Кышында Бишкектен алыс эмес кайда эс алууга болот? Баасы жана дареги

© Sputnik / Табылды КадырбековКышында эс алуу жайы. Архивдик сүрөт
Кышында эс алуу жайы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2021
Жазылуу
Алдыда жаңы жыл. Бишкектин көпчүлүк тургундары майрамды жана эс алууну кайда жана кантип өткөрүүнү ойлоп турган чагы.
Sputnik Кыргызстан агенттиги окурмандарга Бишкектен анча алыс эмес жайгашкан бир канча эс алуу жайларын чогултту. Окурмандар алардын дареги, кызматынын түрлөрү жана акысы менен тааныштырат.

"12 каминов" эс алуу комплекси

Дареги: Кой-Таш айылындагы Аламүдүн капчыгайы
Иштөө убактысы: 12:00дөн түнкү 23:00гө чейин
Баасы: төрт орундуу коттедждер суткасына 8000 сомдон башталат. Анын ичине эртең мененки тамак да камтылган. Комплексте бар, мончо, бильярд жайгашкан.
Эс алуу комплекси 31-декабрда толук иштейт.
Байланыш телефондору: 0701 69 06 90, 0770 55 55 08
Социалдык тармактагы баракчасы: Instagram

"Гавайи" эс алуу комплекси

Дареги: Бишкектен Токмокту көздөй бет алган жолдо, автомагистралдын боюндагы Гидростроитель айылы
Иштөө убактысы: күнүнө эртең мененки 10:00дөн түнкү саат 00:00гө чейин иштейт.
Баасы: комплекстин "Бурана" мейманканасына суткасына эки кишиге 75 доллар, 12 саатка 50 доллар. Буга эртең мененки тамак да кирет. Комплексте балык кармап, 10:00дөн 20:00гө чейин зоопаркына кире аласыз. "Гавайи" эс алуу жайы 31-декабрда иштейт.
Байланыш телефондору: 0999 83 90 99, 0555 75 24 17, 0701 77 50 55
Социалдык тармактагы баракчасы: Instagram

"Кленовый лист" гольф-клубу

Дареги: Кара-Жыгач айылындагы Фрунзе көчөсү, 1
Иштөө убактысы: дүйшөмбүдөн жумага чейин 10:00дөн 18:00гө, ал эми дем алыш жана майрам күндөрү 10:00дөн 23:00гө дейре иштейт. Оюн талаасында 17:00гө чейин ойноого болот. Түнөп калуу шарты жок.
Баасы: бир оюн айлампасы үчүн иш күндөрү 2000 сом, дем алыш же майрам күндөрү 2500 сом.
Каалоочулар үчүн байланыш номерлери: 0500 77 71 66, 0507 77 60 16.
Социалдык тармактагы баракчасы: Instagram

"Кыргыз айылы"

Дареги: Арашан айылы
Иштөө убактысы: күнү-түнү тынымсыз иштейт.
Баасы: мейманканасынын 2-3 орундуу номерлери суткасына 2500-3000 сом, ал эми сегиз кишилик үйлөрү 13 000 сом, он кишилик үйлөрү 14 000 сом турат. Бул төлөмдөргө эртең мененки тамак да камтылган. Ат минип, балык кармап, жаа атып, кыргыз улуттук оюндарын ойноп көңүл ачууга болот. Спорт аянтчасы да бар. Жаңы жыл түнү корпоратив өткөрүү буюртмаларын алат.
Байланыш номерлери: 0706 31 00 32, 0550 31 00 00
Социалдык тармактагы баракчасы: Instagram

"Ала-Арча легендасы"

Дареги: Кашка-Суу айылындагы Зарлык Думанаев көчөсү, 2
Баасы: мейманканасы эки киши үчүн суткасына 2000 сом. Мончо жана кышкы сейилдөө шарттарын сунуштайт.
Байланыш номерлери: 0551 30 36 03, 0501 30 36 03
Социалдык тармактагы баракчасы: Instagram

"Оруу-Сай" эс алуу жайы

Дареги: Оруу-Сай капчыгайы, Бишкектен 35 чакырым алыстыкта жайгашкан. Чуңкурчак айылындагы Ёлочная, 1
Иштөө убактысы: комплекс күнү-түнү кызматта.
Баасы: мейманканасы киши башына бир суткага 1000 сом алат. Эртең мененки, түшкү жана кечки тамак күнүнө 2000 сом. Каалагандар өздөрү камдап алса да болот. Эс алуу комплексинде лыжа, сноуборд тепсе болот. Жаңы жыл түнү иштейт, майрамда киши башына эки күндүк эс алуу үчүн 100 доллар.
Байланыш телефондору: 0553 71 71 61
Социалдык тармактагы баракчасы: Instagram

Royal Fish

Дареги: Бишкектен анча алыс эмес жерде жайгашкан Кой-Таш айылындагы Чыңгыш баатыр, 1 көчөсүндө жайгашкан.
Иштөө убактысы: эс алуусуз, эртең мененки 10:00дөн кечки 22:00гө чейин иштешет. Балык кармаса болот жана балдар үчүн эс алуу аянтчалары бар.
Социалдык тармактагы баракчасы: Instagram

Supara этнокомплекси

Дареги: Көк-Жар айылы, Карагул Акмат, 1а
Иштөө убактысы: комплекс күнүнө 11:00дөн түнкү 12:00гө чейин иштейт. Экскурсия, бүркүт агытуу, жаа атуу менен алектене аласыз. Этномузейи (билет 100 сом) да бар. Комплекс 30-декабрдан 1-январга чейин иштебейт.
Байланыш телефондору: 0555 46 50 51

