АКШдагы кыргыздар: тилди, салтты унутпай чогулуп туралы деп маданий борбор ачтык

© Фото / Бахтияр КыдырмаевЧикаго шаарында кыргыз маданий борборунун ачылыш аземи
Чикаго шаарында кыргыз маданий борборунун ачылыш аземи  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
Жазылуу
Жакында эле АКШдагы кыргыздар чогулуп, Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын белгилеп, "Ынтымак" кубогун өткөрдү. Ага катар Чикаго шаарында кыргыз маданий борборунун ачылыш аземи болду.

Sputnik Кыргызстан агенттиги иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Уланбек Азимбаев менен байланышып, чакан маек курду.

— Уланбек мырза, жакында эле Чикаго шаарына бардык кыргызстандыктар чогулуп, чоң салтанат өтүптүр. Соцтармактан Америкадагы мекендештердин сүрөт, видеолорун көрүп маанай көтөрүлдү.

— Пандемиядан улам АКШдагы кыргызстандык мекендештер көптөн бери мындай чогулуп, майрамдай элек болчу. Кыргызстандыктардын "Ынтымак" кубогун былтыр Чикаго шаары өткөрмөк, бирок чектөөлөрдөн улам болбой калган. Быйыл чектөө алынып, Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы, кубок, маданий борбордун ачылыш аземи, айтор, баары биригип кош майрам болду.

© Фото / Бахтияр КыдырмаевУланбек Азимбаев: кыргызстандыктардын "Ынтымак" кубогун былтыр Чикаго шаары өткөрмөк, бирок чектөөлөрдөн улам болбой калган. Быйыл чектөө алынып, Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы, кубок, маданий борбордун ачылыш аземи, айтор, баары биригип кош майрам болду
АКШдагы кыргыздар: тилди, салтты унутпай чогулуп туралы деп маданий борбор ачтык - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
Уланбек Азимбаев: кыргызстандыктардын "Ынтымак" кубогун былтыр Чикаго шаары өткөрмөк, бирок чектөөлөрдөн улам болбой калган. Быйыл чектөө алынып, Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы, кубок, маданий борбордун ачылыш аземи, айтор, баары биригип кош майрам болду

— "Ынтымак" кубогу жылда өтүп турчу беле?

— Ооба, бул ар жылы ар кайсы штаттагы мекендештер кезектешип уюштуруп келет. Быйыл 11-ирет өттү. Анда спорттун 11 түрү менен ар кайсы штаттагы командалар мелдешти. Алардын арасында аркан тартыш, ордо сыяктуу спорттун улуттук түрлөрү да болду. "Ынтымак" кубогуна 13 штаттан 2000ге чукул кыргыз келип, чер жазып кетишти. Мынча көп мекендеш чогула элек болчу. Ал күнү Чикаго Кыргызстандай эле сезилди. Баары салттуу кийимдерди кийип, улуттук оюндарды ойноду. Кечинде той сыяктуу 600дөй мекендеш бир жерге чогулуп, ырдап, бийлеп майрамдадык. Кадимкидей устукан тартылып, кыргыз ырчы, акындары келип көңүл көтөрдү. Алыста болсок да өзүбүздү Кыргызстанда жүргөндөй сезип калдык.

© Фото / Бахтияр КыдырмаевУчастники кубка "Ынтымак" по различным видам спорта в Чикаго (США)
Ынтымак кубогу быйыл 11-ирет өттү. Анда спорттун 11 түрү менен ар кайсы штаттагы командалар мелдешти - Sputnik Кыргызстан
1/3
"Ынтымак" кубогу быйыл 11-ирет өттү. Анда спорттун 11 түрү менен ар кайсы штаттагы командалар мелдешти
© Фото / Бахтияр КыдырмаевУчастники кубка "Ынтымак" по различным видам спорта в Чикаго (США)
Ынтымак кубогуна 13 штаттан 2000ге чукул кыргыз келип, чер жазып кетишти
 - Sputnik Кыргызстан
2/3
"Ынтымак" кубогуна 13 штаттан 2000ге чукул кыргыз келип, чер жазып кетишти
© Фото / Бахтияр КыдырмаевПроведение кубка "Ынтымак" по различным видам спорта в Чикаго (США)
Алардын арасында аркан тартыш, ордо сыяктуу спорттун улуттук түрлөрү да болду - Sputnik Кыргызстан
3/3
Алардын арасында аркан тартыш, ордо сыяктуу спорттун улуттук түрлөрү да болду
1/3
"Ынтымак" кубогу быйыл 11-ирет өттү. Анда спорттун 11 түрү менен ар кайсы штаттагы командалар мелдешти
2/3
"Ынтымак" кубогуна 13 штаттан 2000ге чукул кыргыз келип, чер жазып кетишти
3/3
Алардын арасында аркан тартыш, ордо сыяктуу спорттун улуттук түрлөрү да болду

— Кыргыз маданий борборунун ачылышы да абдан жакшы жаңылык экен. Кененирээк айтып берсеңиз.

