00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
21:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Эл кызматында бир кылым : ӨКМдин Өрт өчүрүү жана өрттү алдын алуу кызматына 100 жыл
15:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Горы, реки и камеры - как работает поиск пропавших людей в Кыргызстане
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстан ЕАЭБдин агрардык хабына айланууда: экспорт жана инвестициялар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
500 миллионов долларов экспорта и 8 миллиардов льготных кредитов - что происходит с кыргызским легпромом
18:06
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Жасалма интеллектинин доорунда кыргыз балдар адабияты кандай өнүгүшү керек?
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Эл кызматында бир кылым : ӨКМдин Өрт өчүрүү жана өрттү алдын алуу кызматына 100 жыл
21:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жанар иним, мени өзүңдөй ойлобо! Жапаров мандат чуусу боюнча билдирүү жасады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРабочая поездка президента КР Садыра Жапарова в Стамбул
Рабочая поездка президента КР Садыра Жапарова в Стамбул - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2021
Жазылуу
Буга чейин Акаев "шайлоодон кийин оюндун эрежесин өзгөртүү жогорку бийликтин буйругу болду" деген пикирин билдирген эле.
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Альянс" партиясынан талапкер Жанар Акаевдин мандат чуусу боюнча билдирүү жасады.
Мамлекет башчы шайлоо башталгандан бүгүнкү күнгө чейин БШКнын бир дагы ишине кийлигишпегенин айтып, мыйзамсыз чечим чыгарышса, өздөрү керт башы менен жооп берерин билдирди.
"Эми кечээги Жанар Акаевге байланыштуу маселе боюнча. Жанар иним, өзүңдүн ичиң толо арам болсо эле мени да өзүңдөй ойлобо. Тескерисинче, БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабековага кимдир бирөөлөр барып "президент менен макулдаштык, Жанар Акаевди колдоп койсун деди" дешиптир. Мен Шайлдабековага "бир гана мыйзам талабы жана адилеттүүлүк менен чечкиле, эч ким силердин ишиңерге кийлигишпесин" дедим. Ким барганын да сураганым жок. Аны БШК төрайымы өзү айтсын", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал ар кандай саясий маселелерге байланыштуу ушак сөздөргө жооп бербей койсо, калктын калың катмары күмөн санап, айрымдары ишенип аларын белгиледи.
"Айлана-чөйрөмдөгүлөр "жооп бербей эле коюңуз, бул сиздин деңгээл эмес" деп чыгышат. Мен элге мурдагылардын катасын кайталабайм деп сөз бергем. Алар айлана-чөйрөсүндөгүлөрдүн сөзүнө кирип "чын эле менин деңгээлим эмес" деп, коомчулукта чуу жараткан маселелерге жооп да бербей, түшүндүрмө да бербей жатып, акыры калктын калың катмарынын нааразычылыгына кабылышты. Жыйынтыгында үч жолу ыңкылап болду", — деди мамлекет башчы.
Депутат боло турган Токтобүбү Оргалча - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2021
Бири-бирибизди чукубай иш жасабайлыбы. Токтобүбү Оргалча видео кайрылуу жасады
Мындан сырткары, Жапаров аялдардын квотасын бөлүштүрүү боюнча комиссия түзүп, БШК менен биргеликте санап чыгууга чакырды. Эгер берилген квота 30 пайыздан ашып кетсе, БШК Жанар Акаевдин мандатын тартып алып, туура эмес чечим чыгарган болсо, кылмыш ишин козгоп, жоопко тартууга чакырды.
Белгилей кетсек, БШК 15-декабрда өз чечими менен аялдардын квотасын бөлүштүрүү тууралуу жобону өзгөрткөнүн маалымдады. Ага ылайык, мурда жети мандаттын экөө аялдарга берилсе, өзгөртүүдөн кийин үчөө бериле турган болду. Бул "Альянс" партиясына түздөн-түз таасир этип, тизмедеги Жанар Акаевге мандат берилбей, анын ордун Токтобүбү Оргалча ээледи. Өз кезегинде Акаев "шайлоодон кийин оюндун эрежесин өзгөртүү жогорку бийликтин буйругу болду" деген пикирин билдирген.
Жогорку Кеңештин жыйын залы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2021
Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын биринчи жыйыны качан өтөт
Жаңылыктар түрмөгү
0