https://sputnik.kg/20261024/1104490120.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
2021–2022-жылдардан бери Кыргызстандын жол тармагы үчүн 1,5 миңге жакын атайын техника сатып алынып, анын натыйжасында жолдорду асфальттоо көлөмү көбөйдү. Бул... 24.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-24T13:00+0600
2026-10-24T13:00+0600
2026-10-24T13:56+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/18/1104489954_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_d2f4f9058932f5a264e6ae24361f7fa3.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
2021–2022-жылдардан бери Кыргызстандын жол тармагы үчүн 1,5 миңге жакын атайын техника сатып алынып, анын натыйжасында жолдорду асфальттоо көлөмү көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ноокен районунун жана Майлуу-Суу шаарынын тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, буга чейин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагында эскирген техникалар болгон. Ал эми жол куруу жана оңдоо иштеринин олуттуу бөлүгү жеке компанияларга, анын ичинде Түркиянын жана Кытайдын подряддык уюмдарына берилчү. Ал белгилегендей, 2021–2022-жылдардан тартып министрлик жолдорду асфальттоо иштерин өз күчү менен аткара баштаган. Ошол эле учурда ата мекендик адистерге, анын ичинде тоннель куруу жаатында дагы тажрыйба топтоо зарыл. Президент келечекте Кыргызстан жолдорду гана эмес, туннелдерди да өз алдынча кура ала турган деңгээлге жетерине ишеним билдирди.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинге Тибет автономиялуу районундагы зилзаладан улам адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. “Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм, жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалайм”, — деп айтылат өлкө башчысынын билдирүүсүндө. Нагчу шаардык округунун Бачен уездинде 22-октябрь күнү кечинде күчү 7,1 баллга жеткен жер титирөө болду. Тилсиз жоо кеминде 16 адамдын өмүрүн алып, дагы 76 киши жаракат алды, ошондой эле 330 үй зыянга учурап же кыйрады.
Аксы районундагы Кара-Жыгач – Сары-Челек жолун оңдоо жана асфальттоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундагу 30 чакырымдан ашат. Буга чейин анын 10 чакырымына асфальт толук төшөлгөн. Ошондой эле суу өткөрүүчү түтүктөрдү жана бетон курулмаларды орнотуу иштери аяктаган. Автожолдун 15 чакырымдык бөлүгүн жакшыртуу максатында жолду тегиздөө жана кеңейтүү жумуштары акыркы баскычка жетип, 99 пайызга аяктады."Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү туристтик аймактардын инфраструктурасын жакшыртуу жана туризмди өнүктүрүү максатында Кара-Жыгач – Сары-Челек автожолунун абалын жакшыртуу боюнча тапшырма берген", – деп маалыматта айтылат.Министрлик билдиргендей, жолду жаңылоо иштери Сары-Челек коругуна жана башка туристтик жайларга барчу жолдун сапатын жакшыртууга, жергиликтүү тургундар менен туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү Илон Масктын айтымында, Украина аркылуу америкалык салык төлөөчүлөрдүн акчасы адалданып, АКШдагы саясий өнөктүктөрдү каржылоого жумшалууда. "Америкалык салык төлөөчүлөрдүн акчасынын бир бөлүгү ар кандай көмүскө схемалар аркылуу кайра эле АКШга кайтарылып, жергиликтүү саясий өнөктүктөргө жумшалып жатат. Ошондуктан кээ бир саясатчылар өз өлкөсүнө караганда Украинанын камын көбүрөөк көрүп жатышпайбы!" — деп ал X социалдык тармагындагы баракчасына жазды. Борбордук чалгын кызматынын 2022-жылдын аягындагы жашыруун отчету тууралуу маалыматты буга чейин Just The News порталы жарыялаган. Анда Украинанын жетекчилиги жана АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) Киевдеги өкүлдөрү инфратүзүмдүк долбоорлорго бөлүнгөн каражаттарды башка багытка бурганы айтылат.
2021–2022-жылдардан бери Кыргызстандын жол тармагы үчүн 1,5 миңге жакын атайын техника сатып алынып, анын натыйжасында жолдорду асфальттоо көлөмү көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ноокен районунун жана Майлуу-Суу шаарынын тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, буга чейин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагында эскирген техникалар болгон. Ал эми жол куруу жана оңдоо иштеринин олуттуу бөлүгү жеке компанияларга, анын ичинде Түркиянын жана Кытайдын подряддык уюмдарына берилчү. Ал белгилегендей, 2021–2022-жылдардан тартып министрлик жолдорду асфальттоо иштерин өз күчү менен аткара баштаган. Ошол эле учурда ата мекендик адистерге, анын ичинде тоннель куруу жаатында дагы тажрыйба топтоо зарыл. Президент келечекте Кыргызстан жолдорду гана эмес, туннелдерди да өз алдынча кура ала турган деңгээлге жетерине ишеним билдирди.Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинге Тибет автономиялуу районундагы зилзаладан улам адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. “Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм, жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалайм”, — деп айтылат өлкө башчысынын билдирүүсүндө. Нагчу шаардык округунун Бачен уездинде 22-октябрь күнү кечинде күчү 7,1 баллга жеткен жер титирөө болду. Тилсиз жоо кеминде 16 адамдын өмүрүн алып, дагы 76 киши жаракат алды, ошондой эле 330 үй зыянга учурап же кыйрады.Аксы районундагы Кара-Жыгач – Сары-Челек жолун оңдоо жана асфальттоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундагу 30 чакырымдан ашат. Буга чейин анын 10 чакырымына асфальт толук төшөлгөн. Ошондой эле суу өткөрүүчү түтүктөрдү жана бетон курулмаларды орнотуу иштери аяктаган. Автожолдун 15 чакырымдык бөлүгүн жакшыртуу максатында жолду тегиздөө жана кеңейтүү жумуштары акыркы баскычка жетип, 99 пайызга аяктады."Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү туристтик аймактардын инфраструктурасын жакшыртуу жана туризмди өнүктүрүү максатында Кара-Жыгач – Сары-Челек автожолунун абалын жакшыртуу боюнча тапшырма берген", – деп маалыматта айтылат.Министрлик билдиргендей, жолду жаңылоо иштери Сары-Челек коругуна жана башка туристтик жайларга барчу жолдун сапатын жакшыртууга, жергиликтүү тургундар менен туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү Илон Масктын айтымында, Украина аркылуу америкалык салык төлөөчүлөрдүн акчасы адалданып, АКШдагы саясий өнөктүктөрдү каржылоого жумшалууда. "Америкалык салык төлөөчүлөрдүн акчасынын бир бөлүгү ар кандай көмүскө схемалар аркылуу кайра эле АКШга кайтарылып, жергиликтүү саясий өнөктүктөргө жумшалып жатат. Ошондуктан кээ бир саясатчылар өз өлкөсүнө караганда Украинанын камын көбүрөөк көрүп жатышпайбы!" — деп ал X социалдык тармагындагы баракчасына жазды. Борбордук чалгын кызматынын 2022-жылдын аягындагы жашыруун отчету тууралуу маалыматты буга чейин Just The News порталы жарыялаган. Анда Украинанын жетекчилиги жана АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) Киевдеги өкүлдөрү инфратүзүмдүк долбоорлорго бөлүнгөн каражаттарды башка багытка бурганы айтылат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/18/1104489954_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_253975ef89c644bc23f572efcb722e65.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио