Минниханов Кыргызстандан кайсы товарларды алууга кызыкдар экенин айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековТатарстандын президенти Рустам Минниханов
Татарстандын президенти Рустам Минниханов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2021
Жазылуу
Рустам Минниханов Татарстанда дагы кыргызстандык компанияларды кызыктыра турган бир топ товарлар өндүрүлөрүн билдирди.
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Кыргызстан Татарстанга айыл чарба жана жеңил өнөр жай товарларын көбүрөөк жөнөтө баштаса болмок. Мындай пикирин республиканын президенти Рустам Минниханов билдирди.
Ал Бишкекте өтүп жаткан кыргыз-татар бизнес-форумуна катышты. Минниханов Татарстанда кыргызстандык ишкерлер үчүн дагы кызыгуу жараткан товарлар бар экенин кошумчалады.
"Кыргыз компаниялары айыл чарба жана жеңил өнөр жай товарларын бизге көбүрөөк жөнөтө баштаса болмок", — деди президент.
Сөзүнүн аягында ал биргелешкен кооперацияларды дагы түзсө болорун кошумчалап, "Татарстан Россияга кирүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк" деп айтылып жүргөн пикирге кошуларын билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0