Суваналиев Согдинин башчысы менен сүйлөштү. Бийлик элди тароого чакырып жатат

© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Баткенской областиӨкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев. Архив
Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Жазылуу
Бийлик башчылары абал күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө экенин белгилеп, элди үйлөрүнө тарап кетүүгө чакырып жатышат.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында облус жетекчилигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, Суваналиев коңшу өлкөдөгү кесиптеши менен бүгүн, 29-апрелде, чек арадагы кырдаалды турукташтыруу боюнча телефон аркылуу эки ирет сүйлөшкөн.
Аймакта эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да жолугуп жатканы айтылат.
"Облус жетекчисинин биринчи орун басары Маруфхан Тулаев жана Баткен районунун акими Акылбек Орозовдор чек арада топтолгон жарандарга маселени сүйлөшүү жолу менен чечүү үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын айтып, элге кырдаалды курчутпоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле абал күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө экенин белгилеп, элди үйлөрүнө тарап кетүүгө чакырып жатышат", — деп айтылат маалыматта.
Баткен районунда жаралган кырдаалга байланыштуу башка чек аралаш аймактын тургундары арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Баткендеги жаңжал

28-апрель күнү күндүз Баткен районунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Чыр-чатак тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагынан шагыл жүктөп, мамыларга видеокөзөмөл орнотууга киришкенден кийин башталган.
Президент Садыр Жапаров УКМК башчысы Камчыбек Ташиев менен жолугушуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Чек ара чыры: тургундар Жапаров, Ташиев, Мариповдун келишин талап кылууда
Ошондон кийин аталган аймакка эки тараптан 100-150дөй киши чогулуп, бири-бирин ташка алган. Кечке маал абал салыштырмалуу турукташып, бирок таңга жуук кайрадан курчуган.
Окуя учурунда төрт кыргызстандык жаракат алып, алардын ичинен бирөөнө ок тийип оор абалда жатат. Ошол эле учурда тажик тарап жети адамга таш тийип жабыркаганын айтууда.
Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт, бүгүнкү күндө анын 504 чакырымы гана такталган. Эки өлкө эгемендүүлүк алгандан бери 70 талаштуу аймактын тагдырын чече албай келет.
Чек арада ушу тапта абал кандай болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0