Жеткен коркоктук! Депутат болбой калган Жанар Акаев БШК боюнча үн катты

© Фото / пресс-служба ЖК"Альянс" партиясынан талапкер Жанар Акаев. Архив
Альянс партиясынан талапкер Жанар Акаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жазылуу
Саясатчы мындай чечимге партиялашы Токтобүбү Оргалчаны айыптабай турганын, маселе анда эмес, БШКда болуп жатканын айтты.
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Жеңүүчүлөр аныкталгандан кийин бир адамга карата атайын эрежени өзгөртүү эч бир логикага сыйбайт жана жеткен коркоктук! Бул туурасында "Альянс" партиясынан талапкер Жанар Акаев БШКнын чечимине карата жазган постунда билдирди.
Ал БШКнын шайлоого чейин кабыл алган жобосунда партия 7 мандат алса, экөө аял болот деп так жазылганын белгиледи.
"БШКнын эрежени шайлоодон кийин өзгөрткөн чечими менде эле эмес, элдин баарында күмөн ой жаратты. Мындай адилетсиз буйрукту аткарган БШК мүчөлөрү жана буйрук бергендер силердин уятыңарда болсун! Мыйзамды жөнгө салчу эрежени 13-декабрда БШКнын жетекчилиги түнкүсүн мүчөлөрүн чогултуп, басым кылганына карабастан алар каршы болуп, токтомду өзгөртүү сунушу өтпөй калган. Аны менен тынчыган жок. Эки күн убакыт алып, БШКнын ар бир мүчөсүнө жогорудан салам-дубай айттырып, маселени бышырып, кайра дагы алып чыгышты. Кайра-кайра добушка коюп жатып эптеп өткөрдү, бир гана "Альянска", анын ичинен мага гана тиешелүү маселени БШК атайын өзгөрттү. Адамга карата да эреже жазылабы, тообо! Шайлоо бүтүп, кимдер өткөнү жарыя болгондон кийин да токтомду өзгөрткөнү акылга сыйгыс көрүнүш", — деди Акаев.
Ошондой эле саясатчы мындай чечимге партиялашы Токтобүбү Оргалчаны айыптабай турганын, маселе анда эмес, БШКда болуп жатканын айтты.
"Мунун баарына жакынкы тарых баасын берет, буюрса. Акыйкаттык азыр чыкпаса, кийин чыгат. Мен жаңы саясий маданиятты калыптандырууну каалаган саясатчылардын биримин. Гендердик баланс, аялдардын квотасы үчүн күрөшүп, азыркы мыйзамдарды колдогом. Партиялык баалуулукту жогору коюп, "Альянстын" ишмердигин күчөтө беребиз", — деди Акаев.
Соңунда ал колдогон элине ыраазычылыгын айтып, эч бир каражатсыз 5 000 адамдын таза добушу менен ар дайым сыймыктанарын билдирди. Ошондой эле мындан ары да саясий ишмердиги күчөп, саясатта айтчу сөздөр али алдыда экенин белгиледи.
Эскерте кетсек, кечээ Борбордук шайлоо комиссиясы аялдардын квотасын бөлүштүрүү боюнча жобону өзгөрткөн. Ага ылайык, жети мандат алган "Альянс" партиясынан үч аял квота менен депутат болду. Мындан улам Жанар Акаевге мандат берилбей калды. Мурдагы жободо жети мандаттын экөө аялдарга берилчү.
Добуш берип жаткан жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2021
БШК сайтындагы ката: партиялардын IT-адистери добуштар бурмаланбаганына ынанды
Жаңылыктар түрмөгү
0