Тоолордун кучагында... Жаңы жолдогу эң чоң көпүрөнүн курулушунан ажайып сүрөттөр

Жазылуу
Кыргызстанда Жалал-Абад менен Балыкчыны туташтырган Түндүк — Түштүк альтернативалуу унаа жолун куруу иши кызуу жүрүүдө. Sputnik Кыргызстандын сүрөт кабарчысы ири курулуш жүрүп жаткан жерге барып келди.
2014-жылы Кыргызстанда тоонун өйүз-бүйүзүн байланыштыруу үчүн Түндүк — Түштүк жолунун курулушу башталган. Бишкек — Ош кан жолу учурда өлкөнүн башкы транспорттук артериясы катары кала бергени менен улам өсүп жаткан агымга туруштук бере албай калууда. Күн сайын жолдон 10-18 миң унаа өтөт.
Көз талдырат! Кыргызстандагы эң узун тоннель кантип курулууда. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2021
Көз талдырат! Кыргызстандагы эң узун тоннель кантип курулууда. Видео
Азыркы тапта Түндүк — Түштүк жолунда Нарын дарыясынан өтүүчү эки эстакадалык көпүрөнүн курулушу аяктоодо. Келерки жылдын соңунда Көк-Арт ашуусун тешип өткөн тоннелдин курулушун бүткөрүү пландалып жатат. Трассаны колдонууга берүүнүн мөөнөтү бир нече ирет кечиктирилди. Транспорт министрлигинин акыркы маалыматтарына ылайык, ири жол 2024-жылы толук бүткөрүлөт.
Түндүк — Түштүк альтернативалуу унаа жолу насыянын эсебинен курулуп жатат.
 
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандагы эң чоң эстакадалык көпүрө Түндүк — Түштүк альтернативалуу унаа жолунун 282-чакырымында жайгашкан. Анын узундугу 1 076 метрди түзөт. Көпүрөнүн дээрлик 90,7 пайызы бүттү.
Кыргызстандагы эң чоң эстакадалык көпүрө Түндүк — Түштүк альтернативалуу унаа жолунун 282-чакырымында жайгашкан. Анын узундугу 1 076 метрди түзөт. Көпүрөнүн дээрлик 90,7 пайызы бүттү. - Sputnik Кыргызстан
1/13
Кыргызстандагы эң чоң эстакадалык көпүрө Түндүк — Түштүк альтернативалуу унаа жолунун 282-чакырымында жайгашкан. Анын узундугу 1 076 метрди түзөт. Көпүрөнүн дээрлик 90,7 пайызы бүттү.
© Sputnik / Табылды КадырбековЖаңы трассанын 253-чакырымындагы иштер куруучулар үчүн кыйынчылык жараткан. Жардыргыч заттардын жардамы менен 106 метр бийиктиктеги асканы бузуп өтүп жол курууга туура келген.
Жаңы трассанын 253-чакырымындагы иштер куруучулар үчүн кыйынчылык жараткан. Жардыргыч заттардын жардамы менен 106 метр бийиктиктеги асканы бузуп өтүп жол курууга туура келген. - Sputnik Кыргызстан
2/13
Жаңы трассанын 253-чакырымындагы иштер куруучулар үчүн кыйынчылык жараткан. Жардыргыч заттардын жардамы менен 106 метр бийиктиктеги асканы бузуп өтүп жол курууга туура келген.
© Sputnik / Табылды КадырбековУзундугу 396 метрди түзгөн экинчи көпүрөнүн 97 пайызы бүтүп, асфальт төшөлдү
Узундугу 396 метрди түзгөн экинчи көпүрөнүн 97 пайызы бүтүп, асфальт төшөлдү - Sputnik Кыргызстан
3/13
Узундугу 396 метрди түзгөн экинчи көпүрөнүн 97 пайызы бүтүп, асфальт төшөлдү
© Sputnik / Табылды КадырбековТрассанын буга чейин такыр жол жок 100 чакырымдан ашык бөлүгүнө жаңы жол салынды
Трассанын буга чейин такыр жол жок 100 чакырымдан ашык бөлүгүнө жаңы жол салынды - Sputnik Кыргызстан
4/13
Трассанын буга чейин такыр жол жок 100 чакырымдан ашык бөлүгүнө жаңы жол салынды
© Sputnik / Акылбек БатырбековКөпүрөнүн дрондон тартылган көрүнүшү. Тогуз-Торо ГЭСи курулса көпүрөнүн астындагы жерлер суу астында калат.
Көпүрөнүн дрондон тартылган көрүнүшү. Тогуз-Торо ГЭСи курулса көпүрөнүн астындагы жерлер суу астында калат. - Sputnik Кыргызстан
5/13
Көпүрөнүн дрондон тартылган көрүнүшү. Тогуз-Торо ГЭСи курулса көпүрөнүн астындагы жерлер суу астында калат.
© Sputnik / Табылды КадырбековСубподрядчылар көпүрөгө Россия өндүрүшүнөн чыккан, сыздан сактоочу (гидроизоляция) каражаттарды төшөп жатышат. Жолдун эки тарабына тротурарлар түшөт.
Субподрядчылар көпүрөгө Россия өндүрүшүнөн чыккан, сыздан сактоочу (гидроизоляция) каражаттарды төшөп жатышат. Жолдун эки тарабына тротурарлар түшөт. - Sputnik Кыргызстан
6/13
Субподрядчылар көпүрөгө Россия өндүрүшүнөн чыккан, сыздан сактоочу (гидроизоляция) каражаттарды төшөп жатышат. Жолдун эки тарабына тротурарлар түшөт.
