Блокадада калган Афганистанга жол ачкан Кыргыз ССРи. Унутта калган тарых

© Sputnik / Асель СыдыковаКР Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу кенже элчиси Сактанбек Кадыралиев
КР Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу кенже элчиси Сактанбек Кадыралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2021
Жазылуу
Мындан 31 жыл мурун Афганистандын борборунда Кыргызстандын маданият күндөрү өтүп, кийин Ысык-Атага расмий Кабулдун делегациясы келгенин көпчүлүк биле бербесе керек. Ал учурларды "Кыргызфильмдин" кызматкерлери кадрга түшүрүп калган.
Sputnik редакциясынын колуна "Кыргызфильмдин" казынасындагы "А рядом шла война" аттуу эки бөлүктөн турган даректүү тасма тийди. Анын биринчи бөлүгүндө 1990-жылы 26-октябрда Кыргыз ССРинин расмий делегациясы Кабулга барып, Афганистандын борборунда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөргөнү тууралуу айтылат. Ал эми экинчи бөлүгүндө расмий Кабулдун делегациясы Кант районуна (азыркы Ысык-Ата району) келгени баяндалган. Колумнист Алмаз Батилов жогорудагы делегацияга мүчө болгон дипломаттар Сактанбек Кадыралиев, Айбек Дехканов жана ырчы Шахра Талипова менен маектешти.
— Афганистанга Кыргызстандын делегациясы кандайча барып калды эле?
Сактанбек Кадыралиев (С.К): — 1990-жылы март айынын башында Кабулда коргоо министри генерал Шахнаваз Танай Афганистандын башчысы Мохаммад Наджибуллага каршы кутум уюштуруп, ою ишке ашпай Пакистанга качкан. Наджибулла афган элинин акыркы анык лидери болчу. Моджахеддер менен аларды колдогон бир катар батыш жана чыгыш мамлекеттерге каршы айыгышкан күрөш жүргүзүп жаткан учур эле. Ага Советтер Союзу гана көмөк көрсөткөн. Ошол учурда Афганистан маалыматтык жана экономикалык блокадада болчу. Ошондуктан Афганистанга моралдык жактан колдоо көрсөтүп, Кыргыз ССРинин делегациясы Кабулга барган. Кыргызстандын өкүлдөрү советтик 40-армиянын Афганистандан чыгып кеткенинин бир жылдыгына арналган иш-чара өткөрүп, маданият күндөрү эки жумадан ашык убакытка созулган. Буга чейин Кабулга Советтер Союзунан жана башка чет мамлекеттерден бир да делегация барган эмес экен. Анда мен Кыргыз ССРинин чет өлкөлөр менен достук жана маданий байланыштар коомунун президиумунун төрагасынын орун басары болчумун. Коомдун төрайымы маркум Жамал Ташибекова эле.
Экинчи мусулман батальонунун жоокерлери Фарьяб аймагында. Түндүк Афганистан, 1981-жыл - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2021
"14-кылымдан, аркы дүйнөдөн кайттык..." Панжшерде кан кечкен экинчи мусулман батальону
— Кандай программа менен бардыңыздар эле? Атайын даярдансаңыздар керек?
— Токтогул районунун элдик театры менен "Миң кыял" фольклордук ансамблинин программасын көрүп, жактырып, тандап алганбыз. Мындай иш-чараларды Москва пландачу, ал эми Кыргызстан өз эсебинен каржылачу. Ошол маалда борбордук телевидениеден Афганистанда абал курчуп, согуш уланганын көрсөтүштү. Мындан улам райондун жетекчиси ыраматылык Бекмамат Осмонов маданий кызматкерлерин жиберүүдөн баш тартты. Маданият үйүнүн артисттери да бара албайбыз деп кыйытышты. Кыргыз Коммунисттик партиясынын экинчи катчысы Вячеслав Макаренко Осмоновго телефон чалып, аларды Афганистанга жиберүүсүн өтүнгөн. Макаренко кыргыз тилинде таза сүйлөчү. Бекмамат Осмонович ага макул болот. Ошентип Кабулда өткөрүлчү иш-чарага Токтогул маданият үйү ушундай жол менен барган.
— Делегациянын курамында кимдер бар эле?
— Делегацияны Кыргыз ССРинин статистикалык комитетинин төрагасы Болот Акказиев жетектеди. Кыргыз эл жазуучусу Асанбек Стамов, белгилүү ырчылар Шахра Талипова, Кенжеш Тиленбаева, Бусурманкул Корошов, манасчы Уркаш Мамбеталиев бар эле. Ошол маалда Шахранын жылдызы жаңыдан жанып, калктын ичинде популярдуу боло баштаган. Мындан сырткары, делегацияга Кант районунун (азыркы Ысык-Ата району) аткаруу комитетинин башчысы Мелисбек Беккоёнов жана республиканын Коммунисттик партиясынын биринчи катчысы Абсамат Масалиевдин жардамчысы Ахмат Абдукаримов кошулган. Себеби Кант районундагы Киргшёлк айылындагы балдар үйүндө жетим афган балдар тарбияланчу. Ал эми Абдукаримовдун жалгыз уулу лейтенант Канатбек 1986-жылы 6-декабрда Чарикар шаарынын (Түндүк Афганистан) жанында каза болгон экен. Ошондуктан Ахмат Атакишиевич баласы окко учкан жерди көргүсү келген. Делегациянын котормочусу илимпоз жана афган согушунун ардагери Айбек Дехканов болгон. Ал дари тили боюнча адис. Ошол убакта Дехканов Фрунзе шаарынын Ленин райкомунда инструктор болуп иштечү. Баш-аягы 40 киши бардык. Өнөр жай министрлиги даярдаган көргөзмө алып барып, республика тууралуу фотокөргөзмө жана киносу тууралуу планшеттик стенд даярдаганбыз. Мындай стенддерди Москвада борбордук кеңсе менен кеңешип жасачубуз.
