00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
Журналистская премия, прорыв в медицине и долгие праздники — неделя в Кыргызстане
14:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стимул
Баткен күрүчү менен ЕАЭБди багындырууну көздөгөн ишкер кыз
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
15 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Советские кинотеатры Бишкека: золотая эпоха киномехаников
18:06
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ысык-Атада балдар айыл өкмөт, ЗАГС, бала бакчада окуп жатышат. Видео

Жазылуу
Ысык-Ата районунун Ивановка айылындагы №3 башталгыч мектеп авариялык абалда турат. Мындан улам 2019-жылы эшигин жаап, окуучулар бош имараттарга эптеп жайгашкан. Учурда 582 бала шарты начар ар кайсы жайларда билим алууда.
2017-жылы төрт бөлмөлүү кошумча корпус салынган. Анда 338 бала окуса, айыл өкмөттүн жыйындар залына 114 окуучу киргизилген. Мурдагы ЗАГС имаратына 84 бала жайгашты. Бул жер Дүйшөндүн мектебин эске салат. Ал эми бала бакчанын бир бөлмөсүн алып, 46 балага билип берип жатышат.
Билим уясынын тардыгынан үч смена менен окушат, андыктан сабак саат 8:00дө башталып, 18:00дө бүтөт. Окуучуларга башка мектептердегидей тамак дагы берилбейт. Бул жерде 4-класска чейин гана окуп, андан кийин башка мектептерге кетишет.
Ата-энелердин бири Зеби Кудайбердиева балдары коопсуз жерде окуса үйдө тынч отурмактыгын айтты.

"Айыл өкмөткө ар кайсы жерден ар кандай адамдар келет, балдарыбыз ошолор менен күнүгө кездешип жатпайбы. Анын баары түз адамдар деп кепилдик бере албайбыз да. Кайсы учурда, балдарыбызды каяктан уурдап кетет? Окууга жиберип алып да үйдө коркуп отурабыз. Короосу тосулган эмес, трассага чуркап кетиши мүмкүн. Бул жерде кароол жок", — деди Кудайбердиева.

© Sputnik / Эмиль Садыров

Ысык-Ата районунун Ивановка айылындагы №3 башталгыч мектеп авариялык абалда турат

Ысык-Ата районунун Ивановка айылындагы №3 башталгыч мектеп авариялык абалда турат - Sputnik Кыргызстан
1/5

Ысык-Ата районунун Ивановка айылындагы №3 башталгыч мектеп авариялык абалда турат

© Sputnik / Эмиль Садыров

Мындан улам 2019-жылы эшигин жаап, окуучулар бош имараттарга эптеп жайгашкан

Мындан улам 2019-жылы эшигин жаап, окуучулар бош имараттарга эптеп жайгашкан - Sputnik Кыргызстан
2/5

Мындан улам 2019-жылы эшигин жаап, окуучулар бош имараттарга эптеп жайгашкан

© Sputnik / Эмиль Садыров

Учурда 582 бала шарты начар ар кайсы жайларда билим алууда

Учурда 582 бала шарты начар ар кайсы жайларда билим алууда - Sputnik Кыргызстан
3/5

Учурда 582 бала шарты начар ар кайсы жайларда билим алууда

© Sputnik / Эмиль Садыров

2017-жылы төрт бөлмөлүү кошумча корпус салынган

2017-жылы төрт бөлмөлүү кошумча корпус салынган - Sputnik Кыргызстан
4/5

2017-жылы төрт бөлмөлүү кошумча корпус салынган

© Sputnik / Эмиль Садыров

Анда 338 бала окуса, айыл өкмөттүн жыйындар залына 114 окуучу киргизилген.

Анда 338 бала окуса, айыл өкмөттүн жыйындар залына 114 окуучу киргизилген. - Sputnik Кыргызстан
5/5

Анда 338 бала окуса, айыл өкмөттүн жыйындар залына 114 окуучу киргизилген.

1/5

Ысык-Ата районунун Ивановка айылындагы №3 башталгыч мектеп авариялык абалда турат

2/5

Мындан улам 2019-жылы эшигин жаап, окуучулар бош имараттарга эптеп жайгашкан

3/5

Учурда 582 бала шарты начар ар кайсы жайларда билим алууда

4/5

2017-жылы төрт бөлмөлүү кошумча корпус салынган

5/5

Анда 338 бала окуса, айыл өкмөттүн жыйындар залына 114 окуучу киргизилген.

Дүйшөндүн мектебин эске салган мурдагы ЗАГС имаратында Аиша Жайлооеванын кызы окуйт.
"Кызым биринчи сменада окуйт. Эртең менен саат 7:30да үйдөн чыгышат, 8:00дө окуу башталат. Ошондой караңгыда келишет. Үчүнчү сменада кошунамдын кызы окуйт, ал үйүнө кечинде, караңгы кирип калганда барат. Бул жерде мугалимдерге да кыйын болууда. Саат сайын ар башка жерге барып сабак өтүшөт", — деди Жайлооева.
Ивановка айылындагы №3 башталгыч мектеп 1927-жылы курулган. Эскилиги жетип дубалдарынан жарака кетип, шыбы түшөйүн деп калган. Мугалимдердин, ата-энелердин, окуучулардын көксөгөнү — жаңы мектеп.
Мектеп директору Гүлжан Абдыназарованын айтымында, 150 орунга ылайыкташкан жаңы билим уясынын курулушу 2018-жылы башталган. Жалпы сметасы 51 миллион сом, 2020-жылга чейин 20 миллион сом бөлүнүп үстү жабылган. Кийинки жылкы бюджеттен 8 миллион сом каралары күтүлүүдө. Бирок аны менен да маселе чечилбейт.
Ал эми Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысы Мээрим Мадиярова мектептин курулушун бүткөрүү өтүнүчү менен бийлик органдарына бир нече ирет кайрылганын билдирди. Азырынча алгылыктуу жооп келе элек. Буга чейин ата-энелер да социалдык тармактар аркылуу президент Садыр Жапаровго кайрылышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0