Облустарды кыдырып гүл өстүрүүнү жайылтабыз. Демилгелүү Субанбекова менен маек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков Асель Сыдыкова"Кызгалдак +" коомдук кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү Айтбүбү Субанбекова
Кызгалдак + коомдук кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү Айтбүбү Субанбекова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2022
Жазылуу
Убакыттын өтүшү менен дүйнөдө экология маселеси курчуп бара жатат. Анын ичинде кыргызстандыктардын да өлкөнү, аймактарды жашылдандыруу аркылуу чөйрөнү таза кармоону колго алуу зарылдыгы турат.
Sputnik Кыргызстан редакциясы "Гүлдөгөн Кыргызстан" долбоорунун алкагында түзүлгөн "Кызгалдак +" коомдук кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү Айтбүбү Субанбекова менен фонддун жасап жаткан иштери туурасында маектешкен.
— Сиздердин кайрымдуулук фонддун аймактарды жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча иштериңиздер журналисттер тарабынан да көп чагылдырылууда. Кандай демилге менен түзүлүп калгансыздар?
— "Кызгалдак +" кайрымдуулук фонду Бишкектин чекесинде жайгашкан Арча-Бешик жаңы конушунун жашоочуларынын жеке демилгеси менен түзүлгөн. Фонддун негизги максаты — адамдардын айлана-чөйрөгө жасаган мамилесин, жашоо-шартын жакшыртуу, тургундарга эстетикалык рахат тартуулоо, жаштарды табиятты сүйүүгө жана жаратылышты коргоого тарбиялоо. Эң негизгиси пенсия курагындагы адамдардын бош убактысын пайдалуу колдонуу. Убагында мугалим болуп иштегем, азыр пенсиядамын. Фонддун директору Миргүл Шатманова психолог болуп эмгектенет. Биздин кайрымдуулук фонддун мүчөлөрү болгон айымдардын бардыгы убагында коомдук, мамлекеттик иштерде эмгектенген. Азыр Таласта жана Ошто да фонддун мүчөлөрү иш алып барышат.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Гүлдөгөн Кыргызстан" долбоорунун алкагында түзүлгөн "Кызгалдак +" коомдук кайрымдуулук фондунун мүчөлөрү.
Благотворительный фонд Кызгалдак+ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2022
"Гүлдөгөн Кыргызстан" долбоорунун алкагында түзүлгөн "Кызгалдак +" коомдук кайрымдуулук фондунун мүчөлөрү.
— Сиз кайсы бир чет мамлекетке барып, анан ушундай жакшы иштерди көргөн соң, "бизде деле жасаса болот экен" деген идея келгенин уктум эле...
— Пенсияга жакында эле чыктым. Бир жолу мектепте иштеп жүргөндө практикага өзбек мектебине барып, ал жакта гүлдөр майрамы болгону жатыптыр. Ага классымды алып барып, 1-орунду алганбыз. Ошол 1980-жылдардан кийин эле "эмне үчүн бүткүл Кыргызстан гүлдөр майрамын майрамдабайт" деп ойлоно берчүмүн. Ушул ой жүрөгүмдө жашап калды. Анан өзүм иштеген мектепте жыл сайын өткөрүп баштадым. Акыркы жылдары бир маркетинг фирмада иштеп, анын арты менен көптөгөн өлкөлөрдө болуп, Түркия, Кытай, Египет, Малайзия Сингапурга бардык. Анан эсимде калганы, Сингапурда ушундай укмуш гүл паркына бардык. Аянты да абдан чоң экен. Гүлдөрдүн да түрлөрүн көрдүк. Анан "биздин мекенибизде деле ушундай парк болсо" деп тамшанып кайтканбыз. Келгенден баштап эле ылайыктуу жер көрсөм эле "ушул жерге гүл паркын ачсак" деп аябай кыялданып жүрдүм. Пенсияга чейин жумуш, балдар, үй-бүлө деп жүрүп өз максаттарыңды аткарууга убакыт жетпей калат экен. Анан пандемия маалында кошуналар болуп көчөбүзгө гүл тиктик. Анан алар ар түркүн гүлдөгөн учурда ары-бери өткөндө суктанып "силердин гүлдөрдү көрсөм эле чарчаганым унутулуп, жарпым жазылат" дегендер көбөйдү. Ушундан улам күч-кубат алып, вотсапптагы ар кайсы топторго оюмду, идеямды тизмектеп жазып, телефонумду тиркеп кат жаза баштадым. Анан көп өтпөй эле Кыргызстандын булуң-бурчунан көптөгөн сунуштары менен сүйүнүп колдогон аялдар чала баштады. Арасында пенсия курагындагылардан баштап жаш келиндерге чейин бар эле. Өзгөчө Талас облусу активдүү болуп, жазында гүл тигүү акциясын жергиликтүү бийликтин, телевидениенин катышуусунда баштадык. Ал эми күзүндө гүлдүн уругун чогултуңуздар деген сунуш менен кайрылганбыз. Себеби ар түркүн гүлдүн миллиондогон уруктары жерге түшүп чирип кетет. Таластан Нурбү Адигинеева аттуу эжекебиз гүлдүн уругун терип, бир мүшөк кылып берип жибериптир. Өзүбүз да гүлдүн уруктарын жыйнап, жазында баарын бекер тараттык. Аны алган эл өздөрү эле мечиттин, коомдук жайлардын, өчпөс оттун жанына гүл тиге башташты. Ошентип акция өткөрүп, Бишкектин "Ынтымак" паркында да "Гүлдөгөн Кыргызстан" деген ураан менен чыгып, гүл майрамын өткөрдүк. Биздин мектеп окуучулары менен Индиянын окуучулары биригип гүл майрамын майрамдаганбыз. Азыр Таластын Бекмолдо айыл өкмөтү учурда муну өркүндөтүп жатышат. Жаздан баштап буюрса дагы улантып, гүлдөрдүн түрүн тигебиз. Алгач Арча-Бешик конушун гүлдөтөлү деп жатабыз, анан бизди көрүп башкалар да чыксын. Ошентип идеяны Кыргызстандын булуң-бурчуна таратабыз.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кызгалдак +" кайрымдуулук фонду Бишкектин чекесинде жайгашкан Арча-Бешик жаңы конушунун жашоочуларынын жеке демилгеси менен түзүлгөн.
