Большая пресс-конференция президента Садыра Жапарова - Sputnik Кыргызстан

Садыр Жапаровдун маалымат жыйыны. Онлайн репортаж

Жазылуу
Бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун кеңири маалымат жыйыны өтүп жатат.
Мамлекет башчы Кыргызстандын негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берип, ЖМК өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берүүдө.
Sputnik Кыргызстан иш-чараны тексттик трансляция аркылуу чагылдырып жатат.
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
14:47 23.10.2021

Маалымат жыйыны аяктады. Модератор журналист жалпысынан 56 редакциянын суроосуна жооп бергенин айтты. Иш-чара дээрлик төрт саатка созулду. Жапаров жыйынтыктап жатып, журналисттер менен эмдиги жылы Курултайда жолугарын айтты.

14:45 23.10.2021

Маалымат жыйынына катышып жаткан чет элдик журналисттердин бири Садыр Жапаровду эң келишимдүү президентсиз деп, залдагыларды жылмайтты.

14:36 23.10.2021

Садыр Жапаров: бизге, Кыргызстанга Канттагы авиабаза гана жетиштүү. "Манас" аба майданына АКШнын базасын киргизип алып, эки державанын ортосуна туруунун зарылдыгы жок.

14:34 23.10.2021

Садыр Жапаров Баткендеги чек аранын талаштуу аймагында чыр-чатак болбойт деп эч ким кепилдик бере албасын айтты. Анын билдирүүсүндө, кепилдиктер чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иши аяктагандан кийин гана берилет.

14:31 23.10.2021

Президент Жапаров: Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол долбоору ишке ашып кетсе, бир жылда бюджетке 200 миллион доллар түшөт. Ошондой эле экспортту көбөйтүүгө шарт түзүлөт.

14:28 23.10.2021

Садыр Жапаров: Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев мамлекеттик ипотека программасы аркылуу өз каалоосу менен 11 батирин берип жатат.

14:26 23.10.2021

Президент мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев тууралуу: ал Кумтөр иши боюнча кармалды, бул оңой иш эмес. Мен анын тажрыйбасын пайдалангым келип, бир нече жолу кабинетимде кабыл алгам. Ага "Темир-Тоо" долбоорун башкарууну сунуштагам. Бирок азыр ал камакта болгондуктан, токтоп турат. Аны жок дегенде үй камагына чыгаргыла дегем. Бирок тергөө аяктап жатат, көрөбүз.

14:25 23.10.2021

Садыр Жапаров: ар бир блогер болобу, журналист болобу, жөнөкөй жаран болобу, сүйлөгөн сөзүнө, чакырыктарына  жооп бериши керек.

14:24 23.10.2021

Садыр Жапаров: Социалдык тармактар, ФБ кайрылуулар боюнча айтсам, аларды анда-санда карап коем. Мурдагыдай убакыт жок. Кечки тамактан кийин убакыт болгондо, бир-эки саат карайм. Бир катарларын көчүрүп алып, кийин тиешелүү министрликтерге жөнөтөм.

14:03 23.10.2021

Жапаровдун маалыматына караганда, Казакстан Кыргызстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан.

"Андыктан Кыргызстан жарандары коңшу өлкөгө учак менен гана каттап жатат. Буга Казакстанда коронавирусту жуктургандар менен каза тапкандардын санынын көбөйүп жатышы себеп болду. Ал эми бизде Казакстандан кирген автоунааларга чек ара ачык", - деген Жапаров.

13:58 23.10.2021

Жапаров сатып алынып жаткан аскердик техника тууралуу: "биз сооттолгон автоунааларды, учкучсуз башкарылуучу аппараттарды сатып алып, тик учактарды оңдоп жатабыз. Бирок бул согушка даярдык эмес, тынч уктоо аракеттери".

13:49 23.10.2021

"Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп атат, Кудай буюрса кол коюшуп, баштайбыз. Бирок менин мөөнөтүмдө бүтөт деп айта албайм. Анткени ал бир нече жылга созулуп кетиши мүмкүн. Кандай шартта баштайбыз, ким акча салат, жолдун туурасы кандай болот, узундугу канчага чейин жетерин сүйлөшүүлөр чечет. Азыр биз сүйлөшө элекпиз", - деди Жапаров.

