Көздөрүнө дүйнө батып, Кайлас басып. Кубатбек Жусубалиевдин эл көрө элек сүрөттөрү

Жазылуу
Кыргыз эл жазуучусу, сценарист, ойчул Кубатбек Жусубалиев (Кердегей) бүгүн, 30-октябрда, 81 жашка чыкты. Sputnik Кыргызстан кыргыз адабиятынын өзгөчө, башкача үлгүлөрүн жараткан инсандын көпчүлүк көрө элек сүрөттөрүн окурмандарга тартуулайт.
Көп замандаштары Жусубалиевдин калеминен жаралган чыгармаларын жанталаша окуп, гениалдуу жазуучу экенин айтып тамшанат. Адабият сүйүүчүлөрдүн башка бир бөлүгү түшүнүү кыйын дешет. Кердегей көптөрдө жок таланты, ой-туюмунун тереңдиги менен өзгөчө.
Кубатбек Жусубалиев 1940-жылы (документтеринде 1941-жылдын 30-октябрында деп жазылып калган) жарык дүйнөгө келген. Туулган жери Кыргыз ССРинин Ош облусундагы Алай районуна караштуу Жошолуу өрөөнүндөгү Кердегей айылы. Ошол туулган айылын өз атына кошуп Кубатбек Кердегей деп псевдоним да кыла койгон учурлары бар.
Фрунзеге келип, улуттук университеттин филология факультетин аяктайт. Алгач Чоң Алайда мугалим, Ошто журналист, Фрунзеде киноредактор болуп иштеп, чыйырын да башкача салган. Прозага сүңгүдү, сценарий жазды, киного тартылды, авангарддык ырларга ык койду, котормого аралашты. Бир топ суулар акты, мезгил алмашты. Ой-туюм өзгөрдү, көптөр сезбеген нерселерди аңдады, ой калчады, дүйнө-өмүрдү тегеретти. Бир чындыкты издеди, өзүнө ылайык деген дүйнөсүн обочолонгон айдыңдан тапты.
Ысык-Көлдө Ак кеме тасмасы тартылып жаткан кез - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2018
Эх-хх, ирмемдер, ирмемдер... Айтматовдун эл көрө элек сүрөттөрү
Жазуучу Бишкектин 7-кичи районунда жашаган үйүн калтырып, Алайга, Кердегейине кетип калды. Кызыл аскага жабыштырып, бышкан кызыл кыш менен там салды. Энеси экөө жашаган эски үйдүн түркүгү менен торсундарды тиретти, тоодон тапкан таштарды тизип, айбанга чыгар-түшөр тепкич кынады, там аркасына өрүк, алма, карагат, жүгөрү экти. Сыртка чыгып, дүйнө аралап, көңүлүнө төп келген жерлерге барганы менен убактысынын көбүн Кердегейинде, кичи мекениндеги деми өзгөчө жылуу жеринде өткөрөт.
Дүйнө аралап демекчи, бир нече убакыт мурда атактуу Далай-ламага жолугуп, көптөр ынтызар болуп жүргөн ыйык Кайласка зыярат кылып келгени бар. Борборго келсе күйөрмандары бура бастырбай маектешип, кызыктуу соболдорун узатса, Кердегейге кеткенде жазуучуга жолугуу үчүн каттагандар да арбын.

Чыгармаларынын таржымалы

1963-жылы "Ала-Тоо" журналына "Тоолорго жаз кеч келет", "Жол боюндагы теректер" аттуу аңгемелери басылат. 1967-жылы "Күн автопортретин тартып бүтө элек" деген ат менен Фрунзеден "Кыргызстан" басмасынан 110 бет көлөмүндө чыккан. Китепке "Тоолорго жаз кеч келет", "Жол боюндагы теректер", "Эскерүү" аттуу үч аңгемеси кирген. 1974-жылы "Кожожаш мерген" киноповести жазылган.
