Тоолордун кучагында... Жаңы жолдогу эң чоң көпүрөнүн курулушунан ажайып сүрөттөр
Тоолордун кучагында... Жаңы жолдогу эң чоң көпүрөнүн курулушунан ажайып сүрөттөр
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда Жалал-Абад менен Балыкчыны туташтырган Түндүк — Түштүк альтернативалуу унаа жолун куруу иши кызуу жүрүүдө. Sputnik Кыргызстандын сүрөт кабарчысы... 15.10.2021, Sputnik Кыргызстан
2014-жылы Кыргызстанда тоонун өйүз-бүйүзүн байланыштыруу үчүн Түндүк — Түштүк жолунун курулушу башталган. Бишкек — Ош кан жолу учурда өлкөнүн башкы транспорттук артериясы катары кала бергени менен улам өсүп жаткан агымга туруштук бере албай калууда. Күн сайын жолдон 10-18 миң унаа өтөт.Азыркы тапта Түндүк — Түштүк жолунда Нарын дарыясынан өтүүчү эки эстакадалык көпүрөнүн курулушу аяктоодо. Келерки жылдын соңунда Көк-Арт ашуусун тешип өткөн тоннелдин курулушун бүткөрүү пландалып жатат. Трассаны колдонууга берүүнүн мөөнөтү бир нече ирет кечиктирилди. Транспорт министрлигинин акыркы маалыматтарына ылайык, ири жол 2024-жылы толук бүткөрүлөт.Түндүк — Түштүк альтернативалуу унаа жолу насыянын эсебинен курулуп жатат.
Кыргызстанда Жалал-Абад менен Балыкчыны туташтырган Түндүк — Түштүк альтернативалуу унаа жолун куруу иши кызуу жүрүүдө. Sputnik Кыргызстандын сүрөт кабарчысы ири курулуш жүрүп жаткан жерге барып келди.
2014-жылы Кыргызстанда тоонун өйүз-бүйүзүн байланыштыруу үчүн Түндүк — Түштүк жолунун курулушу башталган. Бишкек — Ош кан жолу учурда өлкөнүн башкы транспорттук артериясы катары кала бергени менен улам өсүп жаткан агымга туруштук бере албай калууда. Күн сайын жолдон 10-18 миң унаа өтөт.
Азыркы тапта Түндүк — Түштүк жолунда Нарын дарыясынан өтүүчү эки эстакадалык көпүрөнүн курулушу аяктоодо. Келерки жылдын соңунда Көк-Арт ашуусун тешип өткөн тоннелдин курулушун бүткөрүү пландалып жатат. Трассаны колдонууга берүүнүн мөөнөтү бир нече ирет кечиктирилди. Транспорт министрлигинин акыркы маалыматтарына ылайык, ири жол 2024-жылы толук бүткөрүлөт.
Түндүк — Түштүк альтернативалуу унаа жолу насыянын эсебинен курулуп жатат.
Кыргызстандагы эң чоң эстакадалык көпүрө Түндүк — Түштүк альтернативалуу унаа жолунун 282-чакырымында жайгашкан. Анын узундугу 1 076 метрди түзөт. Көпүрөнүн дээрлик 90,7 пайызы бүттү.
Жаңы трассанын 253-чакырымындагы иштер куруучулар үчүн кыйынчылык жараткан. Жардыргыч заттардын жардамы менен 106 метр бийиктиктеги асканы бузуп өтүп жол курууга туура келген.
Көк-Арт ашуусунда Фергана кырка тоосу аркылуу өткөн Кыргызстандагы эң чоң тоннель курулуп жатат. Бул объект альтернативалык жолдун эң кымбатка турган бөлүгү болуп саналат.
Жумуш эки мөөнөт менен күнү-түнү жүрүүдө. Куруучулардын бир бөлүгү тоннелдин түштүк тарабынан, экинчи топ түндүк жагынан тешип келе жатышат. Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, жол пайдаланууга берилгенден кийин өлкөнүн түштүк аймактарынын жашоочулары Балыкчыга алты сааттын ичинде жете алышат.
Аскалар жардырылып, анын таштары оор жүк ташыган унааларга, ал эми майда шагылы экскаватор менен жүктөлүп ташылат. Жалпы узундугу 3 800 метрди түзгөн тоннелдин учурда 2 907 метри казылган.
Жолдун туурасы (кеңдиги) 8,5 метрди түзөт, ал эми эки тарабынан 0,75 метрден тротуар болот. Долбоордун жалпы наркы 137 миллион долларды түзүүдө. Подрядчы бул объектини 2022-жылдын аягында бүткөрүүнү пландап жатат.