Жылдын мыкты мугалими Илгиз Шамырзаев: баланы түшүнгөндө гана жылуулук жаралат

© Sputnik / Табылды КадырбековОш шаарындагы №52 "Кыргыз-түрк достугу" мектеп-лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Илгиз Шамырзаев
Ош шаарындагы №52 Кыргыз-түрк достугу мектеп-лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Илгиз Шамырзаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2021
Жазылуу
Бүгүн — адам баласынын жашоодо өз ордун табуусунда салымы чоң, ардактуу кесип аталган мугалимдердин майрамы. Бул күндү утурлай Билим берүү жана илим министрлиги "Жылдын мыкты мугалими" аттуу конкурс өткөрүп келет.
Аталган конкурс быйыл да болуп өттү. Анда 28 жаштагы мугалим 2021-жылдын мыкты окутуучусу аталды.
Сынактын жеңүүчүсү Илгиз Шамырзаев Ош шаарындагы №52 "Кыргыз-түрк достугу" мектеп-лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенет. Жогорку окуу жайын аяктаган соң дароо эле өз кесиби менен иштөөгө киришкен.
— Сыйлыгыңыз кут болсун! Негизи эркек балдар мугалимдикке анча кызыкпайт эмеспи. Бул кесипти кандайча  тандап калдыңыз?
— Рахмат. Окуучу кезимен эле мугалимдик кесипке кызыгуум күч болчу. Кечээки сынакта деле педагогикалык тажрыйбамды презентациялап жатып кайсы бир дарыгердин катачылыгы бир бейтаптын өмүрүнө кооптуулук жаратып коюшу бышык, ошол эле убакта айдоочунун катасы бир нече жүргүнчүнүн өмүрүн тобокелге саларын, ал эми бир мугалимдин кемчилиги бүтүндөй мамлекетти талкалап коюшу мүмкүн экендигин айттым. Ошондуктан мектепте окуп жатканда эле коомго пайдам тийген кесиптин ээси болууну самап, ары кооптуу жана жоопкерчиликтүү ушул кесипти тандагам. Университетте 27 кыздын арасында жалгыз өзүм болчумун. Чынында биздин коомдо эмнегедир эркектер мугалим болууга анчейин ынтызар эмес. Ал эми бул кесип менин бала кездеги кыялым эле, ата-энем да "үйдүн улуусу болгон соң жаныбыздан алыс кетпей мугалимдикти аркалап эле өз айылыңда жаша" деп кеңеш беришкен.
© Фото / пресс-служба МОиН КРОш шаарындагы №52 "Кыргыз-түрк достугу" мектеп-лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Илгиз Шамырзаев
Учитель кыргызского языка и литературы Ильгиз Шамырзаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Ош шаарындагы №52 "Кыргыз-түрк достугу" мектеп-лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Илгиз Шамырзаев
— Үй-бүлөңүздө сизден башка да педагогикалык кесипти аркалагандар барбы?
— Үйдө төрт бир туугандын эң улуусумун. Менден кийинки карындашым да ушул кесипти тандады. Келинчегим да мугалим, буюрса балабыз да мугалим болот деп кыялданабыз. Ал эми ата-энем такыр башка кесиптин ээлери.
— Бала кезден кыялыңыз менен реалдуу жашоодо кесиптин түйшүгүндө айырмачылык бар бекен? Иштеп калган учурда мугалимдикти тандаганыңызга өкүнгөн күндөрүңүз болдубу?
— Окуу жайды бүтүп, мектепке жумушка киргенде "мугалим балдарга сабагын берет да болду, эртеңки күнгө чейин үйүнө барып эс алат" деп ойлочумун. Көрсө, акпай калган сууну балыр, пайдаланылбаган темирди дат баскандай эле акылды деле туура колдонбосо мокоп баштайт экен. Мугалим болгондон кийин күндө изденип, ошол илимдин артынан түшпөсө иши солгундайт. Сабак өтүүдөн тышкары кагаз иштери, журнал толтуруу, балдардын билимин текшерүүчү түрдүү тапшырмаларды кароо менен да алекпиз. Негизи эле түйшүктүү кесип экен. Анын үстүнө өзгөчө кыргыз тилчилерге мектепте жумуш көп. Кайсы бир белгилүү инсандын, окумуштуунун юбилейи же майрамдык иш-чаралар болобу, анын баарынын сценарийи, уюштуруу иши кыргыз тилчилердин колунан өтөт. "Эмнеге мынчалык түйшүктү тандап алдым? Кой, ушунчамда эле кетип калайын" деген чечимдер болгон. Бирок мунун баары жан дүйнөсүндө кири жок балдарды көргөндө эле шамал айдап кеткендей жоголот. Азыр мектепке кадимкидей көнүп калдым.
© Sputnik / Табылды КадырбековИлгиз Шамырзаев: "Эмнеге мынчалык түйшүктү тандап алдым? Кой, ушунчамда эле кетип калайын" деген чечимдер болгон. Бирок мунун баары жан дүйнөсүндө кири жок балдарды көргөндө эле шамал айдап кеткендей жоголот.
Учитель кыргызского языка и литературы Ильгиз Шамырзаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Илгиз Шамырзаев: "Эмнеге мынчалык түйшүктү тандап алдым? Кой, ушунчамда эле кетип калайын" деген чечимдер болгон. Бирок мунун баары жан дүйнөсүндө кири жок балдарды көргөндө эле шамал айдап кеткендей жоголот.