1981-жылы "Толубай сынчы" деген ат менен китеби чыккан. Ага "Түш", "Кыш", "Шатыдагы балдар", "Жолборс эки уйду жыгып жатат", "Туулган күн", "Толубай сынчы", "Койчу жана жөө туман" аңгемелери, "Жижи үчүн жазылган жомоктор" түрмөгү кирген. Мына ушул эки жыйнактан кийин жыйырма жыл бою анын чыгармаларын басууга кимдир бирөө тыюу салгандай журналдарга да, китептерге да чыкпай калат. 1980-жылы "Гимн" деген аңгемеси "Мугалимдер газетасына" жарыяланган.
Исхак Раззаков жубайы Рауза Ибрагимова экөө бир кыз, эки уулду тарбиялап чоңойткон - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2021
Өз киндигин өзү кесип жетилген. Исхак Раззаковдун сүрөттө калган ирмемдери
Жыйырма сегиз жашында, 1969-жылы "Муздак дубалдар" аттуу романын жазган. "Советтик саясий идеологияга туура келбейт, сөздөрү ордунда эмес, сюжети жана композициясы чачкын, идеясы шектүү..." дегендей сындар айтылат да, чыгарма жыйырма жылдан ашык автордун сандыгында жатып, 1990-жылы "Адабият" басмасынан китеп болуп чыгат. Ушундай эле жарлыктар тагылган "Амбарная книга" деген повести да 1987-жылы "Ала-Тоо" журналынын №8 санына – жазылгандан 17 жыл өткөн соң "Күздүн акыркы күнү" деген ат менен жарыяланат. 1985-жылдан башталган горбачевдук кайра куруунун желаргысы гана Кубатбек Жусубалиевдин жазгандарын окурмандары менен кездештирет. "Кожожаш" чыгармасынын негизинде Мар Байжиев "Байыркы жомок" деген драма жазып, сахнада коюлду, ошол эле автор Төлөмүш Океев экөө сценарийин жазып, Төлөмүш Океев эки сериялуу "Ак илбирстин тукуму" аттуу мыкты фильмин тартты (1984).
Жусубалиевдин бир топ күйөрмандары, алардын ичинде "Асаба" газетасы 2003-жылы "Жети сөз жана Конфуций" аттуу көлөмдүү китебин көп нускада чыгарып берди. Кыргыз китеп чыгаруу өнөрүндөгү полиграфиялык жактан мыкты бул китеп жазуучуну бир кыйла кеңири таанытты. Андагы "жети сөз" кайсы дегенде, Кубатбек Жусубалиев "Укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп ууру кылба" деген жети сөздөн турган ушул макал экенин, кыргыздын бүт философиясы, жашоонун маңызы, этика-эстетикасы ушул жети сөзгө байланганын айтып, ушуну эле идеология кылып алыш керек деп жүрөт.
Ал эми поэзиясы да элдикине окшобойт: орусча, кыргызча, уйкаш, бейуйкаш болуп кете берет. Түшүнүү кыйын. Аларды жалпысынан "Одинокие заметки" ("Авангардические стишки") деп атады.
Наам, сыйлык дегендерди жактырбаган мүнөзү бар. 2019-жылы КР Улуттук жазуучулар союзу демилге кылып, ой-боюна койбой Кыргыз эл жазуучусу деген наамды алып берген.
© Фото / из семейного архива ЖусубалиевыхКубатбек Жусубалиев энеси Камбү менен. Өзү азиз болгону менен көкүрөгү тунук эне баланы чымчыктайынан өзүнө имерип алып, ойчул жана топуктуу адам болууга даярдаган.
Кубатбек Жусубалиев энеси Камбү менен. Өзү азиз болгону менен көкүрөгү тунук эне баланы чымчыктайынан өзүнө имерип алып, ойчул жана топуктуу адам болууга даярдаган. - Sputnik Кыргызстан
1/14
Кубатбек Жусубалиев энеси Камбү менен. Өзү азиз болгону менен көкүрөгү тунук эне баланы чымчыктайынан өзүнө имерип алып, ойчул жана топуктуу адам болууга даярдаган.
© Фото / из семейного архива ЖусубалиевыхЖазуучунун жалындаган жаштык кезинен бир ирмем. Жусубалиев 28 жашында, 1969-жылы "Муздак дубалдар" аттуу романын жазган.
Жазуучунун жалындаган жаштык кезинен бир ирмем. Жусубалиев 28 жашында, 1969-жылы Муздак дубалдар аттуу романын жазган. - Sputnik Кыргызстан
2/14
Жазуучунун жалындаган жаштык кезинен бир ирмем. Жусубалиев 28 жашында, 1969-жылы "Муздак дубалдар" аттуу романын жазган.
© Sputnik / Александр ФедоровКинематографисттердин съездинде. Таберик сүрөт. Жусубалиев жана анын жанында отурган жубайы, режиссер Клара Юсупжанова.
Кинематографисттердин съездинде. Таберик сүрөт. Жусубалиев жана анын жанында отурган жубайы, режиссер Клара Юсупжанова. - Sputnik Кыргызстан
3/14
Кинематографисттердин съездинде. Таберик сүрөт. Жусубалиев жана анын жанында отурган жубайы, режиссер Клара Юсупжанова.
© Sputnik / Александр ФедоровЖусубалиев "Муздак дубалдар" романын жазып жатканда бир суткада 18-19 сааттан иштеп, дароо эле машинкага басканы айтылып келет
Жусубалиев Муздак дубалдар романын жазып жатканда бир суткада 18-19 сааттан иштеп, дароо эле машинкага басканы айтылып келет - Sputnik Кыргызстан
4/14
Жусубалиев "Муздак дубалдар" романын жазып жатканда бир суткада 18-19 сааттан иштеп, дароо эле машинкага басканы айтылып келет
© Фото / предоставлено Жамбы ДжусубалиевойЖусубалиевге 1965-жылы Москвадагы Киночулар институтуна орун бөлүнөт да, эки жыл жогорку киносценаристтер курсунун угуучусу катары киножазуучулардын чоң дүйнөсүнө кошулат
Жусубалиевге 1965-жылы Москвадагы Киночулар институтуна орун бөлүнөт да, эки жыл жогорку киносценаристтер курсунун угуучусу катары киножазуучулардын чоң дүйнөсүнө кошулат - Sputnik Кыргызстан
5/14
Жусубалиевге 1965-жылы Москвадагы Киночулар институтуна орун бөлүнөт да, эки жыл жогорку киносценаристтер курсунун угуучусу катары киножазуучулардын чоң дүйнөсүнө кошулат
© Фото / предоставлено Жамбы ДжусубалиевойДостор. Жусубалиевдин Далай-ламага – буддисттердин лидерине экинчи ирет кездешүүсү. Далай-лама туугандарындай кезексиз кабыл алып, башкалардан артыкча көп убакыт бөлүп сүйлөшкөнү айтылып келет. 2015-жыл.
Достор. Жусубалиевдин Далай-ламага – буддисттердин лидерине экинчи ирет кездешүүсү. Далай-лама туугандарындай кезексиз кабыл алып, башкалардан артыкча көп убакыт бөлүп сүйлөшкөнү айтылып келет. 2015-жыл. - Sputnik Кыргызстан
6/14
Достор. Жусубалиевдин Далай-ламага – буддисттердин лидерине экинчи ирет кездешүүсү. Далай-лама туугандарындай кезексиз кабыл алып, башкалардан артыкча көп убакыт бөлүп сүйлөшкөнү айтылып келет. 2015-жыл.
© Фото / из семейного архива ЖусубалиевыхДалай-лама, Кубатбек Жусубалиев жана жазуучунун кызы Жамбы Жусубалиева. Биринчи кездешүү, 2009-жыл.
Далай-лама, Кубатбек Жусубалиев жана жазуучунун кызы Жамбы Жусубалиева. Биринчи кездешүү, 2009-жыл. - Sputnik Кыргызстан
7/14
Далай-лама, Кубатбек Жусубалиев жана жазуучунун кызы Жамбы Жусубалиева. Биринчи кездешүү, 2009-жыл.