Supara эс алуу базасы

Дареги: Чуңкурчак айылы
Иштөө убактысы: меймандарды күнү-түнү кабыл алат.
Баасы: тоо койнундагы люкстар (боз үйлөр) эртең мененки тамагы менен — 9000 сом, жарым люкстар эртең мененки тамагы менен 7000 сом. Тамактары орточо чек менен 13 000 сомду түзүп калат. Боз үйдө жаңы жыл тосуу — киши башына 16 миң сом, жети жашка чейинки балдарга 7000 сом, 7-13 жаштагыларга 8500 сом. Бул суммага жатып эс алуу, жаңы жылдык шоу, майрамдык кечки тамак жана белектер кирет. Капчыгай ичинде ат менен сейилдөө, тоого чыгуу, жаа атуу, сауна, экомончо бар. Эс алуу базасы жаңы жыл түнү толук иштейт.
Байланыш телефондору: 0553 78 72 72, 0554 96 14 14.
Социалдык тармакта баракчасы Instagram

"Форель" эс алуу базасы

Дареги: Таш-Дөбө айылы.
Иштөө убактысы: эртең мененки 8:00дөн кечки 22:00гө чейин
Баасы: түнөп кетүүнү каалагандарга 1900 сомдон 3200 сомго чейинки эки кишилик номерлер бар. Балык улоо, балдар аянтчасы, пикникке чыгуу, мончо, жабдыктарды ижарага алып муз тебүү сунушталат. Жаңы жыл түнү база иштебейт.
Байланыш номерлери: 0708 87 43 00
Социалдык тармактагы Instagram баракчасы

Kara Bulak eco resort

Дареги: Бишкектен анча алыс эмес Кара-Булак айылында
Иштөө убактысы: күнү-түнү иштейт.
Баасы: үч орундуу люкс тамак-ашы менен бир күнгө — 9800 сом, эки орундуу люкс тамак-ашы менен — 6900 сом. Ал эми төрт жашка чейинки балдардан акы алынбайт жана төрт жаштан 13 жашка чейинкилерге 1500 сом төлөнөт. SPA, бассейн, балдар бурчу, сауна, ыштык-мончо, кемпинг, ат менен сейилдөө, жаа атуу, балык кармоо сунушталат. Жаңы жыл түнү иштейт. 31-декабрдан 2-январга чейин отелде эки кишилик эс алуу — 39 500 сом турат.
Байланыш номерлери: 0770 00 18 12
Социалдык тармактагы Instagram баракчасы

"Татыр" эс алуу жайы

Дареги: Арашан айылы, "Кыргыз айылы", 1а
Иштөө убактысы: күнүгө 8:00дөн түнкү 00:00гө чейин
Баасы: эс алуу жайдагы кичинекей үйлөр суткасына 10 000 сом. Балдар аянтчасы, кемпинг бар.
Байланыш телефону: 0508 11 55 55
Социалдык тармактагы Instagram баракчасы

Discovery гостевой дом

Дареги: Прохладное айылы, Западная, 15
Иштөө убактысы: күнү-түнү иштейт.
Баасы: комплекс толугу менен бир суткага (20 кишиге чейин) 60 000 сомго ижарага берилет. Бир саат гана ижарага алууну кааласаңыз төрт миң сом төлөйсүз. Ашкана акысы өзүнчө төлөнөт. Ичинде бассейн, SPA, караоке бар. Жаңы жыл түнү иштейт жана ижара акысы 1000 доллар.
Байланыш телефондору: 0999 03 88 88, 0707 03 88 88
Социалдык тармактагы баракчасы Instagram

"Причал 24" конок үйү

Дареги: Бишкек, Чыңгыз Айтматов проспектиси, 24.
Иштөө убактысы: күнү-түнү иштейт
Баасы: мейманканасы бир суткага — 4 400 сом, ал эми эки саатка — 1 100 сом болот. Тамак-ашы орточо эсеп менен 500-600 сом. Фин мончосу жана хамам, жылуу бассейн, бильярд, караоке бар. Жаңы жыл түнү иштейт.
Байланыш номерлери: 0705 21 04 04, 0312 21 04 04.
Социалдык баракчасы: Instagram.

"Лепота"

Дареги: Арашан айылы, Чыңгыш баатыр көчөсү, 1а
Иштөө убактысы: күнү-түнү иштейт
Баасы: ашканасы бар, тамак-ашы орточо эсеп менен бир кишиге 1000 сом. Каалоочулар өздөрү да даярдап алууга болот. Мончо, чан, бильярд, караокеси бар. Жаңы жыл түнү иштейт.
Байланыш номерлери: 0772 55 50 98.
Социалдык баракчасы: Instagram

"Жаян"

Дареги: Буденовка айылы, Буденный көчөсү, 4
Иштөө убактысы: шаршембиден жекшембиге чейин 10:00дөн, 23:00гө дейре иштейт. Дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү иштебейт.
Баасы: Азия, кытай жана европа ашканасынын даамдары, орточо эсеп менен 500-600 сомду түзөт. Кышкы сейилдөө сунушталат.
Байланыш номерлери: 0700 12 30 09, 0550 12 30 02.

"Дача"

Дареги: Бишкек, автомагистраль,1
Иштөө убактысы: күнүнө 10:00дөн 23:00гө чейин.
Баасы: балык менюсу жана шишкебектин түрлөрү орточо эсеп менен 800-900 сомго барат. Жаңы жыл түнү иштейт.
Байланыш номерлери: 0553 09 33 22, 0703 09 33 22.
Социалдык баракчасы: Instagram
Көкөмерен капчыгайы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2020
Оруу-Сай деп туура эмес айтылат. Кыргызстандагы капчыгайлардын тарыхы
Жаңылыктар түрмөгү
0