Муз үстүндө чимирилип, абада айланган спортчулар. Японияда тартылган сүрөттөр
Муз үстүндө чимирилип, абада айланган спортчулар. Японияда тартылган сүрөттөр
Sputnik Кыргызстан
Японияда өткөн мелдеште жалгыздап бийлөө боюнча жергиликтүү спортчулар Сёма Уно менен Каори Сакамото мыктылыгын көрсөтүштү. Башка категориялар боюнча көбүнесе... 14.11.2021, Sputnik Кыргызстан
Көркөмдөп муз тебүү боюнча 2021/2022 — NHK Trophy 2021 мелдеши Япониянын Токио шаарында 12-14-ноябрь күндөрү болуп өттү. Фигуристтер аялдар, эркектер жана жупташып муз тебүү категорияларында күч сынашты. Ошондой эле музда бийлөө номинациясында дагы мыктылар тандалды.Жалгыз бийлөө боюнча япониялык спортчулар Сёма Уно менен Каори Сакамото алдына киши салган жок. Аял-эркектин чогуу муз тебүү программасында мыкты деп россиялык Анастасия Мишина менен Александр Галлямовду тандашты. Муздагы бийден биринчи орунду ошол эле россиялык Виктория Синицина менен Никита Кацалапов алды.
Японияда өткөн мелдеште жалгыздап бийлөө боюнча жергиликтүү спортчулар Сёма Уно менен Каори Сакамото мыктылыгын көрсөтүштү. Башка категориялар боюнча көбүнесе россиялык спортчулар алдыга чыкты.
Көркөмдөп муз тебүү боюнча 2021/2022 — NHK Trophy 2021 мелдеши Япониянын Токио шаарында 12-14-ноябрь күндөрү болуп өттү. Фигуристтер аялдар, эркектер жана жупташып муз тебүү категорияларында күч сынашты. Ошондой эле музда бийлөө номинациясында дагы мыктылар тандалды.
Жалгыз бийлөө боюнча япониялык спортчулар Сёма Уно менен Каори Сакамото алдына киши салган жок. Аял-эркектин чогуу муз тебүү программасында мыкты деп россиялык Анастасия Мишина менен Александр Галлямовду тандашты. Муздагы бийден биринчи орунду ошол эле россиялык Виктория Синицина менен Никита Кацалапов алды.