Алматыга гиеналардын үйүрүндөй эле бастырып кирди. Бул көрүнүш тарыхта Алматынын трагедиясы катары калмакчы;
Казакстанда конституциялык тартип орноду. Жакынкы аралыкта контртеррористтик операция соңуна чыгат. Аны менен катар ЖККУнун дагы миссиясы аяктайт.

Станислав Зась:

Эртең Казакстанга учам. Учурда мамлекет жетекчилеринин деңгээлинде чечиле турган маселелер жок. Тынчтык орнотуучулар бир үй-бүлөдөй иш алып барууда.

Александр Лукашенко:

Борбор Азиядагы постсоветтик өлкөлөрдө кырдаалды курчутууга кызыккандар абдан көп;
Казакстанда болгон окуялардан биринчи кезекте Өзбекстан сабак алышы керек;
Алдыда кооптуу чакырыктар бар, ЖККУну бекемдеш керек.

Владимир Путин:

Казакстандагы окуя ЖККУга мүчө-мамлекеттердин бардыгына тийиштүү. Республиканын мамлекеттик коопсуздугуна коркунуч жаралды. Ойлонбостон чара көрүү талабы турду;
Казакстанда "майдан технологиясы" колдонулду;
Согушкерлер машыгуудан өтүп, кан күйгөн жерлерде согушкан;
Казакстандагы окуялар — бул тышкы күчтөрдүн биринчи жана акыркы жолку кийлигишүүсү эмес ("Биз үйүбүздө түстүү революцияга жол бербей турганыбызды көрсөттүк");
ЖККУнун күчтөрү абал биротоло тынчымайын Казакстанда болот;
Коопсуздук кеңешинин катчыларына тышкы кийлигишүүгө каршы бирдиктүү каршылык көрсөтүү боюнча тийиштүү чараларды иштеп чыгууну тапшырууну сунуштайм.

Эмомали Рахмон:

ЖККУ террордук активдүүлүгү жогору болгон жарандарды аныктап, алардын жүргөн каналдарын жабыш керек. Тыюу салынган уюмдардын бирдиктүү тизмесин түзүү зарыл;
ЖККУ өлкөлөрүнүн чек араларында "Ислам мамлекетинин" (Кыргызстанда, Россияда жана башка мамлекеттерде тыюу салынган уюм) алты миң согушкери бар;
Афганистандын айланасында "коопсуздук алкагын" түзүү керек.

Акылбек Жапаров:

Казакстан биздин эң жакын союздашыбыз жана стратегиялык өнөктөшүбүз, казак тарап менен тилектештикти билдирүү биздин бүгүнкү милдетибиз. Бүткүл кыргыз эли бул оор күндөрдө казак боордошторуна терең кайгыруу менен көңүл айтып, кырдаалдын тезирээк элдин жыргалчылыгы үчүн жөнгө салынышын чын жүрөктөн каалайт;
Казакстанга Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн 150 аскери барды. Алардын ичинде тажрыйбалуу офицерлер жана контрактылык аскер кызматчылары, ошондой эле 8 даана БТР жана 12 даана автомобиль техникасы бар;
Туруксуздук жана зордук-зомбулуктун өсүшү Казакстандагы социалдык-экономикалык абалды начарлатып, ЖККУ өлкөлөрүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн;
Талап-тоноого катышкандардын мамлекеттик чек аралар аркылуу өтүү коркунучу бар;
Ар бир тастыкталган факт боюнча Казакстан Республикасынын мыйзамдарынын алкагында, биздин эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашууларыбызга ылайык, ачык, так, адилеттүү иликтөө болот деп үмүттөнөм (башаламандыкка кыргыздар дагы катышкан деген маалыматтар боюнча).
Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн тынчтык орнотуучу аскердик контингенти  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Кыргызстандын аскерлери Алматынын кайсы жерин кайтарары белгилүү болду
Кыргызстан жана Казакстан желектери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Жакшылык унутулбайт! Кыргыздарга ыраазы болгон казак жарандары
Жаңылыктар түрмөгү
0