https://sputnik.kg/20210906/rossiya-kyrgyz-biznes-forumu-ishkerlerge-chon-zholdordu-achty-1053808244.html
Каарбаева: Россия-кыргыз бизнес-форуму ишкерлерге чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачты
Каарбаева: Россия-кыргыз бизнес-форуму ишкерлерге чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачты
Sputnik Кыргызстан
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин ЕАЭБ жана БДСУ иштери боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Назгүл Каарбаева Ысык-Көл облусунда өткөн III... 06.09.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-09-06T12:36+0600
2021-09-06T12:36+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/07e5/06/15/1052940522_0:0:3068:1734_1920x0_80_0_0_7804e34e6ac3224ec7479369d05b60ad.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/06/15/1052940522_0:0:3068:1928_1920x0_80_0_0_fd15bbb4e77e592939d5526a71b8b77f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
коом, кыргызстан, назгүл каарбаева, евразиялык экономикалык биримдик
коом, кыргызстан, назгүл каарбаева, евразиялык экономикалык биримдик
Каарбаева: Россия-кыргыз бизнес-форуму ишкерлерге чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачты
12:36 06.09.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин ЕАЭБ жана БДСУ иштери боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Назгүл Каарбаева Ысык-Көл облусунда өткөн III Россия-кыргыз форумунда бизнес чөйрөсү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр ачылганын айтты.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн алкагында айыл чарба продукцияларын экспорттоо, инвестиция тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Мындай маалыматты Назгүл Каарбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, айыл чарбасын кластердик өнүктүрүү – региондук экономикалык саясаттын негизи.
"2021-жылдын 19-августунда "ЕАЭБдеги бизнес-өнөктөштүк үчүн жаңы чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр" III Россия-кыргыз бизнес-форуму ишкерликти колдоо, бизнес чөйрөсүнө мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча жакшы жол ачты. Форумдун жүрүшүндө жетишилген макулдашуулар эки өлкөнүн ишкерлеринин кызматташуусунда жогорку натыйжаларга жеткирет деп ишенебиз. Биздеги айыл чарба жаатындагы өзгөчөлүктөр, шарттар тууралуу толук маалымат берүүгө аракет кылдык. "Айыл чарбасын кластердик өнүктүрүү – региондук экономикалык саясаттын негизи" жана "Логистикалык борборлор – региондорду өнүктүрүүнүн локомотиви" деген темаларда презентациялар жасалды. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн алкагында айыл чарба продукцияларын экспорттоо, инвестиция тартуу боюнча да сүйлөшүүлөр жүрдү", — деди Каарбаева.
Ошондой эле адис бизнес-форумда тажрыйба алмашуу максатындагы сүйлөшүүлөр да жүргүзүлгөнүн кошумчалады.