Күздө иммунитетке кантип кам көрүү керек. Эндокринологдун кеңеши

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүИт мурун. Архив
Ит мурун. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2021
Жазылуу
Адис иммунитетти бекем бойдон сакташ үчүн мүмкүн болушунча эрте укташ керектигин айткан. Дарыгер түнкү 10-11ден кийин организмде өзгөрүүлөр жүрөрүн билдирген.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Күзүндө иммунитетти түшүрүп жибербеш үчүн жакшы тамактанып жана активдүү кыймылда болуп туруш керек. Бул тууралуу "Известия" басылмасына эндокринолог Надежда Собаева айтып берген.

Адистин пикирине караганда, иммунитетти бекем бойдон сакташ үчүн мүмкүн болушунча эрте укташ керек, бул саат 22:00-23:00дүн арасы. Дарыгер дал түн ортосунда организмдеги бардык гормондор болушунча бөлүнүп чыгарын билдирген. Маселен, иштелип чыккан мелатонин — уйкунун гормону да иммундук системага жакшы жардамчы.

Дарыгер теңдештирилген тамактануу да жакшы иммунитеттин калыптанышына себепкер экенин билдирген.

"Организмде ар кыл витаминдер, антиоксиданттар жетиштүү болушу шарт. Алар биздин организмде терс реакциялардын жүрүшүнө тоскоолдук жаратып, ден соолукту коргоп турат. Бул үчүн, албетте, минералдык заттар менен микроэлементтер керек", — деген Собаева.

Иммунитет үчүн витаминдер өтө пайдалуу. Маселен, С витамини. Ал цитрус өсүмдүктөрүндө — апельсинде, лимондо, грейпфрутта, ит мурунда, чычырканакта, болгар калемпиринде, капустада жана чөп-чарда (ашкөк менен путрушка) көп.

Лечение простуды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2021
Дарыгер суук тийген кишини дарылоодогу негизги каталарды санап берди
Мындан сырткары, адам жеген азыктарына витаминдердин ичинен — A (руккола менен ашкөктү) жана D (каймак май, сыр, жумуртканын сарысын, икра, козу карын) түрүн кошуусу керек.

Кишинин организминде коргоочу функцияларды омега-3кө ширелген май кислоталары да аткарат. Ал сардина, треска, лосось (форель, семга) балыктарында көп болот. Е витамини эң маанилүү антиоксидант экенин белгилеген дарыгер жаңгакты күнүнө 30 граммдан жеп турууну эскерткен.

Организмде иммундук клеткаларды калыптандырууда маанилүү роль ойногон селен заты деңиз азыктары менен балыктарда, козу карында, жаңгакта, семичкеде кездешет. Дарыгер дагы эң керектүү зат цинк экендигин, ал деңиз балыгында, этте, креветкада, козу карында, сырда жана жаңгакта болорун айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0