Sputnik Кыргызстан агенттиги топонимист, географ Темиркул Эшенгулов менен баарлашып, Кыргызстандын аймагындагы айтылуу капчыгайлардын аталыш тарыхына, этимологиясына кызыгып көрдү.
Капчыгай — бул тоолордогу капталдары тик, кууш, терең өрөөн. Негизинен тоолуу аймакта чулу тоо тектүү жерлерди суу жеп кетишинен пайда болот. Тереңдиги бир чакырымга чукулдап, андан да тереңи кездешет. Тектоникалык жаракалардан да жаралышы ыктымал.
Бороондо тоңуп калган кыздар. Кыргыз ашууларынын аталыш тарыхы
Кыргызстанда капчыгайлар өтө көп. Тоо этегине жакын жайгашкан кыштактардын баарынын капчыгайлары бар. Капчыгайды пайда кылган негизги табигый күч — бул дарыялар, өзөндөр, суулар, ошондой эле мөңгүлөр. Суу он, жүз миңдеген жылдар бою агып отуруп, өзүнүн нугун табат. Ал тез эле болуп кетпейт. Суу акырындык менен жер кыртышын жеп отуруп, улам оюла берип пайда болот.
Боом капчыгайы
Боом — Күнгөй Ала-Тоонун батыш четинде жайгашкан өткөөл капчыгай. Күнгөй Ала-Тоонун батыш учун, Терек-Жону тоосунун чыгыш учун жана бул эки тоонун ортосундагы байыркы өрөөндү кесип өтөт. Узундугу 25 чакырым, таманынын жазылыгы 150-350 метр. Капталдарынын салыштырмалуу бийиктиги 500–800 метрге чейин жетет.
Бул Ысык-Көл өрөөнү менен Чүй өрөөнүн туташтырып турган капчыгай. Ысык-Көл тарабы кең, кыйла кенен. Кемин тарабы куушураак болуп турат. Этимологиясын бир гана тилдин негизинде эмес, түрк жана монгол тилдеринде аралаш кароо туура болчудай. Боом капчыгайы чыгыш тарабынан Кеминден өткөндө абдан кыскарып, кууш тартып турат. Азыр да кыргыз тилинде кеңири колдонулуп жаткан "буум" (буу, байлоо) деген сөз менен байланыштырууга болот. Экинчи бир варианты монгол тилиндеги "бомо" сөзү. Бомо — монголчодон алганда капчыгайдын бир формасы болуп эсептелинет. Морфологиялык жактан өзгөрүп, бомо — боом болуп кетиши мүмкүн.
Кереметтүү Чүйгө кеттик! Капчыгайлар, каньондор жана кызыткан кымыз
Боом качыгайы тууралуу Кыргыз эл жазуучусу Асанбек Стамовдун "Хан Тейиш" тарыхый романында да кеңири айтылат. Чыгарма боюнча аталган жердин "Боом" деп аталып калышы 17-кылымда жунгар-ойрот жапырыгына туура келет.
Ага ылайык, Боом — Тейиш хан башында турган кыргызды кырып, эл-жерге хандык кылган Галдан Бошоктунун кызы. Бийликке келгенден кийин аталган капчыгай аркылуу кыргыздардын күчү менен жол салдырып, кызынын аты берген.
Көкөмерен капчыгайы
Көкөмерен суусу Жумгал районунун аймагы аркылуу агат. Жалпы узундугу 199 чакырым, аянты 10 400 чарчы чакырым, деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2 800 метр. Суусамыр менен Батыш Каракол сууларынын кошулган жери Көкөмерен деп аталат. Ала-Белден ылдый карай аккан сууну Суусамыр суусу деп, ал эми Кочкор тараптан нары карай акканын Каракол суусу деп атайт. Эки суу Суусамырдагы Тунук айылынан кошулат. Ал эми азыркы Кожомкул кыштагынан нары Көкөмерен капчыгайы башталат. Бул капчыгай да экиге бөлүнөт. Жогорку капчыгай Арал деген кыштакка чейин созулат. Аралдан капчыгайдын элеси жоголот дагы, ошол Жумгалдан төмөн карай Миң-Куш шаарчасына кетип жатканда экинчи капчыгай башталат. Көкөмерен деген монгол тилинен которгондо "суусу мол дарыя" дегенди билдирет. Июль, август, сентябрь айларында Көкөмерендин суусу мол агат. Көкөмерен — Нарын дарыясынын эң чоң куймасы. Дарыянын рельефинин формасын эске алып, ошол жердеги капчыгай Көкөмерен капчыгайы деп аталып калган.
