Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
2022-жыл жаңырары менен Казакстанда автоунаага газдын кымбаттап кетишинен улам митингдер башталып, 5-январга караган түнү митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышты. Президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин киргизип, ЖККУдан жардам сураган. Учурда өлкөдө кырдаал турукташты.

Казакстан: бир нече экстремисттик топ кол салып, ЖККУ өлкө бүтүндүгүн сактап калды

© REUTERS / TURAR KAZANGAPOVНур-Султанда блок-постто турган полиция кызматкерлери. Архивдик сүрөт
Нур-Султанда блок-постто турган полиция кызматкерлери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2022
Жазылуу
Учурда Казакстандын армиясы антитеррористтик операцияларды жүргүзүп, анын алкагында алты миңге чукул адам кармалганы айтылды.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Тогуз күн мурда нааразычылык акциялары башталып, кийин ири башаламандыкка айланган коңшу Казакстанда өлкө бийлиги экстремисттик эки топту жок кылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетине шилтеме берип Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Аталган комитет массалык башаламандыктын катышуучуларын жана террордук актыларды уюштургандарды издөөсүн улантып жатканы айтылган.
"Азырынча Алматы шаарынын аймагында экстремисттик эки ячейка жок кылынды. Алар 4-8-январь күндөрү болгон массалык башаламандыкка катышкан. Кармалгандардын жашаган жеринен ок дарысы менен куралдар, кулак тундуруучу гранаталар жана диний мүнөздөгү адабияттар табылды. Топтордун биринин лидери башка жактардагы террордук уюмдар менен байланышы бар чет элдик жаран болуп чыкты. Ал Казакстанга атайын башаламандык уюштуруп, бийликке жана күч органдарына кол салуу максатында келген", — деп айтылат маалыматта. 
Казакстанда болгон окуялар жөн гана нааразычылык акциясы эмес, террордук чабуул экенин өлкөнүн мамлекеттик катчысы Ерлан Карин дагы айтты.
Анын пикиринде, "атайын даярдык жана көп сандагы курал-жарак болмоюнча Алматы сыяктуу мегаполистин полициясын бир нече күн бою мындай кыйчалыш абалда кармап туруу мүмкүн эмес эле".
"Мен 20 жылдан бери террорчулук көйгөйү менен күрөшүп келе жатам. Бирок бир нече топ биригип алып, ири шаарга чабуул койгон учурду эстөө кыйын. Бул атайын кызматтар үчүн жаңы чакырык. Баса, президентибиз ушул учурда ЖККУдан жардам сурап туура чечим кабыл алды. Аскерлердин кириши абалды курчутуу аракетине балта чаап, Казакстандын бүтүндүгүн сактап калды", — деди Карин.
Көп өтпөй өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Казакстан Конституция менен демократияны ислам радикалдарынан жана террорчуларынан коргоого даяр экенин айтып чыкты.
"Алматыдагы жана өлкөнүн башка аймактарындагы окуялар көрсөткөндөй, Казакстан ишин жакшылап координациялап алган жана чет жактан тажрыйба топтоп келген террордук топтордун агрессиясына кабылды", — деп билдирди ТИМ.
Тартип коргоо органдарына азыркы абалды жана анын эмнеден келип чыккандыгын толук изилдеп чыгып, жыйынтыгын эл аралык коомчулукка билдирүү тапшырмасы берилген.
Бүгүн, 10-январда, Казакстан эли митингден кийин тутанган башаламандыкта каза тапкандарга байланыштуу аза күтүп жатат. Буга ылайык, өлкөнүн желектери төмөн түшүрүлүп, ЖМКлардан көңүл ачуучу программалар токтотулду.
9-январдагы маалыматтар боюнча Казакстандагы башаламандык учурунда 164 адам каза болгон. Анын ичинен экөө жаш бала, 18и күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери. Алматы шаарында 103, Кызыл-Ордо облусунда 21, Жамбыл облусунда 10, Алматы облусунда 8 киши көз жумган. Ал эми 2 265 киши ооруканага түшкөн, азыркы тапта 83 бейтап оор абалда жатат.
6-январга караган түнү президент Касым-Жомарт Токаев Алматыда башаламандык уюштургандарды сырттан даярдалган террордук банда деп атап, кырдаалды турукташтыруу үчүн ЖККУдан жардам сураган. Кыргызстандан 150 аскер жөнөтүлгөн.
Учурда Казакстандын армиясы антитеррористтик операцияларды жүргүзүүдө. Анын алкагында алты миңге чукул адам кармалды.
Казакстандын желегинин жанында бараткан адам - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстан ТИМи чет элдик ЖМКларга нааразы болуп, билдирүү таратты
Жаңылыктар түрмөгү
0