Россиядагы студенттер шаары кыргызстандык абитуриенттерди чакырат

© Sputnik / Таисия ВоронцоваЗдание Томского государственного университета систем управления и радиоэлектроники
Здание Томского государственного университета систем управления и радиоэлектроники - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Жазылуу
Жасалма интеллектини окуп-үйрөнүү, элдин ден соолугун сактоо үчүн биотехнологияны иштеп чыгуу жана тажрыйбалуу эксперттин жетекчилиги менен IT-стартаптарын ачуу иштерин студент болуп туруп жасоого мүмкүнчүлүк бар.
Томск мамлекеттик Башкаруу системасы жана радиоэлектроника университети (ТУСУР) Кыргызстандан абитуриенттерди жаңы окуу жылында бакалавриат, специалитет жана магистратура программасы менен билим алууга чакырат. Документтерди кабыл алуу 2022-жылдын 1-июнунда башталарын окуу жайдын маалымат кызматынан кабарлашты.

Студенттер эмне дейт?

Бүгүн ТУСУР дүйнөнүн 36 өлкөсүнөн келген 14 миң студентке билим берип жатат. Анын ичинен 34ү кыргызстандык студенттер. ЖОЖдун маалыматына караганда кыргыз студенттери "Инфокоммуникациялык технология жана байланыш системалары", "Электрондук каражаттардын технологиясы жана конструкциялоо", "Транспорттук радио жабдууларды техникалык жактан эксплуатациялоо" багыттарынын ичинен каалаганын тандап алса болот.
"Мен бул окуу жайдагы "Фотоника жана оптоинформатика" багытына Томскидеги башка окуу жайдан которулдум, ага практиканын жоктугу себеп болду. Техникалык багытта билим алууда иш тажрыйба абдан маанилүү деп эсептейм. Учурда ар кыл компанияларга барып, аңгемелешүүдөн өтүп, февралдагы өндүрүштүк практика үчүн компания тандап жүрөм. Бул жолугушууларды бизге университет уюштуруп берип жатат", — деди ТУСУР студенти Нурбакыт Абылгазиев (Ивановка а.).
Анын айтымына караганда, азыркы тайпалаштары биринчи курстан тарта эле лабораториялык иштерди жабдуулардын жардамы менен жасап келишет.
"Мындан сырткары, ТУСУРда окута турган тайпалык долбоорлор бар, ал кайсы билим берүү багыттарындагы балдардын башын кошуп турат. Биргелешип эгерде жакшы болсо, илим изилдөө долбоорлорун жасашат, аны менен грант утуп алууга мүмкүнчүлүк да жаралат. Келерки семестрде мен да катышсам деп турам", — деди студент.
Нурбакыттын изги тилеги бар. Ал тери ооруларын жаңы башталганда эле аныктай турган аппарат жасоону ойлоп жүрөт.
Мындан сырткары, ЖОЖдо маданий чыгармачылык багыттагы 20дан ашык клуб иштейт. Студенттик өзүн-өзү башкаруу боюнча 25 бирикме, спорттук 29 секция, андан сырткары ыктыярчылар жана экологиялык уюмдар бар.

Студенттик ишкерликтин ордосу

ТУСУР электрондук, ракеталык-космостук жана IT багыттарындагы адистерди даярдоо боюнча Россиядагы билим берүүчү жайлардын лидери. ЖОЖ 31 багытта бакалавриат жана специалитеттерди даярдайт, магистрдик 20 программа ишке ашып жатат. Андан сырткары, университет активдүү түрдө студенттердин технологиялык ишкерлигин өнүктүрүүнү канааттануу менен колдоп келет.
2004-жылы университеттин базасында ЖОЖдор арасында Россиядагы биринчи студенттик "Дружба" деп аталган бизнес-инкубатор ачылган. Ал маалымат технологиясы жана электроника жаатында илимге сыйымдуу жогорку технологиялык бизнести генерациялоону камсыздайт.
"18 жыл ичинде университеттик инкубатордон жылдык айлануусу 70 миллиард рубль болгон 210дон ашуун кичи инновациялык ишканалар чыкты", — дешти маалымат кызматынан.
Университетте Ишке орноштурууга көмөк көрсөткөн борбор иштейт, ал студенттер менен бүтүрүүчүлөргө иш табууга жардам берет. Маселен, ЖОЖ "Карьера күнүн" уюштурат. Ага билим алып жаткан жаштар менен жумуш бере тургандар жолугуп, баарлашат. Жумуш издөө боюнча белгилүү болгон Superjob сервиси 2021-жылы ТУСУР айлык көлөмү боюнча техникалык ЖОЖдордун арасынан 15-орунду ээлегенин билдирген. ЖОЖдун IT тармагында иштеген бүтүрүүчүсүнүн орточо маянасы 105 миң рубль.
ЖОЖдун стратегиялык өнөктөштөрү — "АВТОВАЗ", "Ижевский радиозавод", "Специальное конструкторско-технологическое бюро по релейной технике", "ЭлеСи", "Сургутнефтегаз", "Томскнефтехим", "Центр финансовых технологий", "Новые поисковые технологии", "Банк ВТБ" жана башка компаниялар жана Роскомнадзордун Томск облусу боюнча бөлүмү бар.
Мындан сырткары, аталган окуу жай Ош мамлекеттик социалдык университети (мурдагы Кыргыз-Өзбек университети) жана "Единство" коомдук фонду менен кызматташып келет.
Здание Алтайского государственного университета - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2021
Россиялык ЖОЖ түрк дүйнөсү боюнча магистратурада акысыз билим алууга чакырат

Кабыл алуу эрежелери

Томск мамлекеттик Башкаруу системасы жана радиоэлектроника университетине тапшыруунун бир нече ыкмалары бар. Онлайн түрүндө ЖОЖдун расмий сайтынан — abiturient.tusur.ru шилтемеси менен кирип, электрондук дарек менен же жеке түрдө (же өкүл аркылуу) университеттин Томскидеги кабыл алуу комиссиясына жиберсе болот.
Тапшыруу сынактарын кыязы, чет элдик абитуриенттер аралыктан тапшырарын Академиялык мобилдүүлүк программасынын координатору, чет элдик студенттер менен эстөө боюнча жетектөөчү адис Мария Афанасьева айтып берген.
"Былтыр коронавирустан улам сынактар онлайн өткөн. Кыязы, 2022-жылы алар үчүн окуу жайга аралыктан тапшыруу мүмкүнчүлүгү сакталып калат. Мындан сырткары, КМШнын бир топ мамлекеттеринде сынакты барып ала турчу комиссиялар иштегендиктен, абитуриенттердин экзаменди өзүнүн шаарында тапшыруу мүмкүнчүлүгү бар. Бул туурасында ЖОЖдун сайтына жана социалдык тармакка жазып, кабарлайбыз", — деди ал.
Бюджеттик орундар боюнча Кыргызстандын жарандары россиялыктар менен бирге эле жалпы негизде сынакка катыша алат. Мындан тышкары чет элдик абитуриенттер акча төлөгөн шартта билим алгысы келсе, кызыктырган багытын тандап, тапшыра алат.

Чек арадан өтүү

Учурда чет элдик абитуриенттер үчүн COVID-19дан улам Россияга кирүүдө өзгөчө эрежелер бекитилген.
"Биринчи кадам — окууга тапшырып, өткөндөн кийин ЖОЖ менен байланышып, Россияга кирерден 10 күн мурда эреже-тартиптерди билип алуу зарыл. Экинчиси — коронавирус инфекциясы жукпагандыгын билиш үчүн ПЦР-тест тапшыруу керек, бул процедураны өлкөгө кирүүгө үч күн калганда жасаш керек", — деп кошумчалаган Афанасьева.
Чек арадан өтүп, жатаканага жайгашуу үчүн ПЦР-тесттин коронавирус жок деген жыйынтыгы англис жана орус тилдеринде жазылган медициналык документ жана ЖОЖго тапшырып өткөнү туурасындагы кагаз керек. Аны менен абитуриент эмнеге келе жатканы түшүндүрүлөт. Россияга кирүү эрежелерин толугу менен ЖОЖдун сайтынан кароого болот.
Студенттер лекция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2021
Россия чет элдик студенттерге туруктуу жашоого жеңилдетилген жол менен уруксат берет
Жаңылыктар түрмөгү
0