— Сапарыңыздар кандай болду?
— Адегенде Фрунзеден Москвага учуп, 25-октябрда Ташкентке келдик. Андан кийин Өзбекстандын борборунан Кабулга аскердик-транспорттук Ил-76 учагына түшүп, эки сааттан ашык убакытта Афганист
андын борборуна учуп келдик. Аэропорттон бизди Советтер Союзунун Афганистандагы элчиси Борис Пастухов менен советтик дипломаттар тосуп алып, СССРдин элчилигинен үч саат бою өлкөнүн ичиндеги абалды айтып берди. Биз иш-чараларды афган-совет достук коому менен биргеликте уюштурдук.
Кабулдагы Советтер Союзунун илим жана маданият үйүндө өткөн кыргыз өнөрпоздорунун концерти менен көргөзмөнү көргөнү башка элчиликтердин бардыгы келишти. Кыргызстандын маданият күндөрүн афган маалымат каражаттары аябай чагылдырып, ошентип Кыргыз ССРинин делегациясы Афганистанга болгон маалыматтык блокаданы бузду. Ушул иш-чаранын бардыгын белгилүү оператор жана режиссёр Мурат Жыргалбаев тарткан, "Кыргызфильм" киностудиясынын алтын казынасында сакталуу.
— Шахра эже, ал күндөр эстен кете элек болсо керек. Кабулда кайсы ырларды ырдадыңыздар эле?
— Афганистандын борборуна келгенде жанындагы тоолордо эки каршылашкан тараптын атышканына абдан таң калдык. Кабулдагы Советтер Союзунун илим жана маданият үйүндө жана аскердик госпиталда концерт койгонбуз. Жарадар жоокерлерди көрүп жүрөгүбүз аябай ооруду. Биздин репертуарда ар түрдүү улуттун ырлары бар эле. Афгандыктар өзгөчө тажик тилиндеги "Чаки-чаки борони" ырын абдан жактырды. Орусча "Подмосковные вечера", кыргызча "Ак боз аттын такасы", "Курбуларга", "Кыргызстан" өңдүү ырларды аткарганбыз. Биз өнөрүбүздү тартуулаганда "Миң кыял" фольклордук ансамбли коштоп турду. Күнүнө үч-төрт концерт бергенбиз. Афгандыктардын кыргыз артисттеринин концертин чын дилинен кабыл алганын азыркыга чейин унута албайм. Алар бизге белектерди тартуулап, япон атырын, косметика, жоолук беришкен. Анда СССРде бул товарлар дефицит болчу. Ошол учурда Афганистанда электр чайнектер, плойка, аялдардын кышкы бут кийими абдан кымбат экен. Мейманканадагы кызматкер "ханум, чайнек, плойка жана бут кийимиңизди жубайыма таштап кетиңизчи" деп аябай өтүндү. Боорум ооруп оокаттарымды таштап, Кыргызстанга туфли кийип кеткем (күлүп).
© Sputnik / Асель СыдыковаАфган согушунун ардагери жана дипломат Айбек Дехканов
Дипломат и ветеран афганской войны Айбек Дехканов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Афган согушунун ардагери жана дипломат Айбек Дехканов
Айбек Дехканов (А.Д): — 1982-1984-жылдары Афганистандагы советтик 40-армиянын атайын пропаганда бөлүмүндө офицер катары кызмат өтөдүм. Кабулдан аэропортуна түшкөндө моджахеддер террордук акт уюштурбаса экен деп ичимен абдан кооптондум. Биздин делегациянын мүчөлөрү өлкөдө жарандык согуш болуп жатканына анча маани берген жок. Себеби СССРдин элинин басымдуу бөлүгү мындай кандуу тирешти көрө элек болчу. Согушкерлер ушундай учурду пайдаланып далай ирет кол салганы эсимде да. Бизди биринчи күнү Советтер Союзунун элчилигинин маданият боюнча атташеси коштоп жүрдү. Мейманканага жаңыдан жайгашып, кесиптешим менен сүйлөшүп жаткан маалда жакын жерден фугас (жардыргыч зат) жарылды. Эртеси коңшу мейманкананын жанына козголоңчулар "Фольксваген" маркасындагы миниавтобусту айдап келип, ичине фугасты салып жардырганын билдик.
