Текебаевге кол салуу: аксакал баштаган топ адамдар кечирим сурап келди

© Sputnik / Игорь Егоров / Медиабанкка өтүү"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев
Ата Мекен партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2021
Жазылуу
Топ адамдар саясатчыга кандайча отелдин алдына барып калышканын айтып берип, кечирим сурашты.
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин кеңсесине 1-декабрда болгон окуя үчүн кечирим сурап адамдардын тобу келди.
Буга чейин журналисттер Текебаев барган отелдин алдына келгендер ага чейин өкмөттүн имаратында турганын божомолдогон.
Саясатчыга келген делегацияны 72 жаштагы карыя жетектеп келген. Ал буга чейин болгон окуя үчүн кечирим сураш үчүн келишкенин билдирип, балдар чагымчылдардын аракетине алдырып койгонун белгилеген. Аксакал анын жанындагы балдар Текебаевге кол салууну уюштурду деген кептерди четке каккан.
УКМКнын төрагасы, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2021
Ташиев: Өмүрбек Текебаевге эч ким кол салган эмес
Ал эми Текебаев алардын күнөөсү жок экенин, бирөөлөр аларды адаштырып отелге алып келиши мүмкүндүгүн билдирген.
Токмоктун шаардык кеңешинин депутаты Кайрат Чокеев алар чын эле адашканын билдирди. Айтымында, балдар, тескерисинче, Текебаевге кол салгысы келгендерди токтотууга аракет жасаган. Ал күнү Токмоктогу кафелердин биринен топ адамдар тынчтыкты жана туруктуулукту жактай турганын айтып, видеокайрылуу жасаган. Чокеев билдиргендей, алар кийин микроавтобустар жана жеңил автоунаалар менен өкмөттүн имаратынын алдына келишкен.
"Биз сизге кол салуу үчүн келген эмеспиз. Максатыбыз башка болчу. Биз стабилдүүлүктү жактайбыз жана башаламандык болуп кетсе элдик кошуун катары чыкмакпыз. Эгер жаман оюбуз болсо эл алдында жасамак эмеспиз да. Провокация болуп кетти. Окуя кандай болгонун айтып берейин. Биз Өкмөт үйүнүн алдында бир сааттан ашык турдук. Анан маска тагынган белгисиз бала келип элди чочутпай "Консул" отелинин алдына барып турууну суранды. Биз макул болдук, себеби эл чындап эле чочулашы мүмкүн эле. Отелдин алдында түшүнүксүз окуя болуп кетти... Арабызда жаш балдар дагы бар болчу. Милиция кармаган бала жетим өскөн, балким, алар провокацияга алдырып коюшту. Сиздер баарын өзүңүздөр көрдүңүздөр. Биз арачалап, аларды тынчтандырууга аракет жасадык. Бирок топ адамдарды башкаруу оор. Бизди автобустар менен алып келген эмес. Алар милиционерлер болчу, биз Өкмөт үйүнүн алдына чогулганда келишкен", — деди шаардык кеңештин депутаты.
Жолугушууга келгендердин бири өзүн Бактияр деп тааныштырып, өздөрү үчүн жана милиция кармап кеткен бала үчүн дагы кечирим суроону чечишкенин айтты.
Текебаев болсо аларга эч кандай доосу жок экенин белгиледи.
© Sputnik / Игорь Егоров / Медиабанкка өтүү"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев
П/к лидера партии Ата - Мекен О. Текебаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев
"Отелден үч бала мага кол көтөрүп, сыртка алып чыгышты. Мен силердин турганыңарды көргөм, провокатор болсо качып кетти. Силердин балдар отелге кирбегенин билем, ал эми кармалган бала мени урган эмес. Мага 40 жаш чамасындагы кыска бойлуу, спорттук дене түзүлүштөгү киши кол көтөргөн. Болор иш болду, эми мындай кайталанбашы керек. Жарандык биримдик жана тынчтык болсун", — деди саясатчы.
Текебаев балдарды провокацияга алдырбоого чакырып, кармалган бала анын телефонун албаганын кошумчалады. Айтымында, уюлдук аппарат отелде калган. Саясатчы кармалган киши эмне себептен күнөөнү өз мойнуна алганын түшүнбөй жатканын айтып, ошондой эле тергөө элди адаштырып жатканын кошумчалады.
Ата Мекен партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2021
Уюшуп бусик менен келишиптир. Текебаев кол салгандар тууралуу. Видео
Белгилей кетсек, 1-декабрь күнү борбор калаадагы мейманканалардын биринин алдында Өмүрбек Текебаевге белгисиз балдар кол салган. Президент Садыр Жапаров ишти тез арада териштирүү боюнча ИИМге тапшырма берген. Милиция аталган факты боюнча Жазык кодексинин 201-беренесине ("Адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан тоноо") ылайык кылмыш ишин козгоп, шектүү катары 23 жаштагы жаранды кармаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0