© Sputnik / Табылды КадырбековКурулушка эң жогорку сапаттагы цемент колдонулган, анын атайын кошулмалары Германиядан алып келинген.
Курулушка эң жогорку сапаттагы цемент колдонулган, анын атайын кошулмалары Германиядан алып келинген. - Sputnik Кыргызстан
7/13
Курулушка эң жогорку сапаттагы цемент колдонулган, анын атайын кошулмалары Германиядан алып келинген.
© Sputnik / Табылды КадырбековТүндүк — Түштүк жолу Жалал-Абад менен Балыкчыны туташтырат. Жолдун айыл аралаган бөлүгү төрт тилке, ал эми талаа жерлери эки тилкелүү болот.
Түндүк — Түштүк жолу Жалал-Абад менен Балыкчыны туташтырат. Жолдун айыл аралаган бөлүгү төрт тилке, ал эми талаа жерлери эки тилкелүү болот. - Sputnik Кыргызстан
8/13
Түндүк — Түштүк жолу Жалал-Абад менен Балыкчыны туташтырат. Жолдун айыл аралаган бөлүгү төрт тилке, ал эми талаа жерлери эки тилкелүү болот.
© Sputnik / Табылды КадырбековНарын дарыясындагы экинчи көпүрөдөн Казарман тарапты караган көрүнүш
Нарын дарыясындагы экинчи көпүрөдөн Казарман тарапты караган көрүнүш - Sputnik Кыргызстан
9/13
Нарын дарыясындагы экинчи көпүрөдөн Казарман тарапты караган көрүнүш
© Sputnik / Акылбек БатырбековКөк-Арт ашуусунда Фергана кырка тоосу аркылуу өткөн Кыргызстандагы эң чоң тоннель курулуп жатат. Бул объект альтернативалык жолдун эң кымбатка турган бөлүгү болуп саналат.
Көк-Арт ашуусунда Фергана кырка тоосу аркылуу өткөн Кыргызстандагы эң чоң тоннель курулуп жатат. Бул объект альтернативалык жолдун эң кымбатка турган бөлүгү болуп саналат. - Sputnik Кыргызстан
10/13
Көк-Арт ашуусунда Фергана кырка тоосу аркылуу өткөн Кыргызстандагы эң чоң тоннель курулуп жатат. Бул объект альтернативалык жолдун эң кымбатка турган бөлүгү болуп саналат.
© Sputnik / Табылды КадырбековЖумуш эки мөөнөт менен күнү-түнү жүрүүдө. Куруучулардын бир бөлүгү тоннелдин түштүк тарабынан, экинчи топ түндүк жагынан тешип келе жатышат. Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, жол пайдаланууга берилгенден кийин өлкөнүн түштүк аймактарынын жашоочулары Балыкчыга алты сааттын ичинде жете алышат.
Жумуш эки мөөнөт менен күнү-түнү жүрүүдө. Куруучулардын бир бөлүгү тоннелдин түштүк тарабынан, экинчи топ түндүк жагынан тешип келе жатышат. Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, жол пайдаланууга берилгенден кийин өлкөнүн түштүк аймактарынын жашоочулары Балыкчыга алты сааттын ичинде жете алышат. - Sputnik Кыргызстан
11/13
Жумуш эки мөөнөт менен күнү-түнү жүрүүдө. Куруучулардын бир бөлүгү тоннелдин түштүк тарабынан, экинчи топ түндүк жагынан тешип келе жатышат. Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, жол пайдаланууга берилгенден кийин өлкөнүн түштүк аймактарынын жашоочулары Балыкчыга алты сааттын ичинде жете алышат.
© Sputnik / Табылды КадырбековАскалар жардырылып, анын таштары оор жүк ташыган унааларга, ал эми майда шагылы экскаватор менен жүктөлүп ташылат. Жалпы узундугу 3 800 метрди түзгөн тоннелдин учурда 2 907 метри казылган.
Аскалар жардырылып, анын таштары оор жүк ташыган унааларга, ал эми майда шагылы экскаватор менен жүктөлүп ташылат. Жалпы узундугу 3 800 метрди түзгөн тоннелдин учурда 2 907 метри казылган. - Sputnik Кыргызстан
12/13
Аскалар жардырылып, анын таштары оор жүк ташыган унааларга, ал эми майда шагылы экскаватор менен жүктөлүп ташылат. Жалпы узундугу 3 800 метрди түзгөн тоннелдин учурда 2 907 метри казылган.
© Sputnik / Акылбек БатырбековЖолдун туурасы (кеңдиги) 8,5 метрди түзөт, ал эми эки тарабынан 0,75 метрден тротуар болот. Долбоордун жалпы наркы 137 миллион долларды түзүүдө. Подрядчы бул объектини 2022-жылдын аягында бүткөрүүнү пландап жатат.
Жолдун туурасы (кеңдиги) 8,5 метрди түзөт, ал эми эки тарабынан 0,75 метрден тротуар болот. Долбоордун жалпы наркы 137 миллион долларды түзүүдө. Подрядчы бул объектини 2022-жылдын аягында бүткөрүүнү пландап жатат. - Sputnik Кыргызстан
13/13
Жолдун туурасы (кеңдиги) 8,5 метрди түзөт, ал эми эки тарабынан 0,75 метрден тротуар болот. Долбоордун жалпы наркы 137 миллион долларды түзүүдө. Подрядчы бул объектини 2022-жылдын аягында бүткөрүүнү пландап жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0