https://sputnik.kg/20181212/kyrgyzstan-zhazuuchu-chyngyz-ajtmatov-surot-1042409170.html
Эх-хх, ирмемдер, ирмемдер... Айтматовдун эл көрө элек сүрөттөрү
Эх-хх, ирмемдер, ирмемдер... Айтматовдун эл көрө элек сүрөттөрү
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн дүйнө элине жараткан чыгармалары менен аттын кашкасындай таанылган жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Залкар таланттын көзү тирүү болгондо быйыл 90... 12.12.2018, Sputnik Кыргызстан
2018-12-12T19:13+0600
2018-12-12T19:13+0600
2021-12-16T14:02+0600
https://sputnik.kg/img/104240/78/1042407801_0:167:1999:1298_1920x0_80_0_0_51f02dc6563a5a96d3631eb3a973062c.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2018
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104240/78/1042407801_0:104:1999:1361_1920x0_80_0_0_8e9e230df2529c6b8e31266373aca24c.jpg Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
окуялар, маданият, кыргызстан, мультимедиа, сүрөт, жаңылыктар, чыңгыз айтматовдун 90 жылдыгы, чыңгыз айтматов
окуялар, маданият, кыргызстан, мультимедиа, сүрөт, жаңылыктар, чыңгыз айтматовдун 90 жылдыгы, чыңгыз айтматов
Эх-хх, ирмемдер, ирмемдер... Айтматовдун эл көрө элек сүрөттөрү 19:13 12.12.2018 (Жаңыртылды: 14:02 16.12.2021 )
Бүгүн дүйнө элине жараткан чыгармалары менен аттын кашкасындай таанылган жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Залкар таланттын көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашын белгилемек. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги улуу калемгерди сейрек сүрөттөр менен эскерет.
12 Бештин айы 2018, 15:44
Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун калеминен жаралган чыгармалар дүйнөнүн булуң-бурчунда кайра-кайра басмаканадан чыгарылып келет. Залкардын эмгектери жүздөгөн тилге которулуп, көптөгөн окурмандардын колунан түшпөй окулуп, кыргыз элин, жерин ааламга тааныткан.
Азыр дагы калемгердин даанышмандыгы, кеменгерлигине калайык-калк суусап, анын чыгармаларын окугандан тажабай келет. Ал эми чет элдик окурмандар улуу жазуучу өскөн жерди, элин өз көзү менен көргөнгө ынтызар.
Атактуу инсан тууралуу кызыктуу 22 фактыны Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.
© Фото / Александр Федоров Улуу жазуучулар - Аалы Токомбаев жана Чыңгыз Айтматов
Улуу жазуучулар - Аалы Токомбаев жана Чыңгыз Айтматов
© Фото / Александр Федоров "Кызым, бул деген төө". Чыңгыз Айтматов кызы Ширин Айтматова менен
"Кызым, бул деген төө". Чыңгыз Айтматов кызы Ширин Айтматова менен
© Фото / Александр Федоров Айтматов менен көрүнүктүү уюштуруучу Акун Токтосартов "Манас" эпосунун 1000 жылдыгын белгилөөгө даярдануу маалында
Айтматов менен көрүнүктүү уюштуруучу Акун Токтосартов "Манас" эпосунун 1000 жылдыгын белгилөөгө даярдануу маалында
© Фото / Александр Федоров Кыргызстандыктар, анын ичинде Чыңгыз Айтматов менен балерина Бүбүсара Бейшеналиева Ленинград шаарында. Алтынга бергис ирмемдер
Кыргызстандыктар, анын ичинде Чыңгыз Айтматов менен балерина Бүбүсара Бейшеналиева Ленинград шаарында. Алтынга бергис ирмемдер
© Фото / Александр Федоров Оператор Юрий Сокол жана Чыңгыз Айтматов. Казакстанда "Аптап" тасмасын тартуу учуру, 1962-жыл.
Оператор Юрий Сокол жана Чыңгыз Айтматов. Казакстанда "Аптап" тасмасын тартуу учуру, 1962-жыл.
© Фото / Александр Федоров Түркмөнстандын белгилүү режиссеру Ходжакули Нарлиев жубайы менен Айтматовдун 50 жылдык юбилейинде
Түркмөнстандын белгилүү режиссеру Ходжакули Нарлиев жубайы менен Айтматовдун 50 жылдык юбилейинде
© Фото / Александр Федоров Бир туугандай болуп калышкан! Ысык-Көлдө "Ак кеме" тасмасы тартылып жаткан кез
Бир туугандай болуп калышкан! Ысык-Көлдө "Ак кеме" тасмасы тартылып жаткан кез
© Фото / Александр Федоров Легендарлуу парламенттин депутаты Чыңгыз Айтматов. Кесиптештери Жамин Акималиев, Мамат Айбалаевди көрүүгө болот
Легендарлуу парламенттин депутаты Чыңгыз Айтматов. Кесиптештери Жамин Акималиев, Мамат Айбалаевди көрүүгө болот
© Фото / Александр Федоров Жайлоодо режиссер Болот Шамшиев менен жазуучу Чыңгыз Айтматов, Ысык-Көл, 1974-жыл. Бул эки үлкөн талант кыргыз элине болуп көрбөгөндөй руханий байлык тартуулады
Жайлоодо режиссер Болот Шамшиев менен жазуучу Чыңгыз Айтматов, Ысык-Көл, 1974-жыл. Бул эки үлкөн талант кыргыз элине болуп көрбөгөндөй руханий байлык тартуулады
© Фото / Александр Федоров Жазуучунун чыгармаларынын негизинде кыргыз кино өнөрүндө бир топ шедевр тасмалар жаралган
Жазуучунун чыгармаларынын негизинде кыргыз кино өнөрүндө бир топ шедевр тасмалар жаралган
© Фото / Александр Федоров Саясатчы, мамлекеттик ишмер Михаил Горбачев менен Чыңгыз Айтматов Ысык-Көл форумунда, 1997-жыл
Саясатчы, мамлекеттик ишмер Михаил Горбачев менен Чыңгыз Айтматов Ысык-Көл форумунда, 1997-жыл
© Фото / Александр Федоров Быйыл Чыңгыз Айтматов көзү тирүү болгондо 90 жашка чыкмак
Быйыл Чыңгыз Айтматов көзү тирүү болгондо 90 жашка чыкмак
© Фото / Александр Федоров Кыргызстанды башкарган жана Кыргызстанды дүйнөгө тааныткандар. Кыргызстан компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиев жана алп жазуучу Чыңгыз Айтматов
Кыргызстанды башкарган жана Кыргызстанды дүйнөгө тааныткандар. Кыргызстан компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиев жана алп жазуучу Чыңгыз Айтматов
© Фото / Александр Федоров Айтматов жубайы Мариям Урматова жана атактуу режиссерлор Геннадий Базаров, Болот Шамшиев менен. 2006-жыл
Айтматов жубайы Мариям Урматова жана атактуу режиссерлор Геннадий Базаров, Болот Шамшиев менен. 2006-жыл
© Фото / Александр Федоров Айтматов Жамбыл облусунда. 1996-жыл
Айтматов Жамбыл облусунда. 1996-жыл
© Фото / Александр Федоров Кыргыз кино өнөрүнүн дагы бир алпы Төлөмүш Океевдин 60 жылдык юбилейинде
Кыргыз кино өнөрүнүн дагы бир алпы Төлөмүш Океевдин 60 жылдык юбилейинде
© Фото / Александр Федоров Залкар жазуучу, гуманист, философ, планетардык инсан Чыңгыз Айтматов. Бишкек, 2016-жыл, Кино Үйүндө
Залкар жазуучу, гуманист, философ, планетардык инсан Чыңгыз Айтматов. Бишкек, 2016-жыл, Кино Үйүндө