Төмөнкү Нарын капчыгайы
Капчыгайдын таманынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 670 метр. Сол жээгиндеги тоолордун бийиктиги — 2 060, оң жээгиндегиники 1 970 метрди түзөт.
Төмөнкү Нарын деп географиялык изилдөө иштеринин натыйжасында гана коюлуп калган. Азыр бул жердин географиялык жайгашуусун алганда төмөнкү деле болбой калды. Себеби Токтогул суу сактагычы турган жерден капчыгай көрүнбөйт. Капчыгай Камбар-Ата ГЭСи жагында калат. Токтогул суу сактагычы мурдагы Кетмен-Төбө ойдуңун бүт ээлеп, кууш жеринде Нарынды бууп, андан жасалма көл пайда болгон. Ошол жерден суу агып чыгып, андан ары Күрп-Сай суу сактагычы башталат. Ушундан улам капчыгайды суу сактагыч каптап калган. Күрп-Сайдын, Таш-Көмүрдүн суу сактагычы болуп кетип отуруп, төмөн жагында түздүк башталып, ошол Нарын дарыясына курулган биринчи ГЭС — Үч-Коргон ГЭСи. Ушул аймакта суу бойлогон капчыгайдын изин жакшы көрө албайбыз, себеби жасалма көл пайда болгон. Бирок капчыгайдын жалпы сүрөттөлүшү сакталып турат. Ошол аймакты Төмөнкү Нарын деп атайбыз.
Кыргызстан — туристтер үчүн коопсуз өлкөлөрдүн катарына кирди
Ал эми илимий-экономикалык жактан айтканда, Төмөнкү Нарын каскады деп аталат. Бир сууга эки же андан ашык ГЭС курулса, каскад деп аталат эмеспи. Нарын дарыясына Токтогул, Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Үч-Коргон ГЭСи курулган. Эми Камбар-Ата ГЭСтери курулууда. Географиялык, геологиялык изилдөөлөр боюнча эле Нарын шаарынан баштап Ак-Талаанын бир топ жери, ушу Эки Нарындан тарта Тогуз-Торонун капчыгайына чейин Ортоңку Нарын өрөөнү деп аталып калган. Ушундан ылдыйкысын, анан Төмөнкү Нарын деп шарттуу түрдө атап коюшкан. Себеби ортодо тургандыктан гана ортоңку сөзү изилдөөнүн натыйжасында жасалма кошулуп калган. Бирок жергиликтүү эл антип атабайт.
Кара-Балта капчыгайы
Кара-Балта капчыгайы Сосновка кыштагынан башталып Төө-Ашуунун 3 000 метр бийиктигине чейин созулуп жатат. Капчыгайды бойлой Бишкек — Ош жолу салынган. Капчыгайда Кара-Балта жана Абла суусу агат.
Негизинен уламыш боюнча, бир киши көчүп-конуп жүрүп, ушул аймакка балтасын унутуп кетиптир деп айтылат. Бул жөн гана элдик этимология. Кара-Балта аталышындагы "кара" деген сөз түстү жана кеңири, чоң, өткүр дегенди билдирет. Маселен, "жүрөгүндө карасы бар" деп коёбуз. Бул өткүр, тайманбас дегенди билдирет. Балта — эмгек куралы. Ошондой эле түрк элдеринде уруктун аты да кездешет. Азербайжандарда балталы деген урук бар. Демек бир жагынан алганда Кара-Балтанын аймагын ушул уруулардын өкүлдөрү жердеген болушу мүмкүн. Ушул шаарда жогорудагы уруунун өкүлдөрү отурукташкан делет. Ошол себептен Кара-Балтанын этимологиясын эмгек куралынан тышкары этноско байланыштырып кароого болот.
Адамдардан чочубаптыр! Ала-Арчада жайылып жүргөн кийиктердин видеосу
Экинчи жагынан Кара-Балтанын аймагында байыркы Ашмара, бери жагында Нускент жана Харанжуван шаарлары турган. Ошол Харанжувандын баш сөзү "хара" болуп жатат. Бул жагын да иликтеп көрүүгө болот. Харанжуванды монголдорго да жакындатып келишет.
Кегети капчыгайы
Чүйдө Кегети кыштагы, шаркыратмасы, өрөөнү жана капчыгайы бар. Кегети капчыгайы Бишкектен 80 чакырым алыс. Анда бийиктиги 20 метрди түзгөн Кегети шаркыратмасы орун алган. Капчыгайдын эң бийик чекити деңиз деңгээлинен 3 200 чакырымды түзөт.