13:49 23.10.2021

Жапаров акимдерге автоунаа алынарын айтты. Президенттин түшүндүрмөсүнө караганда, буга чейин нааразычылык жараткан 40 милилон сомдук тендер убактылуу токтотулган. Бирок автоунаа алуу зарылдыгы дагы бар болгондуктан, бул маселе жаңы жылдан кийин кайра көтөрүлөт.

13:45 23.10.2021

Садыр Жапаров көмүр тартыштыгы боюнча сүйлөп жатып, "Кара-Кече" көиүр кенинде саботаж болгонун айтты. "Айрымдар карасанатайлык кылып, жабдууларды бузганга аракет кылышты. Жакында алар кармалып, жоопко тартылат", - деди президент.

13:38 23.10.2021

Садыр Жапаровго маалымат учурунда берилген суроого төмөнкүчө жооп кайтарды:

"Планшетти 2010-жылдан бери колдоном. Калем сап, барак колдонбойм. Анткени бул абдан ыңгайлуу нерсе. 10 тонна кагазды батырат. Элестетиңиз?! Мени сындагандын ордуна планшетке өтүңүздөр. Дүйнөлүк жаңылыктардын бардыгын көрүп, социалдык тармактарга кире аласың. Баракка караганда текстти оңдоп, жазганга абдан ылайыктуу. Шылдыңдап аткандарга айтарым, мактанбайын, менден 10-15 жыл артта калып калдыңар. Андан көрө планшетке өткүлө. Эки жылдык кагазга кеткен чыгым эле өзүн актап алат", — деген ал.

13:30 23.10.2021

Эске салсак, президенттин ири маалымат жыйыны башталганына 2,5 саат болду. Анын ичинен 1,5 сааттан бери Жапаров журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат.

13:26 23.10.2021

Садыр Жапаров: Социалдык тармактагы баракчаларымды өзүм алып барам, жардамчыларым бирок сыр сөздөрүмдү билет. Алар деле бир нерсе жүктөй алат, бирок мен өзүм эле чыгарганга аракет кылам.

13:25 23.10.2021

Садыр Жапаров: Буга чейин Санариптик өнүктүрүү министрлигин кызмат кылып эле бөлүп коелу дегенбиз. Бирок кайра министрлик макамын берели деп жатабыз. Көп иштер кылынып калган экен.

13:11 23.10.2021

Садыр Жапаров: Райым Матраимов мыйзамды бузгандыгы үчүн айып төлөп берген. Азыр аны менеджер деп мамлекеттик кызматка сунуштагандарды түшүнбөйм. Бул мамлекеттин сунушу эмес.

12:59 23.10.2021

Жапаров: КТРКны реформа кылабыз. Ал жеке кызыкчылык үчүн эмес мамлекеттин идеологиясы үчүн иштеши керек.

12:58 23.10.2021

Садыр Жапаров: Сооронбай Жээнбеков экс-президент бойдон калат. Куугунтуктоону токтотолучу. Албетте жооп бере турчу жагдайлары бар, бирок чоң кылмыштары жок.

12:36 23.10.2021

Президентке суроо берүү үчүн кезекке турган журналисттер

12:05 23.10.2021

Баткен облусундагы чек ара боюнча суроо берген журналист, эмне үчүн "Баткендеги чек ара маселесин чечпей отурасыз, быйыл көп адамдар курман болду" деген суроо узатты.

"Чек ара маселеси бизге көз каранды эмес экен. Өзбекстан менен бүткөндөн кийин Тажикстанга өтөлү дегенбиз. Баткен ал жерде төрт маселе, талаштуу жерлер бар экен. Кээ бир жерлеринде юридикалык жактан биз туурабыз...

... 2009-жылы 9-мартта Адахан Мадумаров Коопсуздук кеңешинин төрагасы болуп турган кезде кол коюп берген протокол бар экен. 275 метр жер Тажикстандыкы экенин тааныйм, бирок 49 жылга ижарага бергиле деп кол коюптур. Алар эми 12 жылыңар бүттү, 37 жылдан кийин же жабабыз, же сүйлөшүүнүн негизинде узартабыз деп жатышат. Мен ал учурда Мадумаровдун кол койгонго акысы жок болчу, эч ким аны ыйгарым укук берип жиберген эмес, мунуңар юридикалык жактан жарабайт деп жатам... Ошентип талашып келе жатабыз. Эгерде сенде күнөө кетип жатат десеңер, азыр чечип кое беребиз. Бирок 275 метр эмес, 5 метр жерди бергенге акыбыз жок. Бул менин, сиздин эмес, мамлекеттин, элдин жери. Беребиз десек, Лейлек 37 жылдан кийин толук анклав болуп кала берет", - деди Жапаров.

