https://sputnik.kg/20220110/kyrgyz-kazak-zhardam-yraazchylyk-1061135798.html
Жакшылык унутулбайт! Кыргыздарга ыраазы болгон казак жарандары
Жакшылык унутулбайт! Кыргыздарга ыраазы болгон казак жарандары
Sputnik Кыргызстан
"Жакшылыгыңарды унутпайбыз", "кыргыз-казак бир тууган", "рахмат" — бул кыргыздарга ыраазычылыгын билдирген казак жарандарынын соцтармактагы билдирүүлөрү. 10.01.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-01-10T18:08+0600
2022-01-10T18:08+0600
2022-01-10T22:35+0600
казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
кыргызстан
казакстан
эл
достук
чакырык
блогер
https://sputnik.kg/img/07e6/01/0a/1061128841_0:0:1920:1080_1920x0_80_0_0_9d58be07981474235e55dfb010ccce02.jpg
Буга чейин Казакстандын айрым ЖМКлары коңшу мамлекетте болгон чыр-чатакка кыргыз жарандары да катышканын жазып чыккан. Кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновго байланыштуу окуя кыргыз элинин эле эмес, казак элинин да нааразычылыгын жаратып, ал окуя үчүн коңшу мамлекеттин жөнөкөй адамдары кечирим суроодо.Коңшу мамлекеттин белгилүү блогерлери, жөнөкөй жарандары алкышын айтып, эки элди биримдикке чакырган билдирүүлөрүн калтырууда. Алардын айрымдарын Sputnik Кыргызстан агенттиги сунуштайт.Т.Ж. аттуу колдонуучу Twitter соцтармагындагы баракчасына кыргыздар Казакстанга жете албай жаткандар үчүн атайын Telegram-канал ачканын жазып, ыраазычылык билдирген.Мурат Абенов аттуу казак жараны Facebook баракчасына кыргыз элинин жасаган жакшылыгын тизмектеп санап берген.Темир Хан аттуу колдонуучу "кыргыз-казак бир тууган" экенин белгилеп, жардамга кол сунгандарга ыраазычылык айткан.Twitter баракчасынын дагы бир колдонуучусу адекваттуу казактар кыргыз элинин жакшылыгын унутпай турганын жазды.Казакстанда кармалган кыргызстандык музыкант боюнча ТВде иштегендер, блогерлер кечирим сурап, эки элди биримдикке чакырган билдирүүлөрдү калтырып жатышат.Алардын бири, Казакстандын медиа өкүлү Газиза Райимбек кыргыз элинен кечирим сурап, кылган жакшылыгына рахматын айткан.Нагимуша аттуу блогер эки элдин ортосундагы жылуу мамилени чагымчылдыкка алдырбай сактоого чакырды.
https://sputnik.kg/20220110/zhaparov-tokaev-menen-kazak-ehline-konul-ajtty-1061122577.html
https://sputnik.kg/20220110/kazakstan-telekanaly-ruzahanovdun-videosun-ochurdu-1061121002.html
казакстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/01/0a/1061128841_240:0:1680:1080_1920x0_80_0_0_32a34c5344be08fd730378321dff8fdc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, казакстан, эл, достук, чакырык, блогер
кыргызстан, казакстан, эл, достук, чакырык, блогер
Жакшылык унутулбайт! Кыргыздарга ыраазы болгон казак жарандары
18:08 10.01.2022 (Жаңыртылды: 22:35 10.01.2022) "Жакшылыгыңарды унутпайбыз", "кыргыз-казак бир тууган", "рахмат" — бул кыргыздарга ыраазычылыгын билдирген казак жарандарынын соцтармактагы билдирүүлөрү.
Буга чейин Казакстандын айрым ЖМКлары коңшу мамлекетте болгон чыр-чатакка кыргыз жарандары да катышканын жазып чыккан. Кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновго байланыштуу окуя кыргыз элинин эле эмес, казак элинин да нааразычылыгын жаратып, ал окуя үчүн коңшу мамлекеттин жөнөкөй адамдары кечирим суроодо.
Коңшу мамлекеттин белгилүү блогерлери, жөнөкөй жарандары алкышын айтып, эки элди биримдикке чакырган билдирүүлөрүн калтырууда. Алардын айрымдарын Sputnik Кыргызстан агенттиги сунуштайт.
Т.Ж. аттуу колдонуучу Twitter соцтармагындагы баракчасына кыргыздар Казакстанга жете албай жаткандар үчүн атайын Telegram-канал ачканын жазып, ыраазычылык билдирген.
Мурат Абенов аттуу казак жараны Facebook баракчасына кыргыз элинин жасаган жакшылыгын тизмектеп санап берген.
Темир Хан аттуу колдонуучу "кыргыз-казак бир тууган" экенин белгилеп, жардамга кол сунгандарга ыраазычылык айткан.
Twitter баракчасынын дагы бир колдонуучусу адекваттуу казактар кыргыз элинин жакшылыгын унутпай турганын жазды.
Казакстанда кармалган кыргызстандык музыкант боюнча ТВде иштегендер, блогерлер кечирим сурап, эки элди биримдикке чакырган билдирүүлөрдү калтырып жатышат.
Алардын бири, Казакстандын медиа өкүлү Газиза Райимбек кыргыз элинен кечирим сурап, кылган жакшылыгына рахматын айткан.
Нагимуша аттуу блогер эки элдин ортосундагы жылуу мамилени чагымчылдыкка алдырбай сактоого чакырды.