00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Курорты и санатории: как идет реконструкция и за чей счет?
08:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жана Кыргызстандын көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан жана желим таштандылардан арылтуу
09:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Рост товарооборота и новые инвестиционные проекты — беседа с торговым представителем РФ в КР
10:04
24 мин
Тема дня
Как дефицит воды меняет сельское хозяйство Кыргызстана
10:31
22 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салуу күчүнө кирди — иш кандай жүрүп жатат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Эл ырчысы Эстебес Турсуналиев 90 жашка чыкмак. Акындын сүрөттөгү элеси

Жазылуу
Кыргыз элинин залкар төкмөлөрү Калык Акиев, Осмонкул Бөлөбалаев, Алымкул Үсөнбаев баштаган акындардын шакирти аталган төкмө Эстебес Турсуналиев көзү тирүү болгондо быйыл 5-майда 90 жашка чыкмак.

Эстебес Турсуналиев 1931-жылы 5-майда Талас облусунун Манас районуна караштуу Кара-Арча айылында туулган. Атасы Турсуналы мыкты комузчу, апасы Арпаян укмуш кошокчу болгон. Бул киши тогуз жашынан комуз черте баштаган экен. Атасы да мыкты комузчу болгондуктан айылдагы комузду жакшы чапкан кишиге айтып, уулуна атайын комуз чаптырып берет.

Апасы көп бала төрөсө да, балдары токтобой жүрүп, акыры бир уул, бир кыздуу гана болушкан экен. Ошондон улам Эстебес Турсуналиевдин жалгыз бир тууганы, эжеси гана болгон.

Акындын бала чагы согуштан кийинки кыйын заманга туш келет.

"Апасы кырманда иштеп, Эстекем кенедейинен атка минип мала тартыптыр. Бир жолу Алымкул Үсөнбаев айылга барып калып, Эстекемди ырдатып көрүп жактырат. Ошентип 14 жашында филармонияга алып келген экен. Ошол убакта филармонияда Осмонкул Бөлөбалаев, Шекербек Шеркулов, Ысмайыл Борончиев, Токтоналы Шабданбаев, Абды Байсабаев өңдүү залкарлар иштеп турат. Алымкул аксакал Эстебести алардын алдында ырдатат. Осмонкул Бөлөбалаев ырын угуп эле "ой Алыке, бул балаңды мага бер" деп сурап, шакирт кылып алат. Алымкул Үсөнбаев ал кезде депутат болуп, командировкага да көп чыкчу эмес да. Осокем ырдап жатканда Эстекем көрүүчүлөрдүн алдыңкы сабына отуруп алчу экен", — деп эскерет жубайы Райкүл Деркембаева.

Убагында залкарларга шакирт болгон Эстебес Турсуналиев кичи мекени Таластан төкмө акын Амантай Кутманалиевди жана ырчы Малик Аликеевди борборго алып келген. Бала кезинде филармонияга келген таланттар учурда КРдин эмгек сиңирген артисти болууга жетишти.

Классик обончу, белгилүү ырчы Токон Эшпаев жубайы менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2021
Созгон сайын үнү ачылып... Токон Эшпаевдин сүрөттө калган элеси
Эстебес Турсуналиев филармониядагы 60 жылга чукул чыгармачылык өмүрүндө төкмөлүк өнөрдү айкалыштырып, "Акындын үнү", "Айтыштар", "Заман жарчысы", "Эскерүүлөр", "Ыр өмүрүм", "Кайыңды" аттуу китептерин жарыкка чыгарган.

Ага "Кыргыз мамлекеттик консерваториясынын фольклор бөлүмүнүн профессору" деген наам ыйгарылган.

"Ардак белгиси" ордени, "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн", В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына "Каарман эмгеги үчүн" медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

Жубайы Райкүл Деркембаева экөө алты уул, эки кызды тарбиялаган. Балдары да чыгармачылыкка жакын.

Төкмө акын 2005-жылы 11-октябрда кан басым оорусунан 74 жаш курагында дүйнө салган.

 