Дагы бир топ маселелерди айткан президент чек ара маселелерин эки жактын тең кызыкчылыгын бирдей карап, анан чечилиши керектигин айтты.

11:56 23.10.2021

ЖМК өкүлдөрү суроо берип баштардын мурда Данияр Кошалиев атуу журналисттик туулган күнү менен куттуктап, белек берди.

11:56 23.10.2021

Өлкө башчынын маалымат жыйыны башталганына бир сааттай убакыт болуп калды. Президент сөзүн жыйынтыктоого кам көрүүдө.

11:54 23.10.2021

Президент мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөр Өзбекстан менен аягына чыгуу учуру жакындап, Тажикстан менен уланып жатканын айтты.

11:53 23.10.2021

Жапаров: жакында боло турчу Коопсуздук кеңешинин жыйынында улуттук коопсуздук боюнча жаңы концепция каралат.

11:51 23.10.2021

Жапаров кыйын учурда эл бирдиктүү болору туурасында айтты. 

"Баткен облусундагы чек арага жакын айылдарды калыбына келтирүүгө 1,3 млрд. сом, курман болгондордун жакындарына материалдык жардам үчүн 36 млн. сом, жабыркаган ишкерлерге 29,7 млн. сом сарпталды", - деди Жапаров.

11:48 23.10.2021

Президент: ноябрь айынын башында Глазго (Шотландия) шаарында өтө турган климаттык конференцияга катышам. Кыргызстанда айрым абийирсиз инвесторлордун айынан экологияга зыян келди. Биз дүйнө коомчулугунун колдоосун алууга аракет кылабыз.

11:43 23.10.2021

Жапаров: акыркы 4-5 жылда коңшулар менен мамилебиз салкындап кеткен. Азыр мамилелер калыбына келтирилип жатат.

Ал коронавирус боюнча абал турукташары менен Кытайга иш сапары менен барарын айтты.

11:42 23.10.2021

Жапаров учурда Кыргызстан 165 өлкө менен расмий түрдө кызматташаарын, дагы башка мамлекеттер менен дипломатиялык мамиле курууга аракеттер болуп жатканын айтты.

11:41 23.10.2021

Жапаров мындан ары Кыргызстанда жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу жол берилбей турганын айтты.

11:40 23.10.2021

Жапаров: Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолу оңдоо иштери жүрүп жатат. Аны эгемендүү Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу жергиликтүү жол куруу компаниясы ишке ашырууда.

11:36 23.10.2021

 Президент Садыр Жапаров жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен болгон жыйындын башында сасык тумоолоп жатканын айтып, кечирим сурады. Өлкө башчы жыйында  бет кап тагынбай сүйлөп жатканын  байкоого болот.

11:31 23.10.2021

Президент: азыркы абалдан улам быйыл электр кубатына тарифтер көтөрүлбөйт.

Жапаров андан сырткары Токтогул ГЭСин кошкондо бир нече гидроэлектростанцияларда реабилитация жана жаңылоо жүрүп жаткандыгын айтты. Буга кошумча мамлекет кен чыккан жерлерди өзү иштетүүгө толук мүмкүнчүлүк алгандыгын билдирди.

"Мындан ары бардык кендерди өзүбүз иштетебиз", - деди Жапаров. 

11:28 23.10.2021

Садыр Жапаров: өлкөдө жети чакан ГЭС курула баштады. Аларды ички инвесторлор колго алды.

11:25 23.10.2021

 Жапаров этникалык кыргыздар боюнча айтып жатып, Афганистандагы акыркы саясий окуяларга кайгыдер карабай, этникалык кыргыздарга эки ирет жардам жеткирилгенин белгиледи. 

 

11:24 23.10.2021

Садыр Жапаров: бир жыл ичинде 47 мектеп, 17 бала бакча курулду. РФтин жардамы менен 9 мектептин курулушу жаңы башталып жатат.