Кайра-кайра карагың келет! Көл-Төр менен Кегетинин асмандан көрүнүшү
Кегети сөзүндөгү –ти мүчөсү кыргыз тилиндеги өзгөрүлмөлүү мүчө. Ушул мүчө гана биздин кыргыз тилине ылайыкташып, таандык болот. Кегетинин этимологиясына саякат жасасак, кыргыз тилиндеги географиялык аталыштын өзгөргөн түрү келип чыгат. Бирок Кегети менен Аламүдүндүн так, даана түшүндүрмөсү жок. Мындай географиялык аталыштар этимологиясы так эмес жер-суу аттары катары өзүнчө топко бөлүп каралат.
Аламүдүн капчыгайы
Аламүдүн капчыгайын көбү орусча "Аламедин" деп атап алышкан. Ал Бишкектен 40 чакырым алыстыкта жайгашкан капчыгай. Аламүдүн суусу Кыргыз Ала-Тоосунан түшөт. Аламүдүн сөзүндөгү "ала" сөзү монгол тили боюнча "тоо суусу" деген маанини берет. Андан тышкары, "ала" сөзүн тоо башындагы мөңгүгө да байланыштырып келебиз. Ал эми сөздүн экинчи компоненти "мүдүнгө" келгенде аксап калып жатабыз. Ошону менен Аламүдүн капчыгайынын так, толук түшүндүрмөсү белгисиз болууда.
Чычкан капчыгайы
Чычкан капчыгайы Бишкек — Ош жолунун боюнда, Кетмен-Төбө өрөөнүнө кирип бара жаткандагы Токтогул районунда. Ал Тянь-Шань кырка тоолорунун койнунда орун алган. Бери жагында Бала-Чычкан деген жери бар. Бул аталышты кемирүүчү, жалпы кылкандуу дан эгиндерине зыян алып келүүчү жалпы бир макулук жандык менен байланыштырып кароо мүмкүн эмес. Бул жердин эмне үчүн Чычкан аталып калганы азыркыга чейин табышмак.
Барскоон капчыгайы
Бул капчыгай — Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы ири капчыгайлардын бири. Тескей Ала-Тоонун суу бөлгүч тилкесинен Ысык-Көлдүн түштүк жээгине чейин 60 чакырым аралыкта созулуп жатат. Деңиз деңгээлинен 1608-3500 метр бийикте жайгашкан.
Барскоондун сүрү күч шаркыратмалары. Капчыгайдын асмандан көрүнүшү
Көлдүн тескейинде Барскоон деген чоң кыштак жайгашкан. Анын капчыгайы, өрөөнү, шаркыратмасы, ашуусу бар. Бул географиялык аталышка 1000 жылдан ашты. Мындан миң же эки миң жыл мурда ошол жерде Барскоон шаары болгон. Ал шаарда тилчи, географ, этнограф Махмуд Кашгари (Барскани) туулган. Ысык-Көл бир учурда Барскандын көлү аталган. Мына ошол шаардын аты кыштакка, өрөөнгө, дарыяга, капчыгайга кошумча ат болуп калды. Бул барскандыктардын шаары деп аталып жүргөн, демек ошол жерде барскан эли болушу мүмкүн. Махмуд Кашгаринин жазганына караганда, барскан — бул элдин аты. Мисалга, башка өлкөлөрдө кыргыздын аты менен аталган жерлер кездешет. Өзбекстандын түштүгүндөгү Аму дарыясы менен кошулган аймагында "Кыргыз ата" деген жер бар. Башкыртстанда, Казакстанда ушундай эле жер-суу аттары кездешет. Демек, Барскоон этностун аты менен коюлган деп айтууга да негиз бар.
Чуңкурчак капчыгайы
Чуңкурчак капчыгайы борбордон 70 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ал Кыргыз тоо кыркасынын башка капчыгайларынан айырмаланып, тоону бойлой түндүктөн түштүк тарапты көздөй узунунан созулуп турат. Капчыгайдын узундугу 30 чакырымды түзөт.