— Коомчулукта "эң аз айлык менен эң көп түйшүк мугалимдики" деп айтышат. Ушул нерсе менен макулсузбу?
— Мугалимдин айлыгы канчалык жогору болгон сайын коомдо мугалимге болгон урмат-сый жогорулайт. Эже-агайларга ызаат көрсөтүлсө, билим берүүнүн сапаты да өсөт. Жалпы мугалимдин айлыгы тууралуу жеке пикиримди билдире албайм. Негизи өзүмдүн айлыгым мага жетет.
— Сынакта биринчиликти алып каларыңызды ойлодуңуз беле?
— 2016-жылы 5-курста окуп жүргөндө мугалимдер арасында республикалык "Дебют" сынагы болгон. Ошол сынактан 1-орунду алгандан кийин ушул күнгө чейин үзгүлтүксүз бир канча сынактарга катыштым. Бирок бардыгында тең алдыңкы орундарды багынткам. Негизи бир нерсеге күчүм жетерине ишенген учурда гана кадам таштайм. Жөн эле убактымды короткум келбейт. Бул сынакка Ош шаарынан жолдомо алгандыктан мойнумда шаардын намысын коргоо жоопкерчилиги турду. Бир нече күн уктабай даярданган күндөр болду, бирок эмгектин акыбети кайтып, жакшы жыйынтыкка жетиштик.
© Фото / пресс-служба МОиН КРИлгиз Шамырзаев: бир нерсеге күчүм жетерине ишенген учурда гана кадам таштайм. Жөн эле убактымды короткум келбейт. Бул сынакка Ош шаарынан жолдомо алгандыктан мойнумда шаардын намысын коргоо жоопкерчилиги турду.
Учитель кыргызского языка и литературы Ильгиз Шамырзаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Илгиз Шамырзаев: бир нерсеге күчүм жетерине ишенген учурда гана кадам таштайм. Жөн эле убактымды короткум келбейт. Бул сынакка Ош шаарынан жолдомо алгандыктан мойнумда шаардын намысын коргоо жоопкерчилиги турду.
— Баятан бери балдардын учурашканы бардык түйшүктү жууп кетерин жана кесипти сүйүү керектигин баса белгилеп айтып жатасыз. Бирок азыркы Z муундун балдары абдан ачык, оюн так билдирип, кемчилигиңди бетке айтат. Мындай балдар менен иштешүүдө кандай педагогикалык ыкмаларды колдоносуздар?
— Мектепте иштеп жатканыма беш жарым жыл болду. Азыр 5-класстан 9-класска чейин сабак берем. Менде окуучулар менен түшүнүшпөгөн учур боло элек. Бир нерсени аңдадым, мугалим кесибин сүйүп, сабагын изденүү менен кызыктуу өткөнгө аракеттенсе, аны окуучулар байкайт экен. Мындай педагогдун кадыр-баркы окуучулар арасында да, ата-энелер арасында да жогорулап, ыраазылыгын билдиришет.
Бир жолу 6-класска сабак өтүп жатсам балдардын көзү терезеде. Эшикте сонун жамгыр жаап жаткан. Мен болсо жаңы теманы балдарга түшүндүрүшүм керек эле. Ошол учурда "биякты карагыла" деп эле кыйнап сабак өтө берсем туура болбой калмак. Алар баары бир мени укмак эмес. Балдарга "келгиле, терезени ачып, колдорубузду жамгырга тособуз" десем баары сүйүнүп, жыргашты.
© Sputnik / Табылды КадырбековИлгиз Шамырзаев: Бир нерсени аңдадым, мугалим кесибин сүйүп, сабагын изденүү менен кызыктуу өткөнгө аракеттенсе, аны окуучулар байкайт экен. Мындай педагогдун кадыр-баркы окуучулар арасында да, ата-энелер арасында да жогорулап, ыраазылыгын билдиришет.
Учитель кыргызского языка и литературы Ильгиз Шамырзаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Илгиз Шамырзаев: Бир нерсени аңдадым, мугалим кесибин сүйүп, сабагын изденүү менен кызыктуу өткөнгө аракеттенсе, аны окуучулар байкайт экен. Мындай педагогдун кадыр-баркы окуучулар арасында да, ата-энелер арасында да жогорулап, ыраазылыгын билдиришет.
Окуу жылынын акыркы күнү болчу, андан кийин эшикке чыгып футбол ойнодук. Бул айрымдар үчүн ак көйнөгүн кир кылып баткакта ойноо тетири көрүнүш болушу мүмкүн, бирок окуучуларга болуп көрбөгөндөй кубаныч, бакыт тартуулады. Ата-энелер да түшүнүп кабыл алды. Муну менен мен мугалим дайыма эле үйрөтүүчү, тартип менен дисциплинаны сактоочу эмес, айрым учурда балдардын досуна айланышы керек экенин айткым келет. Анткени алар алган кээ бир маалыматтарды унутушу мүмкүн, бирок мектептеги жакшы күндөр өмүр бою эсинде калат. Мугалим менен окуучунун ортосунда ушундай мамиле түзүлсө гана ал балдар агайды урматтап, предметин сүйүп окушат деп ойлойм. Азырынча мына ушул методиканы туура көрүп, ушундай ыкма менен балдарга сабак берип келем.
Жаңылыктар түрмөгү
0