Министрлер кабинетинин түзүмү кайрадан өзгөрдү. 60 ведомствонун аталышы алмашты

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкектеги өкмөт үйү. Архив
Бишкектеги өкмөт үйү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2021
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын февраль айынан бери аткаруу бийлигинин түзүмү бир нече ирет алмашты. Бийлик муну менен мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу максатында жасап жатканын айтууда.
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда министрлер кабинетинин структурасы кайрадан түзүлдү. Тиешелүү токтомго өкмөт башчы Акылбек Жапаров кол койгон.
Мындай кадамдар аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу максатында жасалганы белгиленет.
Ага ылайык, министрликтердин алдындагы агенттиктер жоюлуп, "департамент", "кызмат" болуп өзгөрдү:
  • Экономика жана финансы министрлиги Экономика жана коммерция министрлиги жана Финансы министрлиги болуп бөлүндү. Туризм чөйрөсүндөгү функциясы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине өткөрүп берилди;
  • Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Саламаттык сактоо министрлигине жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги болуп бөлүндү;
  • Инвестиция министрлигинин функциясы Экономика жана коммерция министрлигине өткөрүп берилсин;
  • Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду, Банкроттук иштер боюнча департамент, "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" Экономика жана коммерция министрлигинин карамагына өтсүн;
  • Тышкы миграция департаментинин функциясынын бир бөлүгү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине төмөнкүлөр өткөрүп берилсин:
  • Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин аталышы Айыл чарба министрлиги деп аталып, региондорду өнүктүрүү чөйрөсүндөгү функциясы Экономика жана коммерция министрлигине өткөрүп берилсин;
  • Энергетика жана өнөр жай министрлиги Энергетика министрлиги болуп өзгөртүлдү. Өнөр жай чөйрөсүндөгү (тамак-аш өнөр жайынан тышкары) функциясы Экономика жана коммерция министрлигине, Геология, жер казынасын коргоо жана жер казынасын пайдалануу, өнөр жай коопсуздугу, жер казынасын пайдалануу, геологиялык иштерди жүргүзүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын, ошондой эле көмүрдүн жана отундун сапатын жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча милдеттүү талаптардын сакталышын мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө чөйрөсүн тескөө Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине өткөрүп берилсин;
  • Инвестиция министрлиги министрлер кабинетинин карамагындагы "Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттиги (KADI)" мамлекеттик мекемеси болуп негизделсин;
  • Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги болуп өзгөртүлсүн;
  • Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы Финансы министрлигинин карамагына өттү;
  • Министрлер кабинетинин Соттук өкүлчүлүк борбору Юстиция министрлигинин карамагына өттү;
  • Экономика жана финансы министрлигине караштуу Экономикалык саясатты изилдөө институту Министрлер кабинетинин алдындагы Экономикалык саясатты изилдөө институту мамлекеттик мекемеси болуп өзгөрдү;
  • Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Экономика жана коммерция министрлиги болуп өзгөрдү;
  • Кыргыз аккредитациялоо борбору Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Аккредитациялоо борбору болуп өзгөрөт;
  • Экономика жана финансы министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор Экономика жана коммерция министрлигине караштуу борбор болуп өзгөрдү;
  • Экономика жана финансы министрлигине караштуу "Адал-индустриясын өнүктүрүү боюнча борбор" мамлекеттик мекемеси Экономика жана коммерция министрлигине караштуу мекеме болуп өзгөрдү;
  • Экономика жана финансы министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасы Экономика жана коммерция министрлигине караштуу ишкана болуп өзгөрдү;
  • Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаменти, "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине өткөрүп берилди;
  • Экономика жана финансы министрлигине караштуу Салык, Бажы кызматтары Финансы министрлигинин карамагына өттү;
  • Экономика жана финансы министрлигине караштуу Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду болуп өзгөрдү;
  • Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти Финансы министрлигинин алдындагы департамент болду;
  • Экономика жана финансы министрлигинин Окуу борбору Финансы министрлигинин Окуу борбору болуп өзгөрдү;
  • Экономика жана финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти болуп өзгөрдү;
  • Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик Энергетика министрлигинин карамагындагы департамент болду;
  • Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттиги Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине өтүп департамент болуп калды;
  • Энергетика, тоо-кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекция Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызмат болуп өзгөрдү;
  • Энергетика министрлигинин карамагына өттү;
  • Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Энергетика жана экономика илим изилдөө институту, "Энергодолбоор" кыргыз мамлекеттик илим-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институту, "Бишкек штамптоочу заводу" жана "Кыргызжылуулукэнерго", "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканалары Энергетика министрлигине өттү;
  • Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттиги, Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттиги департамент болуп өзгөрдү;
  • Суу ресурстары, Жер ресурстары жана Токой чарба агенттиктери эми Айыл чарба министрлигине караштуу агенттик эмес кызмат деп аталат;
  • Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция, Жер жана суу мамлекеттик инспекциясы Айыл чарба министрлигине караштуу кызмат деп өзгөрдү;
  • Ветеринардык дары-дармектерди, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча борбор Айыл чарба министрлигинин алдындагы департамент болуп өзгөрдү;
  • Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Соттук-эксперттик мамлекеттик кызмат Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы, Соттук-эксперттик кызмат болуп өзгөрдү. Башкача айтканда, "мамлекеттик" деген сөз алып салынды;
  • Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы болуп өзгөрдү;
  • Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Мамлекеттик архив агенттиги Архив кызматы болуп өзгөрдү;
  • Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти болду. Жаштар саясаты чөйрөсүндөгү функцияларды министрликтин борбордук аппаратына өткөрүп берилет;
  • Экологиялык контролдоо мамлекеттик инспекциясы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу кызматы болуп өзгөрдү;
  • Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Гидрометеорология боюнча агенттикти (Кыргызгидромет) Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Гидрометеорология кызматы деп аталды;
Структуралардын өзгөрүшүн толугу менен министрлер кабинетинин сайтынан тааныша аласыз.
Аталган токтом 6-ноябрда чыккан, ага кол койгон күндөн тартып күчүнө кирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0