00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Уйкудан калган күндөрдүн ордун канча убакытта толтурууга болот. Изилдөө

© Фото / Pexels / Karolina GrabowskaАял китеп окуп эстеп жатат. Иллюстративдик сүрөт
Аял китеп окуп эстеп жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2021
Жазылуу
Экспериментке катышып жаткандар бир жума каалаганча уктап эс алгандан кийин гана тез реакция кылуу жөндөмдүүлүгү калыбына келген.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Польшалык окумуштуулар изилдөө жүргүзүп, адам 10 күн катары менен уйкудан калса, анын ордун эс алып толтурууга организм үчүн бир жумадан ашык убакыт керектелерин айтты. Бул туурасында РИА Новости PLOS ONE журналындагы макалага таянып жазды.

Уйкунун канбагандыгы адамдын физиологиялык функцияларына өзүнүн таасирин тийгизет. Ал бир нерсеге көңүл буруунун, эске тутуунун начарлашына, кан тамыр оорулары менен нерв системасында көйгөйлөрдүн жаралышына, чарчагандыктан улам күнүмдүк жашоодо кооптуу учурлардын (автокырсык, иштен кырсыктоонун ) пайда болушуна алып келет. Бирок илимпоздор киши көп убакытка чейин уйкудан калса, аны канча күндө кайра калыбына келтирерин так айткан илимий тыянактар жок экендигин эске салган.

Краковдогу Ягеллон университетинде окумуштуу Жереми Охабанын жетекчилиги астында бул жаатта так аныктама тапканга аракет кылышкан. Ден соолугу чың бир нече чоң кишини топтоп тажрыйба жүргүзүшкөн. Алгач топтолгондорду 10 күн катары менен уйкудан калтырып, андан соң бир жума каалашынча уктатышкан. Бул мезгилде алар кадимки жашоосу менен жашай беришкен. Ал эми окумуштуулар уйку менен активдүүлүккө адамдардын колуна тагылган атайын аппараттын жардамы менен байкоо салып турушкан. Аны менен катар мээнин активдүүлүгүн, тактык жана убакытка жасаган реакциясын текшерүүгө алганы айтылды.

Ит мурун. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2021
Күздө иммунитетке кантип кам көрүү керек. Эндокринологдун кеңеши
Бир жума каалаганча уктап эс алгандан кийин алардын тез реакция кылуу жөндөмдүүлүгү гана калыбына келген. Ал эми калган параметрлери кадимки нормадан кадыресе алыс болгон. Ыкчам реакция кылуусу ар кимдики ар башка деңгээлде ордуна келген.

Эксперименттин авторлору бул багытта башка окумуштуулардын изилдөө ыкмаларынын жыйынтыгына салыштырбагандыгын, бирок өнөкөткө айланган уйку канбагандыктын ордун толтуруу үчүн кыска мөөнөттөгү эс алуу менен бир нече күндүк эмгек өргүү жетпей тургандыгын баса белгилешкен.

"Азыркы коом уйкунун аз болгондугун кадыресе көрүнүш катары карап калды. Бирок анын тийгизген кесепетин тез эле жоюп жиберүүгө болбостугун жасалган изилдөөлөр көрсөтүп келет", — дешкен окумуштуулар.

Буга чейин Далай-лама ден соолукта болуу үчүн канча саат уктоо керектигин айтып, мээ тынч болсо адамдын дени сак болорун белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0