11:24 23.10.2021

Садыр Жапаров: Пандемия менен күрөшүүгө быйыл 3 миллиард сом жумшалган. Үч стационар курулуп, 9 оорукана оңдолуп, вакцина сая турчу 900 пункт ачылды. Медициналык техника жана жабдыктар сатылып алынууда.

11:18 23.10.2021

Садыр Жапаров: калктын 40 пайызы коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын, 30 пайызы экинчи дозасын алды.

11:18 23.10.2021

Жапаров дарыгерлердин, аскер, милиция жана маданият кызматкерлердин айлык акысы көтөрүлгөнүн белгилеп, мындай аракеттер дагы уланарын билдирди.

11:15 23.10.2021
11:14 23.10.2021

Президенттин айтымында, пандемиянын айынан болгон кризистин фонунда ишкерлерге 3,6 миллиард сом насыя берилди. 1 миллиард сом өлчөмүндөгү жеңилдетилген насыяны 680 бизнесмен алды. Ошондой эле фермерлерге 5,8 миллиард сом насыя бөлүнгөн.

11:13 23.10.2021

Садыр Жапаров: Кыргызстанда быйылкы жылдын 8 айында 850 чакан ишкана ишке кирип, жумушчу орундар көбөйдү

11:11 23.10.2021

Мамлекеттик ипотека боюнча: президент турак жайлуу болуш үчүн мамлекеттик ипотека алган бюджеттик кызматкерлер үчүн ставка 4 пайызга түшкөнүн айтты. Ошондой эле мурда кредит алгандарга пайыздык чен төмөндөтүлөрүн билдирди.

11:09 23.10.2021

Докладынын башында президент алдыдагы парламенттик шайлоо тууралуу сөз кылды. Ал мурдагыдай партиялык тизме аркылуу келүү үчүн коррупциялык иштер болбой турганын айтты.

11:05 23.10.2021

Маалымат жыйынды президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев алып барууда. Ал аталган иш-чарага 150гө чукул чет элдик жана жергиликтүү журналисттер катышарын айтты.

10:58 23.10.2021

"Өзгөчө көңүл бурууну жана кийлигишүнү талап кылган көйгөйлүү маселелер менен милдеттерди аныктоодо өз миссияңарды активдүү жүргүзүп жатканыңар үчүн социалдык агартуучулук ишмердүүлүгүңөр үчүн ыраазылык айтам.

Президенттин админстрациясынын алдына стратегиялык чечимдерди кабыл алуу, башкаруу жаатындагы чечимдердин тууралыгын баалоо жана коомчулуктагы маанайга байкоо салуу үчүн ЖМКга жана социалдык түйүндөргө талдоо жүргүзүү боюнча ишти системалуу жолго салуу тапшырмасы коюлганына ишендирип кетейин.

Биз силердин ишмердүүлүгүңөргө өзгөчө маани беребиз, силердин ишиңер аркылуу  коомчулуктагы кырдаал тууралуу өзүм да маалымат алып турам", — деп айтылган анда.

 

Мындан сырткары ал журналисттерге да кайрылган

"Урматтуу журналист!

Өлкөбүздүн келечегин курууда өнөктөш болууга жана күн тартибинде турган конструктивдүү маалыматтык өнүгүүнү аныкталган, такталган маалыматтарга жана фактыларга таянуу менен биргелешип калыптандырууга чакырам.  Силердин калемиңерден жаралган маалыматтарды эске алуу менен коомубуздагы болуп жаткан процесстерди өзгөртүүгө болгон күч-аракетибизди жумшайбыз", — деп айтылган.

 

 

10:56 23.10.2021
Большая пресс-конференция президента Садыра Жапарова - Sputnik Кыргызстан
10:54 23.10.2021

Маалымат жыйындын башталышында президент Жапаров доклад окуп, андан кийин суроо-жооп форматында өтөрү айтылды.

10:53 23.10.2021

Президент Садыр Жапаровдун жыйынтыктоочу маалымат жыйынына министрлер кабинетинин мүчөлөрү дагы катышат.

10:51 23.10.2021

Бир нече мүнөттөрдөн кийин "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун маалымат жыйыны башталат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0