Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
2022-жыл жаңырары менен Казакстанда автоунаага газдын кымбаттап кетишинен улам митингдер башталып, 5-январга караган түнү митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышты. Президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин киргизип, ЖККУдан жардам сураган. Учурда өлкөдө кырдаал турукташты.

Казакстан ТИМи чет элдик ЖМКларга нааразы болуп, билдирүү таратты

© REUTERS / PAVEL MIKHEYEVКазакстандын желегинин жанында бараткан адам
Казакстандын желегинин жанында бараткан адам - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2022
Жазылуу
Тартип коргоо органдарына азыркы абалды жана анын эмнеден келип чыккандыгын толук изилдеп чыгып, жыйынтыгын эл аралык коомчулукка билдирүү тапшырмасы берилген.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Казакстан Конституция менен демократияны ислам радикалдарынан жана террорчуларынан чечкиндүүлүк менен коргоого даяр. Ал эми бир катар чет элдик ЖМКлар биздин өлкөгө өзгөчө абал киргизилгенден кийинки кырдаалды үстүртөн жана бир жактуу кылып жазып жатат. Мындай билдирүүнү Казакстандын ТИМи таратты.
Коңшу өлкөнүн тышкы саясат боюнча ведомствосунун релизинде Маңгыстау жана башка аймактардагы митинг тынчып, элдин талабы аткарылгандан кийин "террордук, экстремисттик жана криминалдык топтор абалды курчутуп жана зомбулукту күчөтүү үчүн кырдаалдан пайдаланып кетти" деп айтылат.
"Алматыдагы жана өлкөнүн башка аймактарындагы окуялар көрсөткөндөй, Казакстан ишин жакшы координациялап алган жана чет жактан тажрыйба топтоп келген террордук топтордун агрессиясына кабылды", — деп билдирди ТИМ.
Алар чет элдик ЖМКларга кинени төмөнкүчө койгон.
"Алдын ала маалымат боюнча, кол салгандардын арасында радикалдуу ислам топторунун тарабында туруп, "согуш чыккан аймактарда" болуп келген, тажрыйбалуу кишилер бар. Учурда Казакстандын тартип коргоо органдары жана Куралдуу күчтөрү кээ бир чет элдик ЖМКлар бурмалап жазып жаткандай, "тынчтык митингине чыккандарга" эмес террорчуларга каршы туруп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.
ТИМ Казакстандагы абал турукташкандан кийин ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрү өлкөдөн чыгып кетерин билдирген.
Террорчуларга каршы аракеттерди ЖККУнун тынчтык орнотуучулары эмес, Казакстандын Куралуу күчтөрү жүргүзө тургандыгы айтылган.
Тартип коргоо органдарына азыркы абалды жана анын эмнеден келип чыккандыгын толук изилдеп чыгып, жыйынтыгын эл аралык коомчулукка билдирүү тапшырмасы берилген.
"Казакстан ислам радикалдары жана террорчулардан Конституция менен демократияны чечкиндүүлүк менен коргоого даяр", — деп билдирген ТИМ.
Буга чейин коңшу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев 10-январды жалпы улуттук Аза күтүү күнү деп жарыялаган. Ага ылайык, өлкөнүн желектери түшүрүлүп, ЖМКлардан көңүл ачуучу программалар токтотулат.
Казакстандагы башаламандык учурунда 164 адам каза болгон. Анын ичинен экөө жаш бала, 18и күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери.
Маалыматка караганда, Алматы шаарында 103, Кызыл-Ордо облусунда 21, Жамбыл облусунда 10, Алматы облусунда 8 адам курман болгон.
Темир жол вокзалдагы кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстандан кыргызстандыктар эвакуацияланды
Жаңылыктар түрмөгү
0