"Чуңкур" деген "ойдуң" дегенге жакын, анын геологиялык пайдубалы бар. Ал эми "чак" өлчөмдү көрсөтүүчү кыргыз тилиндеги ча мүчөсү катарында каралат. Мисалга, бизде жаш өзгөчөлүгүн, жаш куракты билдирген "бала чак" деген сөз бар. Чуңкурчак — карагай-черлүү, чакан, ойдуңча келген кооз капчыгай. Жаратылышынын ушул табигый өзгөчөлүгүнө карап, бир чети эркелетүү менен Чуңкурчак деп аталып калган.
Жети-Өгүз капчыгайы
Жети-Өгүз деңиз деңгээлинен 3800 метр бийиктикте жайгашкан. Капчыгай 35 чакырымдык аралыкты ээлейт. Ысык-Көлдүн тескейинде Жети-Өгүз суусу да агат. Жети-Өгүздүн району, дарыясы, кыштагы, капчыгайы, курорту бар. Диалектилик формада биздин түштүктүн айрым жерлеринде "эгиз" деген "бийик" дегенди билдирет. Мисалга акын Барпынын "Аккан суу" чыгармасында: "Эгизден туруп пас жакка, шаркыраган аккан суу" деген ыр саптары бар. Бийиктен туруп ылдый карай шаркырап аккан суунун элесин берип жатат.
Төрт тарабың — кыбыла. Бишкектин айланасындагы 10 керемет жер
Жети-Өгүз капчыгайында бийик-бийик кызыл аскалар негизин түзөт. Экинчи жагынан ал аскалар өгүздүн элесин берип тургандыктан Жети-Өгүз деп аталып калган деп да айтылат. Дагы бир вариантында, "эгиз" (бийик) сөзү — "өгүз" сөзүнө өзгөрүп кеткен деп да болжонгон. Кыргыздын каада-салтына, дүйнө таанымына көңүл буруп карасак, анда атайын сан менен коюлган жер-суу аттары бир топ. Кыргызда негизинен үч, беш, жети, тогуз саны колдонулган жана андан көп болгондо миң менен берилген. Бир саны – жетим, эки — кош деген термин менен туюнтулат. Ал эми жети саны тилмеленген бийик аскалардын көптүгүн билдирет. Маалымат үчүн айта кетсек, илимий түрдө алып караганда, "укус"- байыркы түрк тилинде "суу" дегенди билдирет. Ошондой эле революцияга чейин Нарын, Ысык-Көл, Чүйдү кошуп, борборун Верный шаары (Алм-Ата) деп атап Жети-Суу уезди түзүлгөн. Демек, качандыр бир кезде батыш элдеринде же ушул аймактарда аккан чоң жети суу болгон. Орустар картадан карап туруп, так ушул чөлкөмдү Жети-Суу уезди деп атаган.
Оруу-Сай капчыгайы
Оруу-Сай капчыгайы Бишкектен болгону 35 чакырым алыстыкта жайгашкан. Орто-Алыштын үстүндөгү капчыгай орусча "Оруу-Сай" деп жазылып калган. Бул туура эмес. Анын кыргызча аты — Өрүү-Сай. Аты эле айтып тургандай, өрүүлөп чыгасың, мааниси "өрдөп чыккан жер" дегенди эле билдирет. Ал жерде убактылуу суу ага турган жылга-жыбыты, сайы да бар. Ошондон улам өрүүлүү сай деп жүрүп Өрүү-Сай, кийин Оруу-Сай деп жаңылып жазылып калган.
Семёнов (Кичи-Ак-Суу) капчыгайы
Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде Чолпон-Атадан 30 чакырым алыстыкта Семёновка айылынын жогору жагында Семёнов капчыгайы жайгашкан.
Бул капчыгайдын атын да жаңылып жазып алышкан. Семёнов капчыгайында Кичи-Ак-Суу агат. Семёновка кыштагынын кыргызча аталышы "Он жети карагай". Кичи-Ак-Суунун жайлоосуна Кичи-Ак-Суу капчыгайы аркылуу барабыз. "Он жети карагай" аталышындагы "карагай" сөзү — зым карагай, мамы, түркүк маанисин билдирет. Мурда Чолпон-Ата, Балыкчы, Токмок өңдүү борбордук аймактарда телеграфтар орнотулган. Илгери аралыкты ата-бабалар жыгач же карагай менен өлчөгөн экен. Кээ бир маалыматтарда орусча ягач (жыгач) деп жазылып калган. Чолпон-Атадан азыркы Семёновка кыштагына чейинки аралык ошол кездеги эсеп менен он жети карагай алыстыкта болгон делет. Ошондон улам "Он жети карагай" кыштагы аталып келген. Орустар бизге көчүп келе баштаганда өздөрү жашаган айылдын же губерниянын, чиркөөнүн же болбосо падышанын аттарын бул жактагы отурукташкан жерине коюп, ушундан улам ал айылдардын мурунку аталышы өзгөрүп кеткен. Ошондой эле жаңы отурукташкан элдин башчысынын аты менен же кайсы бир фамилия менен айыл-кыштактар орусча аталып кеткен. Ушундай себептер менен Григорьевка, Семёновка, Полтавка, Александровка, Антоновка деген айылдардын аттары келип чыккан. Капчыгайдын аталышы Семёнов эмес, Кичи-Ак-Суу капчыгайы деп эле айтылат.