Благотворительный фонд Кызгалдак+ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2022
"Кызгалдак +" кайрымдуулук фонду Бишкектин чекесинде жайгашкан Арча-Бешик жаңы конушунун жашоочуларынын жеке демилгеси менен түзүлгөн.
— Бишкектин ичин "Тазалык" ишканасы колунан келишинче тазалап, жашылдандырууга аракет кылып жатышат. Сиздер жаңы конуштарга басым жасап жатыпсыздар...
— Биз муну жалпы Кыргызстанга жайылтсак дейбиз. Ар бир облус жетекчилигине кат жибергенибизде Таластын губернатору дароо колдоого алган. Алар катты ар бир мектепке, айыл өкмөтүнө жибериптир. Биз айылдарды кыдырып, демилгебиз менен тааныштырып жүрсөк, "силердин катыңар бизге келген. Мына ушинтип гүл тигип, гүлдөтүп жатабыз" дешип толкундануу менен эмгектерин көрсөтүп жатышты. Гүл — деген адамдын көңүлүн көтөрүп, дем, кубаныч берет экен да.
Ал эми Бишкекте өткөн гүл майрамды мэрия, Ленин райондук акимчилиги абдан жакшы колдоду. Башкалары да тилектештигин билдирип жатышты. "Ынтымак" паркында өткөн иш-чарага бишкектиктер балдары менен келишкен. Балдарга да ар кандай сынактарды өткөрүп, гүлдөрдүн сүрөтүн тарттырып, анан "Кыргызстандын кандай болушун каалайсыңар?" деген тапшырма бердик. Ошондо 20 бала сүрөт тартууга катышты. Балдардын сүрөт тартууда алган рахатын, кубанычын көрүп абдан сүйүндүк. Анан "Ак мөөр", "Аруузат" шайыр апалар тобу келип, ыр-бий тартуулашты. Бул эки топ бизге дайыма кош колдоп жардам берип келе жатышат.
— Аймактарда да демилгени колдогон апалар бар экен. Мындан тышкары, кандай иштерди жасап жатасыздар?
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кызгалдак +" коомдук кайрымдуулук фондунун мүчөлөрү жарандарды кайдыгер эмес, кайрымдуу болууга чакырышарын айтышты.
Благотворительный фонд Кызгалдак+ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2022
"Кызгалдак +" коомдук кайрымдуулук фондунун мүчөлөрү жарандарды кайдыгер эмес, кайрымдуу болууга чакырышарын айтышты.
— Жакында эле Бишкектеги ири соода үйүндө кайрымдуулук акциясын өткөрдүк. Чоң Кеминдин Кызыл-Байрак айылынын китепканасында китептер жетишсиз экен. Ал айылдын жашоочуларынын суранычы менен китеп чогултуп бердик. Мындан тышкары, "Фонтан жизни" деп аталган кароосуз калган жарандарга жардам берген коомдук-кайрымдуулук фонду менен биргеликте "Келгиле, жылуулук тартуулайлы" деген аталышта акция өткөрүп, фондго кайрылгандарга жылуу кийимдерди чогулттук. Ушундай кош акция өткөрдүк. Жарандарды кайдыгер болбой кайрымдуу болууга чакырабыз. Быйыл жазында Ош, Чүй облустарын кыдырып, май айларында Ысык-Көлгө, Нарынга барып келели деп турабыз.
— Аял кишинин үйдөгү түйшүгү да арбын эмеспи. Баарына кантип жетишип жатасыздар?
— Азыр бейтапканага барсаңыздар кезек күтүп турган пенсия курагындагы айымдар абдан эле көп. Ал эми биз дайыма кыймылда болгондуктан ооруганга да убакыт жок. Негизи гүл да адамга жакшы эмоция тартуулоо менен иммунитетти да көтөрөт окшойт.
Былтыр шаардагы №71 мектепке барсак, түндүк тарабына "гүл өспөйт" деп айдашпайт экен. Биз барып көп жылдык Лилия өңдүү гүлдөрдү тигип кеткенбиз. Быйыл барып карасак, тимеле көздүн жоосун алып укмуш өсүптүр. Аны көрүп өзүбүз кубандык. Эми ушундай иштерден эстетикалык рахат да алып жатабыз. Муну байкаган үй-бүлөм да ишимди кош колдоп кабыл алды. "Үйдө ооруп жаткандан көрө элге кызмат кылуу максатыңызды аткара бериңиз", — деп бала-чакам, жолдошум баары колдоосун билдирген. Анткени үйдө бош отурганда, кыймылдап эч нерсе менен алек болбосо адам оорлой берет эмеспи.
Ош шаарындагы №52 Кыргыз-түрк достугу мектеп-лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Илгиз Шамырзаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2021
Жылдын мыкты мугалими Илгиз Шамырзаев: баланы түшүнгөндө гана жылуулук жаралат
Жаңылыктар түрмөгү
0