Депутаттар парламентке ички иштер министрин чакырууну талап кылууда

© Sputnik / Табылды КадырбековИчки иштер министри Уланбек Ниязбеков. Архив
Ички иштер министри Уланбек Ниязбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2021
Жазылуу
Соңунда министрди чакыруу күн тартибине киргизүүгө добуш берилди. Бирок ал качанкыга чакырылганы айтылган жок.
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн ички иштер министри Уланбек Ниязбековду чакырууну талап кылууда.
Эл өкүлү Дастан Бекешев бул маселени күн тартибине киргизүүнү сунуштады.
"Ушул жерде отургандар, жалпы коомчулук Ички иштер министрлиги кандай иштегенине аябай тынчсызданып турабыз. Алар өз убагында реакция кылган эмес. Биз бул маселени карашыбыз керек. Мындай шалаакылык, бейкапарлыгы үчүн керек болсо министр кызмат ордуна ылайыктуубу деген маселени карашыбыз зарыл", — деди Бекешев.
Ал эми Натилья Никитенко бүгүн бул окуяны карабай коюуга парламенттин моралдык укугу жок экенин белгиледи.
"Урматтуу кесиптештер, ушул маселени күн тартибине киргизүүнү колдоп бериңиздер. Министрдин маалыматын угуп, тиешелүү чечим кабыл алалы. Жогорку Кеңеш өз баасын бериши керек", — деди Никитенко.
Депутат Айсулуу Мамашова бул маселени төрага биринчи болуп көтөрбөгүнө нааразычылыгын билдирди.
Соңунда спикер Талант Мамытов буга каршы эместигин айтып, сунуштарды эске алуу менен күн тартибине киргизүүгө добуш берилди. Бирок ички иштер министри качанкыга чакырылганы айтылган жок.

Ала качууга дуушар болуп көз жумган Айзада

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев парламенттин жыйынына ала качууну жектеген плакат көтөрүп келди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2021
Ала качуу — кылмыш! Депутат парламент жыйынына плакат көтөрүп келди

Эске салсак, 5-апрель күнү эртең менен саат 7:00 чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч бала 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү унаага салып кеткен. Кыздын туугандары аны ошол эле күнү издеп башташкан. Биринчи май райондук милицияга саат 7:30да кабарлаган. Бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болуп, эртеси ЖМКларга кайрылышкан.

Ал эми 7-апрелде изделип жаткан автоунаа Чүйдөгү Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосунан табылган. Ал тууралуу милицияга жергиликтүү чабан кабар берген.
Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана 36 жаштагы кишинин бычакталган сөөгү табылган.
Кечинде кызды ала качууга катыштыгы бар делип бир шектүү кармалды.
Жаңылыктар түрмөгү
0