© Фото / из семейного архива ЖусубалиевыхКубатбек Жусубалиевдин Венеция сапарларынан бир ирмем. 2013-жыл
Кубатбек Жусубалиевдин Венеция сапарларынан бир ирмем. 2013-жыл - Sputnik Кыргызстан
8/14
Кубатбек Жусубалиевдин Венеция сапарларынан бир ирмем. 2013-жыл
© Фото / Жамбы ДжусубалиевойЖазуучунун Мургабга барган учурунан көз ирмем, 2014-жыл
Жазуучунун Мургабга барган учурунан көз ирмем, 2014-жыл - Sputnik Кыргызстан
9/14
Жазуучунун Мургабга барган учурунан көз ирмем, 2014-жыл
© Фото / из семейного архива ЖусубалиевыхТибет сапары. Көптөрдүн ою жетип, бирок колу жетпеген ыйык Кайлас тоосуна бараткан Кубатбек Жусубалиев, 2015-жыл.
Тибет сапары. Көптөрдүн ою жетип, бирок колу жетпеген ыйык Кайлас тоосуна бараткан Кубатбек Жусубалиев, 2015-жыл. - Sputnik Кыргызстан
10/14
Тибет сапары. Көптөрдүн ою жетип, бирок колу жетпеген ыйык Кайлас тоосуна бараткан Кубатбек Жусубалиев, 2015-жыл.
© Фото / предоставлено Жамбы ДжусубалиевойКайлас тоосуна барганы жазуучу Кубатбек Жусубалиев үчүн эстен кеткис, жан дүйнөсүн башкача бир сезимге бөлөгөн зыяраттардан болуп калса керек
Кайлас тоосуна барганы жазуучу Кубатбек Жусубалиев үчүн эстен кеткис, жан дүйнөсүн башкача бир сезимге бөлөгөн зыяраттардан болуп калса керек - Sputnik Кыргызстан
11/14
Кайлас тоосуна барганы жазуучу Кубатбек Жусубалиев үчүн эстен кеткис, жан дүйнөсүн башкача бир сезимге бөлөгөн зыяраттардан болуп калса керек
© Фото / из семейного архива ЖусубалиевыхКайлас тоосуна чыгуу шыбагасы буюрган ирмемдер
Кайлас тоосуна чыгуу шыбагасы буюрган ирмемдер - Sputnik Кыргызстан
12/14
Кайлас тоосуна чыгуу шыбагасы буюрган ирмемдер
© Фото / предоставлено Жамбы ДжусубалиевойКубатбек Жусубалиев башка жазуучулар сыяктанып көрүнгөн жерден наам, сыйлык сурабагандыгын, берем дегендерди да кагып койгон адаты бар экенин айтып келишет. 2019-жылы КР Улуттук жазуучулар союзу ой-боюна койбой Кыргыз эл жазуучусу деген наамды алып берген.
Кубатбек Жусубалиев башка жазуучулар сыяктанып көрүнгөн жерден наам, сыйлык сурабагандыгын, берем дегендерди да кагып койгон адаты бар экенин айтып келишет. 2019-жылы КР Улуттук жазуучулар союзу ой-боюна койбой Кыргыз эл жазуучусу деген наамды алып берген. - Sputnik Кыргызстан
13/14
Кубатбек Жусубалиев башка жазуучулар сыяктанып көрүнгөн жерден наам, сыйлык сурабагандыгын, берем дегендерди да кагып койгон адаты бар экенин айтып келишет. 2019-жылы КР Улуттук жазуучулар союзу ой-боюна койбой Кыргыз эл жазуучусу деген наамды алып берген.
© Фото / Ш. ДжекшенбаеваАлай, Кердегей. Кичинекей айылга Кубатбек Жусубалиевдин ааламдай дүйнөсү сыйган.
Алай, Кердегей. Кичинекей айылга Кубатбек Жусубалиевдин ааламдай дүйнөсү сыйган. - Sputnik Кыргызстан
14/14
Алай, Кердегей. Кичинекей айылга Кубатбек Жусубалиевдин ааламдай дүйнөсү сыйган.
Жаңылыктар түрмөгү
0