Бири-бирибизди чукубай иш жасабайлыбы. Токтобүбү Оргалча видео кайрылуу жасады

© Фото / пресс-служба партии "Альянс"Депутат боло турган Токтобүбү Оргалча
Депутат боло турган Токтобүбү Оргалча - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2021
Жазылуу
Оргалча мандатка жетпей калганы үчүн эч кимге арыз-арманын айтып барбаганын, биринчи айым менен такыр тааныштыгы жоктугун белгиледи.
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Жанар Акаевдин ордуна депутат боло турган Токтобүбү Оргалча мандат чуусу боюнча Facebook баракчасы аркылуу видео кайрылуу жасады.
Ал сөзүнүн башында социалдык тармакта "башка өлкөнүн жараны" деп айтылып жаткан кептерге жооп берди. Оргалча Ат-Башыны жердеген черик уруусунун кызы экенин, ата-бабалары 1916-жылы Үркүн маалында Кытайга качып барып жашап калганын айткан. Ал эми Кыргызстандын атуулдугун алганда, Кытайдын жарандыгын расмий түрдө тапшырганын билдирди.
Ошондой эле ал президент же биринчи айым менен тааныштыгы жоктугун, аларды телевизордон гана көрбөсө жакындан эч качан жолугушпаганын айтты. Деген менен алардын саясатын колдой турганын белгиледи.
Ал эми Жанар Акаев экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралбаганын билдирди.
"Мен Жанарды бир тууган инимдей көрөм. Ал мени шайлоодо колдоп, кайын журтум жашаган тээтиги Кадамжайга чейин барып келди. Жанар иним экөөбүздүн ортобузда эч кандай пикир келишпестик жок. Кудайдын буйругу экен, квотанын негизинде мыйзамдуу жол менен мен келип калып жатам. Эч кимге арыз-арманымды айткан жокмун. Штабга барып өтпөй калдым деп бир да жолу даттанган эмесмин. Мен (мандат берилерин — ред.) кечээ күтүүсүздөн уктум. Урматтуу элим, түшүнбөй туруп эле мени табалап жатасыздар. Бири-бирибизди чукуй бербей иш жасабайлыбы. Качанкыга чейин ушинтип бири-бирибизди чукуйбуз?" — деп кайрылды Оргалча.
Белгилей кетсек, БШК 15-декабрда өз чечими менен аялдардын квотасын бөлүштүрүү тууралуу жобону өзгөрткөнүн маалымдады. Ага ылайык, мурда жети мандаттын экөө аялдарга берилсе, өзгөртүүдөн кийин үчөө бериле турган болду. Бул "Альянс" партиясына түздөн-түз таасир этип, тизмедеги Жанар Акаевге мандат берилбей, анын ордун Токтобүбү Оргалча ээледи. Өз кезегинде Акаев "шайлоодон кийин оюндун эрежесин өзгөртүү жогорку бийликтин буйругу болду" деген пикирин билдирген.
Биринчи айым Айгүл Жапарова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Айгүл Жапарова Оргалчаны тааныбайт. Президенттин маалымат катчысынын жообу
Маршруткалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Мэрия №206 маршрутканы токтотуп, автобус киргизди. Компания Оргалчага таандык
Жаңылыктар түрмөгү
0