© Sputnik / Георгий Зельма / Медиабанкка өтүүЭстебес Турсуналиев 1931-жылы 5-майда Талас облусунун Манас районуна караштуу Кара-Арча айылында өнөрпоздордун үй-бүлөсүндө туулган
Эстебес Турсуналиев 1931-жылы 5-майда Талас облусунун Манас районуна караштуу Кара-Арча айылында өнөрпоздордун үй-бүлөсүндө туулган - Sputnik Кыргызстан
1/12
Эстебес Турсуналиев 1931-жылы 5-майда Талас облусунун Манас районуна караштуу Кара-Арча айылында өнөрпоздордун үй-бүлөсүндө туулган
© Фото / из семейного архива ТурсуналиевыхТөкмө акындын энеси Арпаян элдик оозеки чыгармачылыгын мыкты билген жомокчу жана кошокчу болгон
Төкмө акындын энеси Арпаян элдик оозеки чыгармачылыгын мыкты билген жомокчу жана кошокчу болгон - Sputnik Кыргызстан
2/12
Төкмө акындын энеси Арпаян элдик оозеки чыгармачылыгын мыкты билген жомокчу жана кошокчу болгон
© Фото / из семейного архива ТурсуналиевыхЭстебес Турсуналиевдин жубайы Райкүл Деркембаева кыздары жана неберелери менен
Эстебес Турсуналиевдин жубайы Райкүл Деркембаева кыздары жана неберелери менен - Sputnik Кыргызстан
3/12
Эстебес Турсуналиевдин жубайы Райкүл Деркембаева кыздары жана неберелери менен
© Фото / из семейного архива ТурсуналиевыхУлуу талант төкмөлүктөн тышкары балык уулаганды да абдан жакшы көрчү
Улуу талант төкмөлүктөн тышкары балык уулаганды да абдан жакшы көрчү - Sputnik Кыргызстан
4/12
Улуу талант төкмөлүктөн тышкары балык уулаганды да абдан жакшы көрчү
© Фото / из семейного архива ТурсуналиевыхТурсуналиев фольклордук топ менен бирге Индия, Бельгия, Швеция, Франция жана Япония сыяктуу ондогон өлкөлөрдө гастролдо болгон.
Турсуналиев фольклордук топ менен бирге Индия, Бельгия, Швеция, Франция жана Япония сыяктуу ондогон өлкөлөрдө гастролдо болгон. - Sputnik Кыргызстан
5/12
Турсуналиев фольклордук топ менен бирге Индия, Бельгия, Швеция, Франция жана Япония сыяктуу ондогон өлкөлөрдө гастролдо болгон.
© Фото / из семейного архива ТурсуналиевыхЭстебес Турсуналиев менен Токтосун Тыныбеков экөө элүүдөй айтыштарды жараткан
Эстебес Турсуналиев менен Токтосун Тыныбеков экөө элүүдөй айтыштарды жараткан - Sputnik Кыргызстан
6/12
Эстебес Турсуналиев менен Токтосун Тыныбеков экөө элүүдөй айтыштарды жараткан
© Фото / из семейного архива ТурсуналиевыхЖубайы Райкүл апа менен сегиз баланын ата-энеси болушкан
Жубайы Райкүл апа менен сегиз баланын ата-энеси болушкан - Sputnik Кыргызстан
7/12
Жубайы Райкүл апа менен сегиз баланын ата-энеси болушкан
© Фото / из семейного архива ТурсуналиевыхУлуттук филармонияда эмгектенип жүргөн кезинде "Эл ырчысы Эстебес" фольклордук тобун уюштуруп, жетектеп, кыргыздын бир топ таланттуу уул-кыздарын тарбиялаган
Улуттук филармонияда эмгектенип жүргөн кезинде Эл ырчысы Эстебес фольклордук тобун уюштуруп, жетектеп, кыргыздын бир топ таланттуу уул-кыздарын тарбиялаган - Sputnik Кыргызстан
8/12
Улуттук филармонияда эмгектенип жүргөн кезинде "Эл ырчысы Эстебес" фольклордук тобун уюштуруп, жетектеп, кыргыздын бир топ таланттуу уул-кыздарын тарбиялаган
© Фото / из семейного архива ТурсуналиевыхТөкмө 1967-жылдан бери СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик жана эл аралык "Руханият" сыйлыктары, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамоталары ыйгарылган.
Төкмө 1967-жылдан бери СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик жана эл аралык Руханият сыйлыктары, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамоталары ыйгарылган. - Sputnik Кыргызстан
9/12
Төкмө 1967-жылдан бери СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик жана эл аралык "Руханият" сыйлыктары, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамоталары ыйгарылган.
© Фото / из семейного архива ТурсуналиевыхУлуу жазуучу Чыңгыз Айтматов менен да пикирлеш болгон
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов менен да пикирлеш болгон - Sputnik Кыргызстан
10/12
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов менен да пикирлеш болгон
© Фото / из семейного архива ТурсуналиевыхАкын Кыргыз ССРинин жана СССРдин эл артисти. Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышында депутаттыкты аркалаган
Акын Кыргыз ССРинин жана СССРдин эл артисти. Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышында депутаттыкты аркалаган - Sputnik Кыргызстан
11/12
Акын Кыргыз ССРинин жана СССРдин эл артисти. Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышында депутаттыкты аркалаган
© Фото / из семейного архива ТурсуналиевыхСССРдин эл артисти Эстебес Турсуналиев көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак. Залкар акын 2005-жылы 11-октябрда 74 жаш курагында дүйнө салган.
СССРдин эл артисти Эстебес Турсуналиев көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак. Залкар акын 2005-жылы 11-октябрда 74 жаш курагында дүйнө салган. - Sputnik Кыргызстан
12/12
СССРдин эл артисти Эстебес Турсуналиев көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак. Залкар акын 2005-жылы 11-октябрда 74 жаш курагында дүйнө салган.
Жаңылыктар түрмөгү
0