— Чикагодогу кыргыздар 2015-жылы фонд түзүп, аны АКШнын Юстиция министрлигинен каттоодон өткөргөн. Фонд алты жылдан бери ар кандай иш-чараларды уюштуруп, мекендештердин ар кандай иштерин бүтүрүүгө жардам беребиз. Бул үчүн имараттарды ижарага алууга туура келчү. АКШдагы мекендештердин, ишкерлердин материалдык, моралдык колдоосу менен имарат сатып алып, өзүбүздүн маданий борборду ачтык. Эми ар кандай иш-чаранын баары ушул жерде өтүп турмакчы. Мурдагыдай убакыт тар болбойт, каалаган убакта каалагандай чогула беребиз. Бул борбордо бир эле убакта эки-үч иш-чара өткөргөнгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

© Фото / Бахтияр КыдырмаевУланбек Азимбаев: АКШдагы мекендештердин, ишкерлердин материалдык, моралдык колдоосу менен имарат сатып алып, өзүбүздүн маданий борборду ачтык. Эми ар кандай иш-чаранын баары ушул жерде өтүп турмакчы
АКШдагы кыргыздар: тилди, салтты унутпай чогулуп туралы деп маданий борбор ачтык - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
Уланбек Азимбаев: АКШдагы мекендештердин, ишкерлердин материалдык, моралдык колдоосу менен имарат сатып алып, өзүбүздүн маданий борборду ачтык. Эми ар кандай иш-чаранын баары ушул жерде өтүп турмакчы

Борбордун ичинде иш-чараларга ылайыкташкан зал болуп, өзүнчө класстар ачылган. Ал жакта кыргыз тили, адеп сабагы, музыка, кыргыз бийин үйрөткөн 3-4 класс бар. Балдарыбыз мекенден алыс жүрсө да улуттук каада-салт, үрп-адатыбызды үйрөнүп, кыргыз тилин унутпасын деген максат.

© Фото / Бахтияр КыдырмаевУланбек Азимбаев: спорттук, маданий иш-чарабызга бул ирет Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев келип катышып, биз менен чогуу болду
АКШдагы кыргыздар: тилди, салтты унутпай чогулуп туралы деп маданий борбор ачтык - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
Уланбек Азимбаев: спорттук, маданий иш-чарабызга бул ирет Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев келип катышып, биз менен чогуу болду

Азыркы учурда мэриядан бала бакча ачууга да уруксат сурап жатабыз. Эгер макул болуп калса, бала бакча да иштей баштайт. Мындан сырткары, ушул эле имараттын ичине чакан дүкөнчө ачалы деген план бар. Ал жерге Кыргызстандан келген ар кандай улуттук сувенир, китеп, бал, күрүч, өрүк сыяктуу нерселер сатылмакчы.

© Фото / Бахтияр КыдырмаевУланбек Азимбаев: балдарыбыз мекенден алыс жүрсө да улуттук каада-салт, үрп-адатыбызды үйрөнүп, кыргыз тилин унутпасын деген максат
АКШдагы кыргыздар: тилди, салтты унутпай чогулуп туралы деп маданий борбор ачтык - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
Уланбек Азимбаев: балдарыбыз мекенден алыс жүрсө да улуттук каада-салт, үрп-адатыбызды үйрөнүп, кыргыз тилин унутпасын деген максат

— Эң сонун. Мекендештер үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзүлгөн турбайбы. Фонддо канча адам иштейсиздер?

— Негизи Чикагодо 5000ден ашык кыргыз жараны жашайт. Анын ичинен 500дөйү ар дайым биз менен байланышта болуп иш-чараларга катышып келишет.

— Өзүңүз тууралуу да азыноолак кеп салсаңыз.

— Чикагодо менчик мектептердин биринде эсепчи болуп иштейм. 2015-жылы АКШга үй-бүлөм менен келгем. Бул жакта кыргыздар абдан ынтымактуу, ой-максаттары бийик, алдыда жакшы пландар бар.

Дагы бир нерсени белгилеп айта кетейин. Спорттук, маданий иш-чарабызга бул ирет Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев келип катышып, биз менен чогуу болду. Мекендештер буга чейинки элчилер мындай иш-чарага көп деле катыша берчү эмес деп айтышты. Аманбаев алдыдагы пландары менен бөлүшүп, мекендештерге дем-күч берип мааракебиз аяктаганга чейин биз менен болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0