2022-жылы кыргызстандыктар дагы 9 күн катары менен эс алышы мүмкүн

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБишкектин Жеңиш аянтындагы митинг-реквием. Архивдик сүрөт
Бишкектин Жеңиш аянтындагы митинг-реквием. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.01.2022
Жазылуу
Министрлер кабинети үч майрамдын макамын кайра карап чыгуу боюнча да сөз кылган.
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. 2022-жылы май айынын башында кыргызстандыктар дагы 9 күн катары менен эс алышы мүмкүн. Бул тууралуу буга чейин министрлер кабинети Жаңы жылдан кийинки эс алуу тууралуу маалымат бергенде билдирген.
"1, 5 жана 9-май да майрам күнү болуп саналат, ал эми Орозо айт майрамы май айынын биринчи күндөрүнө туура келгендигине байланыштуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан 1-майдан 9-майга чейинки мезгилди жумуш күнү эмес катары жарыялоо сунушу киргизилди", — деп жазылат маалыматта.
2022-жылы майрамдардын көптүгүнө байланыштуу министрлер кабинетинде 23-февраль (Ата Мекенди коргоочулар күнү), 7-апрель (Апрель революциясы күнү), 7 жана 8-ноябрдын (Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү) макамын кайрадан карап чыгуу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгуу маселеси да каралып жатканы айтылган.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул боюнча чечим быйылкы жылдын I кварталында кабыл алынарын билдирген. 7-апрель жана 7-8-ноябрь Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда майрам күн катары жарыялаган.
Кыз майрам учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.12.2021
Психолог майрамдык маанай жаратуунун ыкмасын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0