Григорьев (Чоң-Ак-Суу) капчыгайы
Узундугу 35 чакырым келген Григорьев капчыгайы Чолпон-Атадан 60 чакырым алыстыкта. Аны жергиликтүү эл Чоң-Ак-Суу деп атайт. Капчыгайда деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктикте мөңгүлөрдүн таасиринен пайда болгон Үч-Көл көлү жана Кум-Бел (4200 метр) менен Эшен-Булак (4647 метр) деп аталган ак кардуу чокулар бар. Григорьевка кыштагы Семёновканын бери жагында жайгашкан. Ал эми Григорьевка айылынын өз аты "Кара буурул". Ошол күнгөй тараптагы Көлдүн эң түз жана кенен жери ушул Чоң-Ак-Суунун бою болуп эсептелинет. Чоң-Ак-Суунун оң жагы Темировка (Темир кыштагы), сол жээгинде Григорьевка кыштагы турат. Чоң-Ак-Суу менен Кичи-Ак-Суу деңиз деңгээлинен 2 010 метр бийик турган жайлоодон кошулат. Чоң-Ак-Суу капчыгайынын аты Григорьев эмес, ал жогорудагыдай тейде өзгөрүүгө дуушар болгон кыштактан улам билбегендер Григорьев капчыгайы деп атап жүрүшөт.
Белогорка капчыгайы
Бишкектен 80 чакырым ыраак бул капчыгай алтымыш метрлик Ала-Тоо шаркыратмасы менен кеңири таанымал. Сокулуктагы азыркы Төш-Булак айылы мурда Белогорка деп аталган. Ал жерде тоо боорунан булак чыккандыктан Төш-Булак атап коюшкан. Белогорка деп ак тоонун атынан коюлган. Бул капчыгайга барганда эле агарып Кыргыз Ала-Тоосу көрүнүп турат. Ушундан улам Белогорка капчыгайы аталып калган.
Ала-Арча капчыгайы
Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталында, Бишкек шаарынын түштүк тарабында Ала-Арча кыштагынын кар зонасынан (3800 м бийиктиктен) башталып, Байтик өрөөнүнө (1600 м) чыгат. Узундугу — 30, туурасы 7 чакырым. 1976-жылы аймактын табиятын сактоо максатында Ала-Арча жаратылыш паркы уюшулган.
Качандыр бир кезде жер бетин мөңгү каптап турган. Ал материктик жана планеталык деп экиге бөлүнөт. Ошол мөңгүлөр түндүктөн акырындык менен түштүккө карай жылган. Баарын жылмалап талкалап отуруп, жүздөгөн жылдар өткөндө климат өзгөрүп, эриген мөңгүлөр Түндүк муз океанын көздөй каптай баштаган. Мөңгүнүн да динамикасы болот. Ошол сыяктуу эле тоолуу аймакта да Тянь-Шань, Памир, Кавказ, Алтай, Саян, Гималайда тоодогу мөңгүлөр чогулган. Аларга улам-улам кар жаап, толуп ныкталып отуруп, акырындык менен ылдый жыла баштайт. Ошентип климаттын өзгөрүшү менен жаратылыш рельефин пайда кылып, анын саркындысынан кээ бир тоолор тайпагыраак тартып, айрым жерлер жылмаланып карагай, арчалар өспөй калган. Ала-Арчада карагай мөңгүнүн таасиринен улам текши, жыш болбой темгил-темгил, ала-була болуп өсөт. Ушундан улам ала-була өскөн арчалар деген мааниде Ала-Арча аталып кеткендиги айтылып калат.
Экинчиден, якут тилинде "алар" деген сөз — "токойчу" дегенди билдирет. Ал эми -ча мүчөсү чен-өлчөмдү билдире турган мүчө. Ала-Арчанын географиялык аталыш этимологиясы катары ушул эки варианты айтылып жүрөт.