Бизди афган коопсуздук кызматынын кызматкерлери менен аскерлери кайтарып жүрдү. Ошон үчүн моджахеддер кол сала алган жок. 1979-1989-жылдары 40-армиянын штабы Кабулдун ичиндеги "Бала-Хиссар" атындагы чепте жайгашкан эле. Биз ал жерде жашап иштечүбүз. Делегацияны ошол жакка алып барганда абдан сүйүндүм. Афганистанда курман болгон советтик жоокерлерге арналган эстелик "Бала-Хиссардын" ичинде жайгашкан. Жогорудагы эстеликке гүлчамбар койгонбуз. Бизди афган армиясынын подполковниги аял киши коштоп жүрдү. Анын теги советтик азербайжан эле. Жолдошу афгандык офицер болчу. Тилекке каршы, анын да аты-жөнү эсимде жок. Мен көп деле которгон жокмун. Анткени орусча сүйлөгөн афгандыктар көп болчу. Абсамат Масалиевдин жардамчысы Ахмат Абдукаримов аскердик госпиталда митингде сөз сүйлөп жатып, жалгыз уулу Канатбекти эскерди. Эки жума бою көп ирет сүйлөштүк, Ахмат Атакишиевич баласы афган жергесинде каза болгонун айтып каңырыгы түтөдү. Жүрөгүндөгү бүтпөс арманы мага афганчы катары абдан түшүнүктүү эле. Көз алдымда эле Абдукаримовдун уулуна окшогон он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек нечендеген советтик жоокерлер курман болду. Тилекке каршы, Абдукаримовдун уулу каза болгон Парван аймагына бара алган жокпуз. Анткени ошол учурда бул чөлкөмдө моджахеддерге каршы расмий Кабулдун армиясы согушуп жаткан. "Бала-Хиссар" чебинде Ахмат Атакишиевич экөөбүз Афганистандагы трагедия тууралуу сүйлөшүп турган учурду Мурат Жыргалбаев даректүү тасмада абдан жакшы чагылдырган.
— Кабулда даңазалуу колбашчы, тарыхчы, ойчул, акын жана Улуу Монгол династиясын негиздеген Захиреддин Бабурдун күмбөзүнө барган экенсиңер?
С.К.: — Ооба. Атактуу жердешибиз Бабурдун күмбөзүнө барып зыярат кылганбыз. Анын күмбөзүндөгү чынардын бир бутагын Кыргызстанга ала келгем. Бабур Афганистан жана Түндүк Индияны багындырган. Бирок киндик каны тамган Фергана аймагын көрбөй калганын "Бабур-наама" аттуу тарыхый китебинде арман кылып жазган экен. Ичер суусу түгөнгүчө Ошту көрсөм, Сулайман-Тоого чыксам деп жүрүп өтүптүр. Күмбөзүндөгү чынардын бутагын ошол себептен алгам.
Кыргыз ССРинин өнөр жай, товарлар жана кино менен фотокөргөзмөсү абдан кызуу талкуу жаратты. Жазуучу Асанбек Стамов кыргыздар жөнүндө маалымат топтогонго аракеттенди. Афган интеллигенциясы менен жемиштүү жолугушуулар болду. Биздин артисттер Кабулда концерт бергенде афгандыктар ушунчалык жакшы кабыл алышты. Өзгөчө кыргызстандык өнөрпоздор төрт кабаттуу аскердик госпиталда концерт бергенде балкондо турган жарадар жоокерлер чын дилинен кол чапканы дагы көз алдымда турат. Эли да, бийлиги да бизге абдан ыраазы болушкан. Афган элинин басымдуу бөлүгү ушунчалык жарды турмушта жашаганын көрүп, жакабызды кармаганбыз. Кыргыз ССРинин делегациясынын төрт мүчөсүнө, анын ичинде мени да Афганистандын коопсуздук кызматы медаль менен сыйлап, вице-премьер-министри кабыл алган.
Кабул шаарындагы Талибан кыймылынын мучөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2021
Күндүн жарыгын көрбөгөн кыз-келиндер... Талибдерди бийликке алып келген 7 учур
— Кийин афган делегациясы да Кыргызстанга келген турбайбы?
— 1991-жылы мартта Кабулдан Бишкекке расмий делегация келди. Аларды мен коштоп жүрдүм. Афган делегациясы менен маданий жана соода-сатык тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Андан кийин ал кездеги Кант районуна барганбыз. Аларды райондун башчысы Мелисбек Беккоёнов тосуп алган. Ал расмий Кабулдун өкүлдөрүн Киргшёлк айылындагы балдар үйүндө тарбияланган 50гө жакын афгандык жетим балдар менен жолугушуу уюштурган. Бул иш-чараны да белгилүү кинорежиссёр Мурат Жыргалбаев тасмага түшүргөн.
Тилекке каршы, 1991-жылдын аягында Советтер Союзу урады. Натыйжада жогорудагы сүйлөшүүлөр иш жүзүнө ашпай калды. 1992-жылы Наджибулланы афган куралдуу оппозициясы бийликтен алып түштү. Афганистанда жарандык согуш дагы 29 жылга созулду.
Жаңылыктар түрмөгү
0