Ок жааган Кабулда манас айткан Уркаш Мамбеталиев. 31 жыл мурунку видео

Жазылуу
"Кыргызфильм" киностудиясы быйыл 80 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Бул киностудиянын казынасында өлкөнүн тарыхын чагылдырган нечендеген даректүү тасмалар бар.
1990-жылы тартылган "А рядом шла война" аттуу эки бөлүктөн турган даректүү тасманы колумнист Алмаз Батилов киностудиянын архивинен тапкан. Фильмдин биринчи бөлүгүндө 1990-жылдын 26-октябрында Кыргыз ССРинин расмий делегациясы Кабулга барып, Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөргөнү баяндалат. Бул иш-чара советтик аскерлердин Афганистандан чыгып кеткенинин бир жылдыгына арналган. Кыргызстандын маданият күндөрү он беш күнгө созулган. Буга чейин Кабулга Советтер Союзунан жана башка чет мамлекеттерден бир да делегация барган эмес эле. Ал эми экинчи бөлүгүндө расмий Кабулдун делегациясы Кант районуна (азыркы Ысык-Ата району) келгени чагылдырылган.
Ошол кезде Кыргыз ССРинин чет өлкөлөр менен достук жана маданий байланыштар коомунун президиумунун төрагасынын орун басары, Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу кенже элчиси, делегациянын мүчөсү Сактанбек Кадыралиевдин айтымында, Кабулга Токтогул районунун элдик театры жана "Миң кыял" фольклордук ансамбли барган. Программа атайын тандоодон өткөн соң бекитилген. Мындай иш-чаралардын планын Москвада Борбордук Коммунисттик партиянынын комитети текшерип, анан каражат бөлдүрчү.
КР Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу кенже элчиси Сактанбек Кадыралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2021
Блокадада калган Афганистанга жол ачкан Кыргыз ССРи. Унутта калган тарых
1990-жылы башталган козголоңдон улам тутанган жарандык согуш маалында өлкө башчы Наджибуллага Советтер Союзу гана жардам берген. Ал афган эли менен тарапташтарына таянып моджахеддерге жана аларды колдогон бир катар чет мамлекеттерге каршы күрөш жүргүзүп жаткан учур эле. Афганистан экономикалык жана маалыматтык блокадада калган.
Делегацияны Кыргызстандын статистика комитенинин төрагасы Болот Акказиев жетектеген. Анын ичинде Кыргыз эл жазуучусу Асанбек Стамов, белгилүү ырчылар Шахра Талипова, Кенжеш Тиленбаева, Бусурманкул Корошов, манасчы Уркаш Мамбеталиев бар эле. Мындан сырткары, Ысык-Ата районунун аткаруу комитетинин башчысы Мелисбек Беккоёнов жана республиканын Коммунисттик партиясынын биринчи катчысы Абсамат Масалиевдин жардамчысы Ахмат Абдукаримов кошулган. Анткени Кант районундагы (азыркы Ысык-Ата району) Киргшёлк айылындагы балдар үйүндө жетим афган балдар тарбияланчу. Ал эми Абдукаримовдун жалгыз уулу, лейтенант Канатбек 1986-жылы 6-декабрда Чарикар шаарынын (Түндүк Афганистан) жанында каза болгон экен.
Илимпоз жана афган согушунун ардагери Айбек Дехканов котормочу катары барган. Делегация адегенде Фрунзеден Москвага учуп, 25-октябрда Ташкентке келип, андан кийин Кабулга аскердик-транспорттук Ил-76 учагы менен кеткен. Кадыралиевдин айтымында, делегацияны СССРдин Афганистандагы элчиси Борис Пастухов менен советтик дипломаттар тосуп алган.
Экинчи мусулман батальонунун жоокерлери Фарьяб аймагында. Түндүк Афганистан, 1981-жыл - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2021
"14-кылымдан, аркы дүйнөдөн кайттык..." Панжшерде кан кечкен экинчи мусулман батальону
Кыргыз ССРинин чет өлкөлөр менен достук жана маданий байланыштар коомунун Бельгия, Йемен, Швейцария, Дания жана Франция сыяктуу өлкөлөрдө өткөн маданий иш-чарасы даректүү тасмага тартылган. Алардын баары "Кыргызфильм" киностудиясынын алтын казынасында сакталууда. Афганистандагы тасманы белгилүү оператор жана режиссер Мурат Жыргалбаев тартып, текстин атактуу кино жана театр актрисасы Гүлсара Ажибекова окуган. Кыргызстандык өнөрпоздор Афганистандын борборундагы СССРдин илим жана маданият үйүндө, аскердик бөлүктөр жана госпиталда концерт коюшкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0